Жайдын келиши менен спортчулардын жашоосу эс алуу менен коштолот. Көбүнесе атактуу спортчулар бул мезгилде үйлөнүү тойлорун өткөргөнгө шашылышат. Быйылкы жылы бул көрүнүштү аргентиналык футболчу Лионель Месси баштаса, дүңгүрөтүп той берген орус хоккейчиси Александр Овечкин улантты.
ЖЫЛДЫН ТОЮН МЕССИ УЮШТУРДУ
"Барселонанын" жылдызы Лео Месси 30-июнь күнү өзү туулуп өскөн Аргентинанын Росарио шаарында сүйүктүүсү Антонелла Роккуццо менен баш кошту. Буга чейин бул түгөйлөр чогуу жашап келишкени менен, быйылкы жылы гана расмий түрдө үйлөнүштү. Тойго 260тан ашуун коноктор чакырылып, алардын арасында футболчулар Луис Суарес, Неймар, Пике Шакира жана башкалар келишсе, Диего Марадона, Луис Энрике чакырылган эмес. Аргентинада бул той жылдын үйлөнүү тою деп аталып, коопсуздукту 400дөн ашуун тартип сакчылары көзөмөлдөшкөн. Месси тойго келгендерден белектерди бербөөсүн, анын ордуна кайрымдуулукка жумшоосун өтүнгөн. Үйлөнүү тойдон кийин Лео "Барселона" менен болгон келишимди узартып, жаңы сезонго жаңы дем менен даярдыкта.
АНТУАН ГРИЗМАНН ТАР ЧӨЙРӨДӨ ҮЙЛӨНДҮ
Француз футболчусу Антуан Гризманн эс алуу убагында көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн Эрика Чоперена менен баш кошту. 15-июнда Испаниянын Толедо шаарында өткөн салтанат журналисттер үчүн жабык болгон. Андыктан бул тууралуу Гризманн өзүнүн социалдык баракчаларынан гана билдирди. Аталган майрам тар чөйрөдө өтүп, командалаштарынан Коке, Хуанфран жана Гамейро сыяктуу футболчулар гана чакырылган. Эки жаш 2011-жылы Сан-Себастьян шаарында таанышып, Эриканын Миа аттуу кызы бар экендиги белгилүү болгон.
"АЙЫМДАР ТАЙСОНУ" ТУРМУШКА АТТАНАТ
Эрежесиз уруш чебери Ронда Роузи жакын арада турмушка аттанат. Мушкер айым UFC уюмунун мушкери Трэвис Браун менен сүйлөшүп жүргөнү белгилүү. Акыркы убактарда Ронда Роузи октагонго эмне үчүн чыкпай жатканына жооп табылды. Браун Жаңы Зеландияда эс алуу убагында Ронданын колун сураган. Буга Роузи макулдугун билдирип, эми эки түгөйдүн үйлөнүү тою алыс эмес. Муну менен Ронда Роузинин жакын арада UFC уюмуна кайтып келиши күмөн жаратат.
ӨЛКӨ ПРЕЗИДЕНТИ КУТТУКТАП...
Хоккей боюнча Орусия курама командасынын капитаны Александр Овечкин модель Анастасия Шубская менен 8-июлда үйлөнүү тоюн өткөрдү. Салтанат Орусиянын спорт, шоу дүйнө жана башка атактуулардын каймактарын чогултту. Аталган той Орусияда жылдын салтанаты аталып, көпчүлүктүн назарында болду. Бул тойду өлкө президенти Владимир Путин да көңүл кош калтырбай, телефон аркылуу эки жашты куттуктаган. Овечкин менен Шубская 2016-жылы никесин расмий түрдө каттатышса, тойду эми гана өткөрүштү.
БАЛДАКЧАН ҮЙЛӨНГӨН ДАРБАЗАЧЫ
Дүйнөнүн мыкты дарбазачысы Мануель Нойер быйылкы жайда бойдокчулук менен коштошту. Ал Нина Вайсс аттуу сүйүктүүсү менен салтанатты Италиянын Монополи шаарында 200дөй коноктордун коштоосунда өткөрдү.
"Бавариянын" дарбазачысы Чемпиондор Лигасынын "Реал" менен болгон оюнунда жаракат алып калган. Ал балдакчан экендигине карабай иш-чара өткөрүлгөн. Эки жаш Тюссо музейинде таанышышкан. Кызыгы, Нойер анда өзүнүн сөлөкөтү түшүрүлгөн фигурасынын ачылышына катышуу үчүн келген. Ошондон бери Нойер менен Вайсстын мамилеси уланып, эки жылдан соң баш кошушту.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg