БИЙЛИКТИН, БАЙЛЫКТЫН КУЛУ ЭМЕС, АЛА-ТООНУН УУЛУ, ӨЗ ЭЛИНИН КУЛУ БОЛУУ – ЧОҢ БАКЫТ

Мамлекет башчысын тандоо ошол өлкөнүн жана анда жашаган элдин тагдырын бир адамга ишенип тапшырууга тете жооптуу милдет эмеспи. КСДПнын 16-съездинде республикабыздын булуң-бурчунан келген 700гө чукул делегат дал ушундай жооптуу кызматка – президенттикке ат салышуу үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан көрсөтүштү. Съездде сөз сүйлөгөн Сооронбай Жээнбеков зор ишеним артканы үчүн партиялаштарына терең ыраазычылыгын билдирди. Анын куру убадалар менен курсак тойгузбай, реалдуу аткарылган иштери, алдыдагы пландары жана программасы менен тааныштырганы жалпы катышуучулардын купулуна толду.

Демократиянын шарапаты менен жаандан кийинки козу карындай жайнап кеткен партиялардын ичинен карт тарыхы бар, элге, мамлекетке эмгеги сиңгендери саналуу гана. Алардын бири КСДП. Бул партия өзүнүн карманган позициясы, ишмердүүлүгү менен элге жакын. КСДП жеке партиялык кызыкчылык үчүн мамлекеттик кызыкчылыкты садага чапкан эмес. Сооронбай Шарипович сөзүндө ушул жагдайга токтолду. Ал ар бир саясий партиянын максаты – өз эмгеги аркылуу элдин калың катмарынын колдоосуна ээ болуу экендигин белгилеп өттү. "Азыркы учурда элдин партиябызга болгон ишеними, зор үмүтү ар бириңердин, катардагы ар бир мүчөнүн жана партияны негиздеген, түптөгөн лидери урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин тарыхый тагдыры, мээнети",- деп белгиледи С.Жээнбеков.
Ооба, партияны түптөгөн лидер бүгүнкү күндө Кыргызстанды татыктуу жетектеп жаткан Алмазбек Атамбаев. Анын талыкпаган эмгеги, бекем тутунган позициясынын натыйжасында КСДП алдыңкы сапка чыкты. Анан, албетте, партиянын кадыр-барктуу, салмактуу болушуна анын ар бир мүчөсүнүн кошкон салымы бар. Бул өңүттөн алып караганда, Сооронбай Жээнбековдун орду өзгөчө. Ал саясат айдыңына кадам шилтеген күндөн тартып тагдырын КСДПга байлаган, саясий туруктуулугун, бекем позициясын көрсөттү. Оор мезгилдерде да, ийгилик жылмайган күндөрдө да КСДП менен бирге келатат. Ар кандай шайлоолордун алдында акчасын мол камдап алып, мүмкүнчүлүгү бар партиялардын босогосун сагалап чуркаган саясатчылар көп. Мүдөөсүнө жеткен соң позициясын кескин өзгөртүп кеткендери андан көп.
Туруктуулук тууралуу кеп салганыбыздын жүйөсү бар. "Өлкөнү жетектемекчимин" деген инсандын саясий жактан туруктуулугу, анын бардык иштин оор-жеңилине карабай бирдей чыдап, аны чечүүнүн жолун таба ала тургандыгы өтө маанилүү. Мындай сапаттагы адам президенттикке шайланса мамлекеттин ар тараптан туруктуу болуп, алдыга карай жылышын камсыздайт. Ишти мактаныч менен эмес, натыйжа менен көргөзүү керек.
2010-жылдагы Апрель окуясынан бери бир нече ирет өкмөт башчысы алмашты. Экс-премьерлердин ичинен ишти жасабай туруп эле алдын ала пиарын жүргүзүп, опол тоодой эмгек жасап койгондой көкүрөк каккылагандары да кездешти. Көкүрөгүн ургулап жатып Жогорку Кеңешке жылдык отчёт бергенге жетпей жыдыгандары да болду. Ал эми Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөттүн өткөн жылга карата берген отчётун быйыл апрелде эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү колдоого алышты. Албетте, бул сыпайыгерчилик үчүн же "колдоп коёлучу" дегендик болбогонун акыркы бир жарым жылдан берки экономикалык көрсөткүчтөрдө болуп жаткан өсүүлөр айкын далилдеп турат. Премьер-министр муну съездде так сандар менен айтып берди. Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, кыйынчылыктарга карабастан экономика тармагында өнүгүү орун алган. "2016-жылдын апрелинде өкмөт дайындалып, мен премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүң продукт 4,9 пайызга, өнөр жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. Биз бул кырдаалды оңдоп, экономиканын өсүшүн камсыздадык. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө карабастан, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында биз экономикалык жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. 2016-жылдын жыйынтыгы менен жалпы экономикабыз 3,8 пайызга, ал эми өнөр жай дээрлик 5 пайызга өстү. Быйыл да өсүү динамикасы сакталды. 2017-жылдын алты айында ички дүң продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. Былтыр ушул мезгилде 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорт 30 пайызга өстү",- деди ал.
Кыска убакыт аралыгында өкмөт башчылык кызматта мына ушундай ийгилик жарата алган жетекчи башка жоопкерчиликтүү кызматка да толук бышып жетилип калган деп айтууга болот.

ПРЕЗИДЕНТТИК МАНСАП ЭМЕС, ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК

Сооронбай Жээнбеков съезддеги сөзүндө президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү үчүн партиялаштарына ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле президенттик шайлоодо эл зор ишеним артса, элдин ишенимин актаганга дарамети, тажрыйбасы жетерин айтты. Ушул жашка келгенге чейин турмуштун көп ачуу-таттуусун татып, далай сыноолорду башынан кечиргенин баса белгилеген Сооронбай Жээнбеков достук, жолдошчулуктун баарын көргөнүн кошумчалады. Акылга, тажрыйбага, билимге толуп турганын жашырбаган КСДПнын талапкери Кыргызстаныбыз үчүн талыкпай кызмат кылууга даяр экенин билдирди. "Бала чагымдан жерге жакын өстүм, ат жалында чоңойдум, мал бактым, жер сугардым. Кыргызстандын мен барбаган айылы, району калган жок, ар бир жердин маселесин билем. Карапайым адамдын санаасы, көйгөйү, кубанычы мага тааныш, элдин турмушун жакшы билем. Жараткандын колдоосу менен, эл ишенген, президентибиз тапшырган кызматтарда адал иштеп келдим. Менин негизги максатым – элиме, жериме ак кызматымды улантуу. Эл ишенимине, алкышына ээ болуу, аны актоо – мен үчүн намыстын иши!"- деди өкмөт башчысы.
Сөзүн андан ары улаган Сооронбай Жээнбеков бул өзүнө тагылган чоң жоопкерчилик экенин жакшы түшүнөрүн, ал – Алмазбек Шаршенович Атамбаев баштаган оң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын улантуу, жетишкендиктерибизди сактап жана көбөйтүү жоопкерчилиги экенин белгиледи. "Бул жоопкерчиликти моюнума алып, элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого күч-кубатым, дараметим, намысым жетет! Кыскасы, мен даярмын!"- деген Сооронбай Шарипович мекенине ак кызмат кыларын мындайча кошумчалады: "Элдин уулу катары, Кыргыздын жараны катары айтарым: Мекениме ак кызмат кылам! Адилеттикти туу тутам, кландык, жердештик, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга жол бербейм. Байлыктын кулу болбойм, элдин кулу болом деп куттуу трибунадан сөз берем! Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги үчүн билимимди, тажрыйбамды, күч-кубатымды жумшайм. Ала-Тоонун уулу болуп, өз элимдин кулу болуп кызмат кылууга мен даярмын!"
Ооба, Сооронбай Шарипович буга чейинки өзүнүн эмгек жолунда түрдүү мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалап, республикабыздын бардык аймактарында болуп келген. Андыктан ар бир региондо кандай көйгөйлөр бар экендигин эң сонун билет. Карапайым элге өтө жакын.
КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары расмий көрсөттү. Эми тандоо элде калды...

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан