КАЙНАТЫЛБАГАН КАРАГАТ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Карагат – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Суу – 1 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Карагатты жууп, тазалайбыз.
2. Тазаланган карагатты эт өткөргүчтөн өткөрөбүз.
3. Кумшекерге сууну кошуп жай отто 7 мүнөт кайнатып сироп даярдайбыз.
4. Сироп муздагандан кийин карагаттын үстүнө куюп, жакшылап аралаштырып, даяр болгон кыямды желим идиштерге, бөтөлкөлөргө куюп, муздаткычта же салкын жер төлөдө сактоо керек.
КАЙНАТЫЛБАГАН КУЛПУНАЙ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды жууп, тазалайбыз.
2. Чоң идишке кулпунайдын бир аз бөлүгүн, андан соң кумшекерден себелеп бир нече катмар кылып салабыз да, ширеси бөлүнүп чыкканча муздаткычта сактайбыз.
3. Ширеси бөлүнүп чыккан соң кашык менен акырын аралаштырып, желим идиштерге куюп, муздаткычта же салкын жер төлөдө сактоо кажет.
ШАБДАЛЫ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 1 килограмм
Кумшекер – 800 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Бул кыям үчүн өтө эзилип бышпаган, катуураак шабдалылар керектелет. Аларды жууп, тазалап, 6-8 бөлүккө бөлүп туурап, чоң идишке салабыз.
2. Тууралган шабдалынын үстүнө кумшекерди текши себелеп, ширеси бөлүнүп чыкканча тыныктырып коёбуз.
3. Мискейди отко коюп, кайнап чыккан кезде отту жайлатып 10 мүнөт кайнатабыз. Андан соң муздаганча коё турабыз.
4. Кыям муздагандан кийин кайра дагы 10 мүнөттөй кайнатып, бууланган банкаларга куюп оозун бекитебиз.
КАЙНАТЫЛБАГАН МАЛИНА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Малина – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Суу – 1 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Малинаны жууп суусун сарыктырып, мискейге салып эзебиз.
2. Кумшекерге сууну кошуп жай отто 7 мүнөт кайнатып сироп даярдайбыз. Сироптун ордуна 1 стакан бал кошсоңуз, кыямыңыздын баалуулугу жана даамдуулугу мындан да артат.
3. Эзилген малинанын үстүнө сиропту куюп, жакшылап аралаштырабыз.
4. Даяр болгон кыямды бөтөлкөлөргө куюп, муздаткычта же салкын жерде сактоо керек.
ӨРҮК+АПЕЛЬСИН КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Өрүк – 1 килограмм
Апельсин – 1 даана
Кумшекер – 1 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Өрүктү жууп, данегинен ажыратып, чоң идишке салабыз.
2. Апельсинди жууп, кабыгы менен кошо майда туурайбыз да, өрүктүн үстүнө салабыз.
3. Булардын үстүнө кумшекерди себелеп, ширеси чыкканча коё турбыз. Ширеси бөлүнүп чыккан соң жай отто 10 мүнөт кайнатып, көбүгүн алабыз. Муздаган соң дагы 10 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкагын жаап коёбуз.
КАЙНАТЫЛБАГАН КЫЯМДА КЕРЕКТҮҮ ЗАТТАР ЖАНА ВИТАМИНДЕР ТОЛУГУ МЕНЕН САКТАЛАТ.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg