"ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ"
– Мен жакын курбум Базарбү жана анын кызы Гүлизаны издейм. Өзү "аксылыкмын" деп айтып калчу. Тилекке каршы, фамилиясын сураган эмес экенмин. Кызы экөө Ош шаарындагы эжесинин үйүндө турушчу. Ден соолугума байланыштуу Орусиянын Иркутск шаарында 2008-жылдан 2010-жылга чейин жашап калдым. Кайра Ош шаарына келип аларды жашаган жеринен таппай калдым. Биз абдан жакын болгондуктан курбумду кызы экөөнү ошол жылдардан бери издеп келем. Базарбү, эгер гезит бетинен окуп калсаң мага байланыш. Мен өзүңөр келип-кетип жүргөн үйдө эле жашап жатам. "Эски дос эстен кетпейт" деген чын экен, сендей досту таба албай койдум.
Курбуң Анара Асанбекова, тел.: 0771 74 59 12
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28