БАКТЫЛУУ КАРЫЛЫКТАН АБАККА. 83 ЖАШТАГЫ КАРЫЯ БАЙБИЧЕСИН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП КАРМАЛДЫ

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ОШОЛ УБАКТА МАС БОЛГОН"

Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2017-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 18:40тар чамасында Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз аял канга боёлуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып каза болгон 1938-жылы туулган Арзикан Мурзаева аттуу аял экендиги, ал моюнуна сайылган бычактан улам каза болгону аныкталган. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары маркумдун Т.М. аттуу 83 жаштагы күйөөсү кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө "Ошол күнү кызуу болчумун. Кемпирим экөөбүз тамактанып отуруп айтыша кеттик. Мен аны "малды убагында карап, чөп-суусун берип койбойсуңбу?" деп уруштум. Ал каяша айтканда токтоно албай столдун үстүндөгү бычак менен кулак түпкө сайып жибергем. Ал кыйкырган бойдон эшикке качып кеткен" деп көрсөтмө берген. Маркум канжалаган абалда көчөгө чыгып, жардам сураптыр. Көп кан жоготкондуктан үйүнүн алдына кулап, ошол жерден көз жумган. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук экспертизалар дайындалган. Экспертизанын алгачкы корутундусунда кылмышка шектүү Т.М. ошол учурда мас болгондугу аныкталган.

"АКЫРКЫ 3 ЖЫЛДАН БЕРИ ҮЙҮБҮЗДӨН ЖАМАНЧЫЛЫК КЕТПЕЙ КОЙДУ"

Бул жубайлардын кызы Жыпара Мырзакеевага байланышканыбызда ал "бул азапты душманыма да каалабайм" деп буларды айтып берди:
– Атам менен апамдын баш кошуп, түтүн булатканына 58 жыл болуптур. Атам колу жөндөмдүү, уста киши. Ал Ош шаарындагы Жол куруу башкармалыгында бригадир болуп иштеген. 10 жылдан ашык шаардагы ардак тактада сүрөтү илинген ардактуу инсан. Апам болсо Алымбек датканын неберелеринен. Ал өжөр, айтканынан кайтпаган адам эле. Апам экөө 4 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүштү. Акыркы 3 жылдан бери биздин үй-бүлөдө жаманчылыктар көп болуп кетти. Катарынан 2 уул, 1 кызынан айрылуу эне-ата үчүн оор тура. Инимдин каза болгонуна жыл айланбай эми минтип энебизден айрылдык.
Акыркы кездери ата-энем каза болгон байкемдин уулу менен бул үйдө чогуу жашап жатышкан. Байкемди болсо 5 жыл мурун Орусияда бирөөлөр сабап, эшикке таштап салышкан эле. Ошондо эки бутун үшүк алып, анын айынан оорукчан болуп жүрүп, 28-майда көз жумган.

"АТАМДЫ КУТКАРУУГА АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ"

– Өзүм медайым болуп иштейм. Ошол каргашалуу күнү кечки саат 6ларда жумуштан чыгып келе жатсам, иним телефон чалып "атам апама бычак уруп коюптур" деди. Келсем үйдө милиция кызматкерлери толтура экен, апам болсо жерде жатыптыр. "Мал карабайсың" деген сөздөрдөн улам уруш болгонуна ишенбейм, аны атам айтпайт болчу. Менин оюмча атам менен апамдын ортосунда пенсия тууралуу уруш болушу мүмкүн. Себеби атам көп баса албагандыгынан пенсиясын апам барып алып турчу эле. Анын үстүнө апамдын урушту баштап койчу жайы бар болчу. Жакын жашагандыктан мен каралашып, кечки тамактарын жасап берип, чогуу ичип эле жүрчүбүз. Экөө ата-энем болгондуктан бизге катуу тийүүдө. Атамды деле каматып жиберели деген оюбуз жок. Ал кишинин өсөрү калган жок, өлөрү эле калды. Болгон малын сатып, атамды куткарууга аракет кылабыз.

"КАРЫЯГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ЖАЗА БЕРИШСЕ ЭКЕН"

Жапалак айылынын айыл башчысы Алмазбек Хасанов "кылмышка шектүү аксакалга жазасын жеңилдетүү иши каралса" дейт.
– Бул аксакал момун, бирөөгө жамандыгы жок, уста адам. Акыркы жылдары катарынан балдарынын каза болгону ага катуу тийди окшойт, ичкиликке берилип баратканы соңку кездерде байкалып жаткан. Мен жеке атымдан укук коргоо органдарына карыяга жеңилдетилген жаза беришсе деп суранат элем. Балдарынын деле ага каршылыгы жок экен.

КАНДУУ ОКУЯДАН УЛАМ АЙЫЛДА СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИНИН САТЫЛЫШЫНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кандуу окуядан кийин Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу 13 айылда спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салынганын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын башчысы Санжар Эшманов билдирди:
– Бул окуядан кийин оор кылмыштардын болушуна арак себепчи экенин карапайым калк түшүндү көрүнөт. Мындан ары Жапалак айыл өкмөтүндө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Мындай көрүнүштөр кайталана берчү болсо 5 миңден 50 миң, 100 миң сомго чейин айып салынат деп чечтик.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Yamur
2017-07-25 10:23:52
Аллах колдосун баарыбызды
+8
AykaMer
2017-07-25 13:23:40
Кудай сактай кор,жаштардан эми карыларга отуптур да бул акмакчылык...
+1
Altysha89
2017-07-25 14:21:27
Баарыбызга ыйман ынсап берсин. ичимдик сатып балдарын бакбай эле койушса болот. Жашоодо болуп жаткан кырсык өлум житимдин 80/90%аты жаман арактын айынан,пайдасы тийбеген нерсенин кереги кимге. Пайгамбар жашында жакшы иш болбоптур. Жакындарына сабыр. ...
+6
sely
2017-07-25 15:49:07
Эхх бул уй було жакшы адамдардан турат мен аларды жакындан билем Арзикан эненин жаткан жери жайлуу болсун Ташполот ава ото кичи пейил Жан дуйносу таза Адам болчу жакындарына сабыр тилейм мындай каргашаны эч кимдин мандайына жазбасын.
+5
Kuba-savai87
2017-07-25 19:41:26
Ноктосу жок жиби жок, байлап алдын жуз грамм,
Корустонго турмого айдап алдын жуз грамм.
Ушунун баарын сен кылдын
ХХХ жуз грамм
+1
elif
2017-07-25 20:06:58
Кудай сактасын,арак менен шайтан дос деген чындык да,аты чыккан канкорлор деле турмого камалбай 2 ай жатып чыгып кетип атышат,бул чыкса эмнеге болбосун.
А айылда арак саттырбай эн сонун жыйынтык чыгарышыптыр,баардык жерде сатышына тыюу салыныш керек!
0
Elif2015
2017-07-25 22:07:01
Эх абдаан өкунучтуу ...Кырсык каш кабактын ортосунда .
+1
Aidan88
2017-07-25 22:32:43
Kandai bolgon kunu da ata ene da,enesinen ajyrap oturushsa,atasyn da jamandykka kantip kyisin.ushul ichilik degen nerselerdi takyr jok kylyshsa eken.
+1
janko98
2017-07-26 01:07:25
Ичимдикти баардык жерде сатыктан алдырса жакшы болмок.
+2
Jamalym
2017-07-26 23:36:31
Ынсап берсин баардык адамга аялына да эркегине да.Эми бул аксакалды уй камагына эле чыгарып коюшса жакшы болмок.
+3
Uzakova.Z.A
2017-07-27 17:32:35
Супер кийин аксакал жонундо жыйынтык чыкканда жазып койгулачы
+2
admin_superstan
2017-07-31 12:32:51
Uzakova.Z.A, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
sonisoni
2017-07-28 00:28:10
Жаш карыга ынсап ыйман берсин.Жакшы иш болбоптур.....
0
Taalaibekov.ch
2017-07-28 05:23:18
Аксакалды камабай эле койушсунчу себеби, ушунча жыл бирге омур сургон, баардык ширин бактылуу кундорун бирге откоргон суйуктуусуно, адашып жанылып бычак уруп алганын озу да билген эмес и каалаган да эмес, мен билем ансыз да бул атанын калган омуру азапта отот, суйуктуу жубайынан жана Аллахтан кечирим суроо менен отот. Суранарым бул кишини капабагыла бул киши турмодон да жаман азаптын торуна эбак камалды...
+2
belka
2017-07-28 15:23:44
Ичип келген болсо неге ичесиң ж.б.дейбиз да аял киши,ошентип урушуп кетишкен го.
0
munduz2016
2017-07-30 10:56:30
Россияда эрте мн 8ден баштап гана уруксат сатканга.Кыргызстаныбызда каалаган маалыңда табасың .
Жакындарына сабыр берсин
0
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан