Актриса жана ырчы Асема Токтобекова 25-июлда 31 жашка толуп, борбордогу ресторандардын биринде туулган күнүн белгиледи. 100гө чукул адамдын курчоосунда өткөн кечени Асеманын жолдошу белек катары уюштуруптур. Кечеде кино жаатындагы аттуу-баштуу инсандар, шоу дүйнөсүндөгү популярдуу ырчылар, бийчилер жана ырчынын жакын туугандары каалоо-тилектерин айтышып, шаңдуу майрамдашты.
1. Тойдун башында Асеманын сулуулук салонунан чыгып, ресторанды көздөй ханбийкенин арабасында келе жаткан видеосу көрсөтүлдү. Андан соң залдагы жарыктардын баары өчүрүлүп, кызыл килемдин үстү менен Асема кирип келди. Жолдошу Акжол 150 даана роза менен тосуп алды.
2. Кече өзгөчөлүктөр менен башталды. Адатта башка иш-чара, тойлорго барганда тортту сөзсүз кеченин аягында кесет эмеспи. Бүгүн торт Асеманын меймандар менен саламдашуусунан кийин эле кесилди.
3. Куттук сөз, каалоо-тилек адамдын маанайын көтөрөт. Алгачкы сөз эки жаштын ата-энеси, кайын журту, жакын туугандарына берилди. Асеманын атасы "кызым, билинбей эле 31 жашка чыгып калыптырсың, мага дагы деле кичинекейсиң" деп, үй-бүлөлүк бакыт каалады.
4. Кеп кезеги маданият жана искусство өкүлдөрүнө келип жетти. Экс-министр, жазуучу, драматург Султан Раев: "Асема чыгармачылыкка аралашып баштагандан тартып Кыргызстанда Асема деген кыздардын аты көбөйүп баштады. Кыргызстандагы Асемалар сенин аркаңдан келген жана келе берет. Алар да сен жараткан ийгиликтерди жаратсын",- деди.
5. Шоу чөйрөдөн келген досторунан Айпери Кубик кызы "Балам үчүн" аттуу ырын аткарды. Андан кийин ырчы Султан Садыралиев "Эгиз жүрөктү" ырдап, Асема менен жолдошу Акжол ортого чыгып ак бийге түшүштү.
6. Туулган күн бир дем менен уланып жатты. Биринчи тыныгуудан кийин оюн-зоок уюштурулуп ар бир столдон бирден өкүл чыгып, айымдар жана мырзалардын бий таймашы болду. Мырзалар командасынын капитаны Курал Чокоев бийдин атасын таанытты.
7. Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Асемага Кытайдан алып келген белегин жана сулуулук салонунун акысыз кызматын пайдаланууга сертификат тапшырды. "Асема 18 жашка чыгышың менен, бүгүн сени дагы бир ирет турмушка узатабыз" деп тамаша тост сүйлөп, "Махабат көлү", "Роза гүлү" ырларын аткарды.
8. Назми Байзакова, Кайрат Примбердиев, Курал Чокоев, Ильяз Абдыразаков жана башка ырчылар куттуктап келишти. Съездбек Искеналиев "Жубайыма" ырын куттуктоо иретинде аткарып, андан кийин "Мына минтип" ыры менен бардык каалоочуларды ортого чакырып, флешмоб бийлешти.
9. Кызы Айлин менен уулу Адахан апасына: "Сизди жакшы көрөбүз. Оорубаңыз. Дайыма биздин жаныбызда болуңуз",- деп апасын туулган күнү менен куттукташты.
Блиц-маек
Асема, ырчы: «БУГА ЧЕЙИН ТУУЛГАН КҮНГӨ АНЧА МААНИ БЕРЧҮ ЭМЕСМИН»
– Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! "30+1 жыл тажрыйба" деп өтүп жаткан туулган күнүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Рахмат. Бул кечени уюштуруп берген өмүрлүк жарым Акжолго ыраазымын. Өздүк майрамыма Ош, Баткенден кайын журтум, өзүмдүн ата-энем, тайларым келишти. Былтыр 30 жашымды белгилей албай калдым эле, мына быйыл өткөрүп жатам. Ал эми "30+1 жыл тажрыйба" деген өзгөчөлүк менен туулган күндү белгилөө жолдошумдун идеясы. Адатта көпчүлүгү 30, 40, 50 жашка чыкканда тоголок дата деп, жакындарынын арасында өткөрөт эмеспи. Менин туулган күнүм тоголок дата болбогондугуна байланыштуу жолдошум ушул идеяны сунуштады.
– Буга чейин туулган күнүңүздү бүгүнкүдөй чоң майрам кылып өткөрбөсөңүз керек?
– Ооба, туулган күнгө анча деле маани берчү эмесмин. Үй-бүлөбүз менен майрамдык дасторкондун үстүндө эле белгилеп койчубуз.
Акжол Нишанов, Асеманын жолдошу: «АСЕМАГА КҮТҮҮСҮЗ БЕЛЕК КЫЛАЙЫН ДЕГЕМ»
– Акжол мырза, туулган күндү өткөрүү сунушун киргизгенде жубайыңыз каршы болгон жокпу? Анткени жубайыңыз туулган күндү белгилөөгө кош көңүл экенин айтты.
– Жок, каршы болгон жок. Быйыл өздүк майрамына өзгөчө белек кылгым келип, кече өткөрүүнү туура көрдүм. Башында мен күтүүсүз белек кылайын деп жаткам. Бирок чоң деңгээлде өтө тургандан кийин ары-бери чуркап, жетишпейт экенсиң. Анан айтууга туура келди. Анын үстүнө акылдаша турган кеңешчим эмеспи.
– Бул кеченин демилгечиси болгондон кийин көп иштерди сиз жасадыңыз. Торттун дизайны сиздин идеяңызбы?
– Жалгыз меники деген болбойт. Жубайым экөөбүз кеңештик. Өзүңүздөр байкагандай эле торттун дизайны Асеманын кесибине байланыштуу. Башында ырчы, бийчи кийин актриса катары таанылгандан кийин кино жаатында ийгиликтерди жаратып, "Оскар" алсын деген аруу ниет менен жасаттык. Ушунусу менен өзгөчөлөнсө керек деп ойлойм.
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg