Өзүнүн айтып бере алгыс дүйнөсүндө жашап, ойлогон ой-мүдөөсүн, айланадагы сулуулукту кагаз бетине түшүргөн сүрөтчүлөрдүн арасында Төлгөбек Койчуманов да бар. Эс тартканы кыл калемди тандаган каарманыбыз бизди өзүнүн иш бөлмөсүндө күтүп алды. Ар бири өзүнчө философияны камтыган сүрөттөрүнүн арасында Төлгөбек мырза суроолорубузга төгүлүп-чачылып жооп берип жатты...
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Койчуманов Төлгөбек Сагындыкович
Туулган жылы – 1986-жыл, 9-август
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Коңур-Өлөң айылы
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын төртүнчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Сүрөтчү
"ЖАСАЙ АЛБАЙМ, БААРЫ БИР АЯГЫНА ЧЫКПАЙМ ДЕП ЖИНИМ КЕЛИП..."
– Көбүнө белгилүү болгон "Аку" тасмасына жалпысы 2 жылга чейин убакыт, 90 миң сүрөт (классикалык анимация) сарпталды. Бул ар бир кыймылды кагаз бетине түшүрүү дегендик. "Секундасына 5 сантиметр" аталышындагы япондордун тасмасы катуу таасир берип, "Аку" фильмин жаратуу идеясы келип чыккан. Алардын сакура деген ыйык багы бар го, үзүлүп кетсе, секундасына 5 сантиметр жай каалгып учуп түшөт экен.
"Анимация тартайын деп жатам" десем көбү ишенбейт. Башка кишилер эмес, өзүм жасап жатып да күмөн санаган элем. Көп учурда "жасай албайм, баары бир аягына чыкпайм" деп жиним келип, баарын ыргытып салып кетип калган учурлар болду. Бирок азыркыга чейин эле бул эмгегим тууралуу позитивдүү ойлорду угуп жүрөм.
ЫСЫК-КӨЛГӨ ТААСИРЛЕНГЕН СҮРӨТЧҮ
– Сүрөт тартууну бала кезимден эле баштагам, профессионалдуу түрдө жогорку окуу жайына тапшыргандан кийин кириштим. Үй-бүлөмдө сүрөт өнөрүнө жакын адамдар болгон эмес. Атам комузчу, апам ырдайт. Калем кармап калышыма Ысык-Көлдүн сулуулугу таасир берди. Бала кезимде ар кандай машиналарды, мылтыктарды тарта берчүмүн. 6 жашымдан баштап кагаздан блокнот жасап, ал жакка тартылган сүрөттөрүмдү салчу элем.
"СҮРӨТЧҮЛҮКТӨН ТЫШКАРЫ ГИТАРА ЧЕРТЕМ"
– Бир сүрөтүм 5 миң сомдон өйдө сатылат. Эң кымбат сүрөтүм "Кесилишпеген жолдор" деп аталып, 3 миң долларга бааланган. Эң узак убакытта жасаган эмгегим 2 жылда аяктаган. Аталышы "Семетей" болчу, учурунда аны белекке бергем. Азыр сүрөтчүлүк менен кошо тасма талаасында эмгектенип жүрөм. Чоңураак тасмалардан "Саякбай", "Курманжан датка" тасмаларында сүрөтчү-декоратор болуп иштедим. Андан тышкары коммерциялык көп эле тасмаларда сүрөтчү болдум. Алдыда дагы анимациялык тасма жараткым келет. Ошондой эле өздүк көргөзмө ачайын деген ойлорум бар.
Сүрөтчүлүктөн тышкары гитара чертем. Эч ким жокто өзүнчө кыңылдап калмайым бар (күлүп). Мындан тышкары социалдык тармактын колдонуучулары арасында "КОБ" аттуу долбоорум бар. Долбоордун максаты – коомдогу актуалдуу болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү жаштардын жеңил тили менен чагылдырып берүү. Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында өтө популярдуу.
"КУРСТАШ КЫЗЫМДЫН ПОРТРЕТИН ТАРТЫП АЙЛАСЫН КЕТИРЧҮМҮН"
– Сүрөттүн мыкты тартылышына бир гана сулуулугу менен эмес, башкача кылык-жоруктары менен жүргөн кыздар мага таасир берет. Окуп жүргөндө бир курсташ кызым бар эле. Жакындай албай анын портретин ар кандай кылып тартып айласын кетире берчүмүн. Азыр портреттердин бардыгы өзүндө. Ал сулуу турмушка чыккан, балдары бар. Бирок бул нерсени сүйүү деп айтууга болбосо керек. Адамдардын ичинен бирөө көзүңө урунат, ошондо аны боёкко түшүргүң келет дегендей... Ал эми сүйүү деген башка (ойлонуп)... Ту-уй, ушундай суроо берип салдыңыз, ээ (каткырып)? Менин оюмча, ошол адамдан башка бирөө менен жашооңду элестете албай калуу жана аны менен калган өмүрүңдү жашап өткүң келген сезим. Үй-бүлө туурасында айтсам, 3 балага ата болуп, жубайымдын сүйүктүү жолдошу болгум келет. Бирок болочок түгөйүмдүн сүрөтчү болушун каалабайм (күлүп). Анткени сүрөтчүлөр бири-бирибизди катуу сындайбыз. Андай учурда үйдө көп конфликттер чыгышы мүмкүн.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg