ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (31-июлдан 6-августка чейин)



КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында өзүңүздү оор сезип, ишке көңүл чаппай жатканын байкайсыз. Финансы маселелери бейшемби күндөрү пайда болот, бирок оң жагына чечилет. Жакын адамыңыздын кеңешине кулак салсаңыз жыйынтыгы жакшы болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Энергияңызды тең салмакта сактоого аракет кылып, иштериңизди туура пландаңыз. Жетекчиликтен сын угууга даяр болуңуз, туура жыйынтык чыгарсаңыз тез эле абалды оңдоп кете аласыз. Кара күч керектеле турган иштерди бул аптада аткарбай эле койгонуңуз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ойноп-күлүп көңүл ачуу убагы келди. Аптада жакын адамыңыздын курчоосунда болуп эс аласыз. Үйдү оңдоп-түзөө, тиричиликти жайгаруу маселелери менен алек болосуз. Апта аягында алыстан жакшы кабар келип сизди кубанычка бөлөйт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эс алуу менен чыгармачылык эргүүнү айкалыштырсаңыз сизге пайда алып келет. Бул үчүн сизге табият коюнуна чыгуу сунушталат. Шаршемби күнү жакшы сунуштар, жаңы долбоорлор күтөт. Эс алууга же тажрыйба алмашууга чет өлкөгө чыгышыңыз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз үчүн активдүү жана жемиштүү апта. Эмгектенүүгө туура келет, жыйынтыгына өзүңүз ыраазы болосуз. Жума күнү кимдир бирөө тузак коюп ишиңизге кедерги болууга аракет кылат. Эл көп жерлерге барбооңузду жылдыздар сунуш кылат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сүйүү жана романтика менен башталган жума сизди баш аламан ойлорго алып келет. Бойдок бийкечтер баш кошуу сунушун алышы мүмкүн. Туугандар арасында пикир келишпестик келип чыгат. Сабырдуу болуп, маселени түшүнүүгө аракет кылыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аң-сезимиңизди өстүрүүгө ылайыктуу апта. Тобокелчиликке барасыз, жыйынтыгы сиз күткөндөн да жакшы болот. Апта аягында акча жаатында маселе жаралышы ыктымал. Бирок жакындарыңыздын жардамы менен бул абалдан чыгып кете аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада шартыңызга карап иш пландаңыз. Энергияңыз, убактыңыз текке кетип маанайыңыз түшөт. Ден соолугуңузда олуттуу маселе жаралышы мүмкүн, алдын алыңыз. Дем алышта сүйүктүүңүздүн иштерин бүтүрүп сыйга татыйсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Финансы жагынан сиз үчүн өтө кирешелүү апта. Күтүлбөгөн акча капчыгыңызга түшүп сизди кубандырат. Кооптуу келишим түзүүдөн, тез чечим чыгаруудан алыс болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Мыйзамдуу иш алып барганга аракет кылыңыз, болбосо маселе жаралышы мүмкүн. Ишиңизде атаандаштык күч алат, эгерде оюңузду жыйынтыктабасаңыз жеңилип калышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сулуулук салондоруна баш багып, келбетиңизге кам көрүү үчүн шарт түзүлөт. Шаршембиде урмат-сыйга татыйсыз. Ишембиде жаңы иш баштоого сунуш түшүүсү күтүлөт. Баш тартпай тизгинди колго алсаңыз, кийинки иштериңизге жакшы шарт түзүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумада сүйлөшүүлөр, жолугушуулар сизге мыкты маанай тартуулайт. Бул сиздин көнүмүш жашооңузга көгүлтүр түс берет. Аптанын экинчи бөлүгүндө аркаңыздан сөз тараткан адамдар менен талашып-тартышып кетесиз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан