АППАЛУЗА КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫЛАРЫНАН ТАРАГАНБЫ?

Аппалуза – бул темгил ала түстөгү жылкылар түрү. Кыргыздар мындай түрдөгү жылкыларды өңүнө карап сарала же чаар ат дешет. Бул жылкылар чыдамкайлыгы, күлүктүгү жана каруусунун күчтүүлүгүнөн ат жарышка да, кара жумушка да жөндөмдүү келишет. Мекени АКШ болуп саналган мындай күлүктөр Америкада 5 миңден 100 миң долларга чейин бааланат. Айрымдар анын түпкү теги кыргыз жылкыларына барып такалат дешет.

АППАЛУЗА ПОРОДАСЫ


Түндүк Американы байырлаган бул жылкы түрү "А Palouse Horses" же "Палоуз дарыясынын жылкылары" дегенден алынып аппалуза деп аталып калган. Европада чаар аттар XVI-XVIII кылымдарда бааланбай, көпчүлүгү Америкага жиберилген. Ошол аттар менен индейлердин (Неза Перс уруусу) жергиликтүү аттарын аргындаштыруудан келип чыккан. Мындай породадагы жылкылардын түгү эле эмес, териси да чаар ала келип, көздөрүнүн чанагы адаттан тыш ак болуп, туяктарындагы жол-жол чийимдери менен башкалардан өзгөчөлөнүшөт. Сейрек кездешүүчү бул жылкы түрү адамдарды сулуулугу жана күчтүүлүгү менен өзүнө арбайт.

"САРАЛА МЕНЕН АППАЛУЗА ОКШОШ"

Аппалузанын түпкү теги кыргыз жылкылары эмеспи деген суроого биология илимдеринин кандидаты, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биология жана химия кафедрасынын доценти Мирбек Исаев буларды айтат:

– Тектүү кыргыз жылкыларынын жаралышы III-IV кылымдарга барып такалат. Кыргыз жылкысына мүнөздүү негизги түстөр тору, чабдар, ак боз, сарала эсептелинет. Алардын көпчүлүк түрү убагында Европага, андан ары Америка жактарга кеткен. Ал эми Түндүк Американы мекендеген аппалуза породасы менен биздин жылкылардын жалпы түзүлүшү, ага берилген мүнөздөмө бири-бирине дээрлик дал келет. Алсак, кыргыз жылкысынын бою жапыз, моюну кыска, башы чоңураак, соорусу жазы келет. Ал күнүнө 100 чакырым жерди чарчабай эле басып коёт. Чыдамкай жана күчтүү болгонунан үстүнө 100-150 килограммга чейин жүк артса болот. Мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен башкалардан айырмаланат. Аппалузанын тактары майда чачырандыга окшосо, биздин жылкылардын темгилдери бир аз чоңураак келет. Бирок муну чоң айырмачылык деп деле айтууга болбойт. Экөө дээрлик бирдей болгондуктан аппалуза кыргыз сараласынан тараган тукум болушу мүмкүн. Бирок бул породанын генетикасын изилдебегенден кийин биздики деп так айта да, талаша да албайбыз. Ал үчүн аппалуза менен сараланын ДНК анализдерин алып, экөөнүн туугандык жайы бар-жогун далилдеш керек. Мындай чоң иш жасоого азырынча биздин шартыбыз туура келбейт. ХХ кылымда окумуштуулар жаңы кыргыз тукумундагы жылкынын породасын чыгарарда негизинен Нарын, Талас облустарынын жылкыларын алышкандыктан аны азыр ушул аймактарда кездештирүүгө болот.

Кыргыз жайлоосундагы сарала жылкылар.


АППАЛУЗАНЫ ИЗДЕЙ...

"Daily mail" басылмасы аппалузаны жакшы көргөн 71 жаштагы жаңы зеландиялык Скотт Энгстром аттуу айым 2015-жылы атайын Кыргызстанга асыл тукумду издеп келгенин жазган. Ал Конор Вудман аттуу журналист менен Кыргызстанга келүүнү чечишкен. Көрөм деген максатына жеткен Энгстром аталган басылмага "Аппалузанын түпкү теги Борбор Азияга барып такаларын билгем. Менимче, бул жылкы Беринг кысыгы аркылуу Аляскага жетип, андан ары Америкага өткөн. Табылгамды көрүп, кубанычымда чек жок. Мен билген таза кандуу аппалуза деп дал ушул жылкыны тааныйм. Кийин келип үч жакшы бээ алып кетем" деп билдирген. Кийин анын келгени же келбегени тууралуу маалымат чыккан жок.

"КЫРГЫЗ ЖЫЛКЫЛАРЫН АКШГА АЛЫП БАРЫП, АППАЛУЗА ПОРОДАСЫ МЕНЕН САЛЫШТЫРЫШКАН"

Кыргыз Республикасынын Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев “АКШ аппалузасынын түпкү теги кыргыздыкы” дейт:

– Аппалузанын генин изилдөө максатында 2012-жылы Американын Тампа университетинин окумуштуулары тарабынан Кыргызстандан 30 жылкы алынып, Европанын жана АКШнын аппалуза породасындагы жылкылары менен салыштырылган. Анализдердин жыйынтыгында, АКШ аппалузасы менен биздин чаар жылкынын окшоштуктары көп чыккан. Анткени биздин жылкыларда генетикалык маалымат таза сакталган. Аппалуза илбирс жамынган, чакалай түшүрүлгөн, 2-3 гана темгилдүү, килем жамынган жана кар себелегендей болуп өңү-түсү боюнча бешке бөлүнөт. Чаар кыргыз жылкылары менен кыргыз жылкылары эки башка нерсе. Бул экөөнүн көп айырмачылыктары бар. Эми бул жылкыларды биздики экенин далилдөө үчүн кеминде 1000 чаар жылкынын ДНК анализдерин алып, кайрадан иштеп чыгуу кажет. Өзүбүзгө каттап алсак Европанын катаал талаптарына жооп берип, жылкыны экспорттогонго да расмий укук алабыз. Учурда бул узакка созулчу иштин үстүнөн иштеп жатабыз. Корон Вудман деген журналист менен биргеликте тартылган фильмдеги мен баккан чаар айгыр кокустан видеого түшүп калбаганда анын аппалуза экенин билбей калмакмын. Кийин аны көргөн Энгстром айым бизге улам кат жаза бергенинен бул порода жөнүндө окуп-билип, канын таза сактап, көбөйтө баштагам. Мендеги чаар атты 100 миң долларга сурашкан, бирок документалдык жактан талаптарга жооп бере албаганыбыз үчүн сатылган эмес. Ал эми бул порода тууралуу билбеген кыргызстандыктар чаар аттарды 60-70 миң сомдун айланасында эле сатып жатышат. Ал эми анын өзгөчөлүгүн түшүнгөндөр андан эки эсе кымбат баалашса керек.

"HERMES’тин" ЖООЛУКТАРЫНДА

Дүйнөгө таанымал "Hermes" мода үйү өткөн жылы аппалузанын сөлөкөтү түшүрүлгөн жоолуктарды чыгарып, элге тартуулаган. Мындай саркеч жоолук жогорудагы жылкынын породасынын атына ылайык "Appaloosa des Steppes" деп аталат. Анда кыргыз оюларына окшош оюлар да түшүрүлгөн. 140 чарчы сантиметрлик жоолуктар "Hermes’тин" расмий сайтында алгач 930 доллардан сатыкка коюлса, анын учурдагы баасы 395 доллар.

  • Учурда аппалуза сүйүүчүлөр клубунун билдирүүсү боюнча аппалуза жылкыларынын саны 500 миңден ашуун деп билдиришет. Алардын саны жыл сайын 10 миңге көбөйүп жатат.
  • 1938-жылы америкалык фермер Клод Томпсон аппалуза сүйүүчүлөр клубун түзгөн. Аталган уюм бул жылкы породасын сактоого жана колдоого алып келет.
  • Аппалузанын мекени деп АКШнын Айдахо штаты эсептелинет.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Akyl78.1501
2017-08-02 09:42:43
Биздин жылкылар баа жеткис
+5
Benazir08
2017-08-06 11:57:42
Ааай биз жакта да баар мындай. Бирок мага жоолуктардын фотосу кызык бп атат,замандан артта калбай коройунчу. ....
+2
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан