(Башталышы өткөн сандарда)
– Салгыла унаага!- Болуш буйрук берди. Көк ала болуп жаткан Дуулат менен Арсенди Гелендвагенге салып, аз өтпөй милиция бөлүмүнө алып барышты.
Баары алдын ала сүйлөшүлгөн окшойт. Кирип келгенде эле милиция кызматкерлери Арсен менен Дуулаттын колуна кишен салып, убактылуу кармоочу жайга камап салышты. Ата-баланын үнүн укчудай киши жок.
– Туй ата, ит эле болду! Болуш эми чыгарттырбайт,- Дуулат үшкүрүнө сүйлөдү. Арсен дымып калган. Анын ичинде сезимдери кайнап жатты. Дубалга жөлөнүп бүрүшүп отура кетти. Белгисиздик, алдыда тунарган белгисиздик.
– Деги эмне болуп кетти? Эми мага түшүндүрчү?!
– Бегимай... Ал менин сүйлөшкөн кызым болчу. Болуш...- Арсен андан ары сүйлөй албай койду. Көкүрөгүн куйкалаган оор жүктү үшкүрүп-үшкүрүп чыгарып алгысы келди. Бирок кандайдыр бир оор жүк улам думуктуруп, айласын кетирип жатты. Дуулат бардыгын түшүндү. Көрсө, Болуш менен Бегимай "тиги" деп тергеп жүрчү адам өз уулу Арсен турбайбы. Тунжурап калды атасы.
Дал ушул учурда темир тордун эшигин каңгыратып ачкан сержант текеберлик менен Дуулатка карап:
– Сен, тергөөчүгө бас!- деп бурк этти.
ххх
– Таак, Дуулат Алымбаев?
– Ооба.
– Эмне бейбаштык кылып жатасыз?- кер муруту жаңы гана чыгып, 25тин кырын эми гана ашкан, толмоч тергөөчү жигиттин бул суроосуна Дуулат ыңгайсызданып кетти. Бейбаштыкты ал мына ушул тергөөчүнүн курагында жасачу. Азырчы? Азыр кайдагы бейбаштык? Эмне деген суроо?
– Чынын айтсам, мен ал окуяны түшүнгөн жокмун. Менин уулум Болуш Сардаровичтин жан сакчысы менен мушташып кетти. Аздан кийин Болуш өзү келип кошулду. Мен керек болсо кол кайтарган жокмун...
– Жок, Дуулат мырза, мен ал жөнүндө сураганым жок. Уулуңуз экөөңүздөр көптөн бери Арча-Бешик конушундагы үйлөрдү тоноп жүргөн турбайсыздарбы? Туурабы? "Бүгүн ошол конуштан кармалды" дешти го. Сиздин үстүңүздөн 1 эмес, 3 арыз түшкөн.
– Кайдагыны айтып жатасың?- Дуулат чочуп элейди.
– Кайдагыны айтмак элем, болгонун айтып жатам. Мына,- ак кагаздарды сейфтин үстүнөн алып столуна таштады.
– Кандай кыласыз? Болгонун болгондой айтсаңыз жазасы жеңилирээк болот.
– Эч кандай андай болгон эмес. Мунун баарын Болуш кылды да, туурабы? Ал ошол жашка келип менин уулумдан кыз талашып бети жоктук кылды. Жигитче ал маселени чечип алса болмок, ырас, ошентип өзүн жаш сезсе. Балээниби? Ал антпейт да. Өзү арыз жазган жок. Элге шерменде болгусу келбеди. Эптеп бир нерсе чүргөп камап сал деди да, ээ?
– Жомок. Кылмышкердин биринчи коргонуусу ушинтип жомок айтмай. Моюнуңузга алгыңыз келбейт го. Бирок сизди карап туруп эле ким экениңизди көрүп турам. Керек болсо адам өлтүрүүдөн кайра тартпаган неме экенсиз. Уурулук, тоноо деген сизге баланын иши окшойт. Адам өлтүргөн деп үстүңүздөн арыз түшсө деле таң калбайм!- тергөөчү акылдуусунуп кыйытып сүйлөп жатты.
– Минткен болбойт да. Сен мага кагаз бер, мен Болуштун үстүнөн арыз жазам.
– Эмне? Кайсы Болуш?
– Анткорлонбо!- Дуулат кекенди.
– Эй, алып кеткиле могуну!
Дуулатты темир торго алып келишкенде Арсенди тергөөчүгө алып кетишиптир. Ал жок экен. Бул убакта жигит тергөөчүнүн кытмырланып сүйлөгөнүн тыңдап отурган. Акыры тергөөчүнү угуп бүтүп:
– Кыскасы, мени камашыңыз керек экен да, ээ?- деп суроолуу тиктеди.
– Ууру түрмөдө отуруш керек!
– Атыңыз ким?
– Эсен Кабылович деп кайрыла бер.
– Эсен Кабылович, мени камай бер! Канча иш чүргөсөң чүргө! Бирок атамды коё бер. Көрдүң го, карыган киши. Ачык эле сүйлөшөлү, сени менен сүйлөштүргүдөй таанышым деле жок. Ачыгы атамдын чыкканы сага жакшы. Ал эртең сага өзүнүн боштондугу үчүн 2 миң доллар алып келип берет. Жаңы эле банктан насыя алган, үйдү бир аз оңдоп-түзөйм деп. Акчасы бар. Кам санаба!
– Ачык болсо, демек, ачык сүйлөшөлү. Уурулук, тоноо боюнча эки иш бар. Моюнуңа ал! Атаң чыккандан кийин чөптөн жапыз, суудан тынч болушу керек! Ошентип түшүндүр. Түшүнүктүү эле бала окшойсуң өзүң.
– Келиштик.
Тергөөчү иштин оңой бүткөнүнө сүйүндү. Ага жаңы эле өлкөгө аттын кашкасындай таанымал болгон ишкер Болуш Сардарович өзү келип 2 миң доллар тапшырып кеткен. "Камап кой деп айтпайм. Бирок Болуштун ким экенин көрсөтүп койчу" деп колун кыскан болчу. Эми Болуш берген 2 миңдин үстүнө дагы 2 миң кошулганы турат. "Куш" кармады" деп коюшат муну өз ара.
ххх
– Ата, сенин чыкканың туура болот. Сен азыр арыз жазам, аны-муну дегениң менен, экөөбүздү эч ким укпайт. Заман ушундай болуп турат. Акча сүйлөйт азыр.
– Заман эмес, заман эмес...
– Ата, бардыгын тергөөчүнүн айтканындай кыл. Өткөндө насыяга алган 2 миң долларыңды бер. Үйдү кийин оңдоп-түзөйбүз.
– Сени таштап кантип чыгам?- Дуулат мукактанып көзүнө жаш алды.
– Сен чыгышың керек. Кийин мени чыгарып аласың. Дагы бир жолдору бар чыгар...
ххх
Сот болмок, бирок кийинкиге жылып кетти. Эки айдан бери эле ушул. Тергөөчүнүн, прокурордун, соттун "оюндары". Алар Арсенден акча үмүт кылып жүрүшөт. Дуулат күн сайын тергөөчүгө каттап "Мына, аз калды, СИЗОдо бир аз кармай тур. Ары жакка киргизе көрбө. Акча таптым дегенче көтөрүп келем" деп жалдыраганы жалдыраган. Арсенге баары бир сыяктуу. Мурунку Арсен жок азыр. Бир чекитти тиктеп, ой басып калган. Бир нерсени башында бышырып жүргөндөй.
– Дагы ушинтип 3 ай жүрсөң, мөөнөтүң деле бүтүп калчудай...- өз ара "хата" деп коюшчу кичинекей бөлмөгө кирип келгенде чымыр денелүү Чыңгыз жылмая сүйлөдү. Бул жакка түшкөндөн тарта Арсен ушул жигит менен гана сүйлөшөт. Балким, жаштары тең болгон үчүнбү, айтор, экөө тил табышып кетишкен. Чыңгыз бир ишкерди тоноп жибергени үчүн камалган. Сотун күтүп жүрөт.
– Атам, апама гана убал болду...
– Кейибе, дос, бул күн да өтөт.
– Бирок чынын айтсам, чыккым деле келген жок. Тиги эркин жашоого караганда бул жакта анча-мынча болсо да адилеттүүлүк бардай туюлат...- Арсен аргасыздыктан тажап бүткөндөй. Өз керебетине отура кетти.
– Тиги жак адилеттүү деп... Мээңе суук тийген эмеспи?
– Ой жеп жатат, Чыңгыз.Ошондой ойлор келчү болду.
– Адилеттүүлүк асманда гана бар. Аны өлгөндөн кийин гана көрөбүз. Азыр жашаш керек, тууган. Болгондо да жулуп, тиштеп, талашып жашаш керек. Жашоо – күрөш.
– Жашоо – күрөш...- Арсен эрдин кымтып тиштенип алды. – Уф...- үшкүрүндү да чалкасынан түшүп жата кетти.
Бегимай... Ойлобоюн дейт, бирок кыз башынан кетчүдөй эмес. Кыздын "жок, мен сага эркелегендей эч кимге эркелей албайм" деп жонунда минип келе жатып бекем кучактаганы көз алдына тартылды. "Адамдардын эң мыктысы деген адамым... Хе, жаш баладай жинди кылыптыр. Эми өзүңдөн көр. Түрмөгө отурса, отуруп чыгармын. Көп болсо эки жыл болор. Бирок өмүр бою мен кек алып өтөм. Мен башкача мамиле кылам. Эми бул баягы сүйүүгө, жакшылык сөзсүз кайтат дегенге, адамдарга ишенген Арсен болбойт. Бул башка Арсен... Мен түбүңөргө жетип, силерди сыздатмайынча эс албайм. Мейли, 40 жыл өтсүн, бирок силер менден качып кутулбайсыңар. Кек – бул муздак берилчү тамак. Бардыгын унуткарганда, Арсен деген адамдын бар экени эсиңерден чыкканда, мен күтүүсүз пайда болом. Түбүңөргө жетем!.." ойлордун курчоосунда шыпты тиктеп жаткан жигиттин муштуму улам катуулап түйүлө берди. Жаактары карышып чыкты...
(Уландысы кийинки санда)