«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жамиля уйкудан селт ойгонду. Көзүн бардап ачып алып, бутун жаш балача сыйпалап отурган Ахмедди көрдү. Ал кыздын ойгонуп кеткенин сезип, жүзүнө карап жылмайды. Жылмайганы да ушунчалык денеңди дүркүрөткөндөй коркунучтуу жылмаюу болчу. Денесин майда калтырак басып чыкты.
– Сага эмне болду, Ахмед? Кет, төшөгүңө барып жат,- деди кыз аны алдамакка.
– Сенин бутуң, ойнойм...- өз тилинде ушуларды эптеп түшүндүрдү Ахмед. Ал кежирленгенде такыр сөз укпайт, түртүп чыгарып койгонго алы жетпейт. Бир саат алышып бөлмөсүнөн чыгара албай жүдөдү Жамиля.
– Сен эмне кылып жатасың, ыя? Мени эмнеге ушунчалык кыйнайсың? Эгерде мага, апама акча керек болбогондо мен чыдабайт элем сага? Кет эми, бөлмөңө кетип калчы,- деди ыйламсыраган кыз. Тиги кайдан уксун? Акыл-эси кем болсо да, эркектик бир инстинкт бар да. Жамиля бул үйдүн босогосун аттаганы жанынан жылбайт. Аны кармалап, сылагысы келе берет. Ушундай бир кызыктай сезим, эч кимге түшүнүксүз. Азыр да кыздын тыпырайган буттарын кармалап отура берди. Чыдамы жетпей калган Жамиля болгон үнү менен кыйкырып жиберди.
– Жардамга!
Тез эле топурап Ахмеддин энеси, үй кызматчы, дарыгерлер бөлмөгө чогула калышты. Ахмеддин энеси кызга акырая карады.
– Сен эмне деген кызсың?! Эмнеге сенин төшөгүңдө бул, ыя?!
– Эсма ханым, мен... Өзү келип...- көз жашын жутуп, эмне дээрин билбей, апкаарып калды.
– Эшикти ичинен илип албайт белең?! Түн ичинде бакырып, эмне деген тартипсиз кызсың сен?!- деп кыйкырды Ахмеддин энеси. Кыздын тили байланды, жакшылап түшүндүрүп берейин десе тилди жакшы билбейт, ыйлап туруп бергенден башка чарасы калбады.
– Жүрү, уулум, арстаным менин. Бөлмөңө жат.
– Жок, жок, мен бул жакта калам,- деди жаш балача колун жулуп алган Ахмед.
– Уф-ф, арстаным, бул бөлмөгө эртең келесиң. Азыр түн, өз бөлмөңө баралы,- деди энеси уулунун колунан тартып.
Көптөп жатып көндүрүп алып кетишти. Чыгып бара жатып Эсма акырая дагы бир теше тиктеп өттү, аны туурап башкасы дагы... Баарынын көзүндө бир шектенүү бар эле. Кыз шалдайып отуруп калды. Бул эмне деген көз караш? Беш жашар баладай да акылы жок Ахмед өзү келгенин, анын келесоо кылыктарына сааттар бою чыдаганын билип турушса да, эч ким кызды коргоп сөз айтып коюшпады. Көпкө ыйлап отурган кыз дирт эте ыйын токтотту. "Мен эмнеге ыйлашым керек? Мен буларга тебеленбейм! Мен дагы кызматым үчүн акы алып жатам? Жетишет, мен буларга мал эмесмин" деди өзүнө өзү. Чыйралды. Бырылдап ыйлап отурса эч ким ага боору оорубасын билди. Көкүрөгүндөгү өзүн сыйлоо, адамдык аброй ойгоно түштү.
Эртең менен тамак ичерде ашпозчу картаң аял анын көзүнө үңүлө берип таң кала түштү. Кечээки окуядан кийин уйпаланган, жүдөгөн кызды көрөм деп ойлогон. Анын ордуна чачын тыкан таранып, ишке даяр Жамиляны көрдү. Көзү да тириле түшкөнүн сезди.
"Ушундай кыл, кызым, азаматсың! Сен жүдөп кыйнала бергенден булардын боору ачыбас" деди ичинен. Ошол күндөн тартып Жамиля ойлорун жыйынтыктап, иштерин так, тез аткарып баштады. Кээде буга тиешеси жок жумуштарды деле үстүнө үйүп салып басып кетишчү үй кызматкерлерине эми сылык гана "жок, бул менин ишим эмес, өз ишиңизди өзүңүз кылыңыз" деп жооп бергенди үйрөндү. Өзү жөндөмдүү жан да, тез эле тилди үйрөнүп, кадимкидей шакылдатып сүйлөп калды. Ахмеддин да тилин тапты. Мурун Жамиляга кол көтөрүп жиберчү Ахмед эми аны көрөрү менен жылмайып аркасынан ээрчип алат. Кылба деген нерсесин кылбайт, асылып чач-пачын жулмалап ойнобойт.
Бир айлык маянасы да колго тийди. Бул анын биринчи тапкан акчасы эле, бир тыйынына тийбей апасына жөнөттү. Мекен жайынан кеткен адамдар башка жашоого кандай тездикте көнүшсө, Жамиля да ошондой көнүп калды. Бир гана кыйнаган нерсе бар эле. Ал анын бир адамга болгон сагынычы болчу.

ххх

– Сен кандай немесиң, ыя? Апаңдын абалын кара, меники андан жакшы эмес. Ушунча чарбаны кантип кыймылдатабыз, мал-жан эмне болот?- деп күпүлдөп жаткан атасын карап кол шилтеди Алибек.
– Эк, мал-мал эле дейсиңер, арам өлмөк беле малыңар? Менин жашоом жөнүндө ойлонуп койсоңор боло! Ал кыз...
– Эмне ал кыз? Биз сага "ал кыз менен айрылыш" деп айттыкпы? "Баралы, адамча кудалашалы, келин кылып алалы" дедик. Эмне болду, ал кыз энесинин тилине кирди да кетти. Түркияга кетет имиш. Ал жактан эмне болуп келерин Кудай билет.
– Ата!
– Атаң туура айтат, уулум. Кеткен кыздын аркасынан издеп сага эмне жок? Айылдын кайсы кызына, кимдин кызына десең куда түшөлү. Эч ким сенден да, бизден да баш тартпайт. Унут тигиниңди...
– Апа, унута албайм тигинимди. Ишенесизби, унута албайм... Ой, силер жаш болуп сүйүп көрдүңөр беле, деги? Мен эмне, малмынбы, кимге кошуп койсоңор маарап, ошол менен жашап кете бергидей? Мага Жамилядан башка эч кимдин кереги жок! Болду, менин да акыркы сөзүм бул! Баары бир кетем.
Алибек эшикти шарт жаап чыгып кетти. Жамиляны алмаштырбасын кантип түшүндүрөт ата-энесине? Маа десе, дүйнө сулуусу болсун! Кээде ансыз аба жутуп, тамак ичип жатканына жини келет. "Кетем, издейм, табам! Күз келсин, чөп чабык, мал-жанды жайгарайын. Буларды да минтип таштап кете албайм. Карып да калышты байкуштарым. Аз калды, чыда, Алибек" деп жатты өзүнө өзү. Ал эми убакыт экөөнө каршы иштеп жатканын ал бул учурда билген эмес.
Арзуу көптөн бери маңдайы жарыла сүйүнгөнү ушу. 5 миң сомдук маяна менен иштеген байкуш 700 доллар колуна алганына ишенип-ишенбей жатты. "Азамат, кызым десе, ушинтип чоңоюп апаңа жардам берет деп эч ойлогон эмес элем. Алкаш атаң сыяктуу ак көңүл, ишенчээк, былжырак боюнча калабы дегем. Жок, көрсө, кызым мени тарткан турбайбы" деп кудуңдап жатты. Дароо эмне алып акчаны короторун көз алдына элестетип жатты. "Насыянын жарымын берейин. Калганын Нуриляга кийим, өзүмө... Та-ак, дагы эмне алсам экен? Ашып калса үйгө да бир нерсе алайын" деп пландап бара жатты...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
dinikyz
2017-08-01 10:09:22
Дароо эле кийим эх аял киши ушуда кийимди биринчи орунга койобуз
+6
jama9210
2017-08-01 10:28:02
Азгоооо
+1
Neizvestno777
2017-08-01 11:32:42
Бычак сайып койду беле бул аялга куйоосу
+1
aika2015
2017-08-01 12:31:25
Бычакты жон эле такаган,олгон эмес. Кыргыздар аябай жондомдуу калкпыз ээ?)))"адаптация" жогорку денгээлде. Бир да эл биздей болбосо керек.
+2
AKCAHAT
2017-08-01 18:23:02
Акмак катынго, негизи баарынын акыбалы ушу балдары жебей ичпей акча жонотсо той топурга, маареке кийим кече отуруштарына акчаны олтуро чачмай.
+2
sarter-9301
2017-08-03 12:32:36
AKCAHAT,той топур дейсин, аларга барбай койсо да болбой калатта. Кийин сенда той кылып жакшылык откорсон ошол кошкон акчаларын кайтып келет.
0
tatynakaika1998
2017-08-02 16:09:41
Аягы жакшы бүтсө экен
0
Stshcksishd
2017-08-03 12:38:58
Апасы акмак аял го
0
akonia
2017-08-04 20:02:15
Жакшы
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан