2015-жылы оң рулдуу унаалар менен такси кызматын аткарууга тыюу салган мыйзамдын күчүнө кирүүсүн 2020-жылга чейин узартуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан демилгеленип, ишке ашкан болчу. Эскертип кетсек, 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында "Өнүгүү-Прогресс" партиясы транспорттук ташуу тармагында алектенген миңдеген айдоочуларга мыйзам чегинде иштөөгө мүмкүнчүлүк алып берүүнү убада кылып, ошол эле жылы айткан сөзүн аткарган. Ар бир убадасын ишке ашырып, аягына чейин жеткиргени "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын Бакыт Төрөбаев баш болгон депутаттарына кошумча кадыр-барк гана болуп калды. Шайлоо алдында берген убадаларын аткара албай жүргөндөр "Өнүгүү-Прогресстен" үлгү алышса.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.