Самат Эркинбеков: «ЖУБАЙЫМДЫ КҮЛДҮРГӨН ТАМАШАЛАРЫМ ГАНА ЭЛГЕ ЧЫГАТ»

– Кандайсыңар? Бойдокчулук менен үй-бүлөлүү болгондун айырмасы бар бекен?
Самат:
– Албетте, айырмасы чоң. Үйгө убагында келүүгө аракет кыласың. Келсең тамагың даяр, кийимдериң үтүктөлүү. Буюрса, кичинеден семирип баштадым.
Чолпонай: – Айырмасы көп эле. Мисалы, кыз-жигит кездегидей кафеден тамак ичпестен, "үйгө бир нерсе кылалы" деп ашыкча акча коротпой калат экенсиң.

– Самат, кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасың?
С.:
– Кайын журтум Баткенде болгондуктан, ал жакка кээде эле барабыз. Кадимки күйөө балдардай бардык кызматтарды кылам. "Тим эле кой" дешет, бирок бет чыдабайт да, "городской" жигиттерден эмеспиз го.
Ч.: – Саматты туугандарымдын баары "күйөө бала" деп жакшы көрүп сыйлашат.

– Эл тааныган адамдын жубайы болуу оор эмес бекен?
Ч.:
– Оор деле эмес. Элдин көзүнчө өз ордуңду билип жүрүүгө туура келет. Ашыкча эркелеп, каткырып күлө албайсың, орундуу сүйлөйсүң дегендей. Кыскасы, "Саматтын келинчеги мындай экен" деп жолдошума жаман сөз тийгизгим келбейт. Көчөдөн карай беришет, тойлордо да чогуу бийлей албайбыз. Бийлеп жатсак келип "сүрөткө түшүп алалы" деп Саматты тартып кетишет. Жолдошумдун иши көбүнчө кечинде башталат. Күндүз түшкө чейин уктайт, кечинде кеч же таң атканда келет. Ошентип үйгө көңүл бурууга убактысы бир аз тар болуп калат.

– Эркек адамды досторунан, туугандарынан алыстаткан же аларга жакындаткан аял киши болот дешет...
С.:
– Чолпонайды баары эле жакшы көрүшөт. Үйлөнөрдө буга "Жалгыз эжем бар, мүнөзү чатагыраак. Ал менен тил табышып кетсең баары жакшы болот" деп айткам. Азыр баары жакшы. Ал эжем шаарга келгенде дайыма биздикине келет, келини экөө сырдашат.

– Экөөңөр баш кошор алдында туугандар тарабынан "жол алыс, өзүбүз жактан эле караштырбайсыңбы" дегендер болду беле?
С.:
– Сүйлөшүп жүргөндө 2 жылдай ошол маселе менен алыштык. Тиги тарап да, бул тарап да "жол алыс, кудага барышыбыз керек, куда-сөөк жакын болгону жакшы, өзүбүз жактан эле албайсыңбы" деп каршы чыгышты. Акыры Чолпонай экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү, жакшы сезимдер каршылыктарды жеңди. Баары өзүбүздүн эркибизден экен.

– Самат үйдө кандай кожоюн? Чарба иштерин жасай алабы?
Ч.:
– Чынын айтайынбы?
С.: – Ии, айт!
Ч.: – Аябай жалкоо. Кечке уктайт, эч нерсе кылбайт. Кээде эле жалкоосу кармабаса иш кылат.

– Кээ бир мырзалар келинчегинин иштебей үйдө отурушун каалайт, сенчи?
С.:
– Экөөбүз үйлөнгөнгө чейин, үйлөнгөндөн кийин да Чопа Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде телефон чалууларга жооп берген оператор болуп иштеп жүрдү. 1 сутка иштеп, 2 сутка бош болот. Мага ал нерсе жаккан жок. Аял киши үйдө эле отурганы жакшы деп ойлойм. Анан "Ушул жумушуңдан чыга берчи, башка эмне иш кылам десең, мен жардамдашам" дедим. Азыр Чолпонай үйдөн эле айымдарга сулуулук кызматын көрсөтөт.

– Келинчегиңдин кайсы тамактарын тамшанып жейсиң?
С.:
– Тамак жагынан "гап йок". Чолпонай ашты газга деле очокко бышыргандай даамдуу кылып басат.

– Романтикага жакынсыңарбы? Кантип эркелешесиңер?
С.:
"Жаным, алтыным" деп эркелешебиз. Кээде муну "кичинекейим" деп эркелетип калсам бул "мени кичинекей дейсиң, өзүң деле кичинекейсиң го" деп калат. "За то сага караганда здоровыймын" деп коём. Белек-бечкектерибиз жумшак оюнчук, жүн байпак. Болду (күлүп). Айтмакчы, Чопа бир жолу мага свитер белек кылган. Аны жууп, жылыткычка жайып койсо күйүп калыптыр. "Бул эмне?" десем "Алам деп унутуп калыптырмын" дейт. Өзү алып берген да, унчуга албай калдым.

– Бири-бириңердин кайсы сапатыңарды жактырбайсыңар?
Ч.:
– Самат аябай унутчаак. Сүйлөшүп жүргөндө бир таанышым кийим сатат, андан 1 көйнөк алып, калган 5-6 кийимди "жолукканда берип койчу" деп Саматтын унаасына салып койгом. Ал унутуп калып жоготуп жиберген, кайда калганын билбейт. Ошентип кийбеген кийимдердин акчасын төлөп бергенбиз. Анан бир жакка шашып жатсаң бул жинге тийип шашпай жүрө берет, ошол сапаты жакпайт. Кээде бир жакка чыгарда өзү элдин баарын шаштырып даяр кылып алат да, чыгарда өзү ажатканага кирип кетет.
С.: – Бул кээде кеңешпей бир ишти кылып алат да, анан менден тил угат.

– Жолдошунун №1-кеңешчиси жубайы болот эмеспи? Бир нерсе кыларда өзүң жубайың менен кеңешесиңби?
С.:
– Тамашаларды жазып жатканда биринчи Чопага айтып көрөм. Эгер бул күлсө, анда жакшы болот. Эгер күлбөй койсо "болбойт окшойт" деп чийип салам.

– "Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт" деп коюшат го. Силерде таарынычтар эмнеден улам орун алат?
Ч.:
– Көбүнчө мен "үйгө эрте келбейсиң" деп таарына берем.
С.: "Мени эркелетпейсиң, мага көңүл бурбайсың" дейт. Анан мен "Сенин жаныңда эле кечке отура бермек белем? Мен мамлекеттик кызматтарда иштесем бир жөн, эртең менен саат 8де кетип, кечки 6да келип калгыдай. Көчөгө чыгып баратканда канчада келем, канча акча таап келем билбейм. Акча тапсам да, таппасам да баары бир көчөгө чыгышым керек, съёмкага тартылышым керек, ушинтип акча болот" деп түшүндүрөм. Эң жакшы жери, кээ бирөөлөрдүн келинчегиндей болуп "Канчада келесиң?" деп тажатып чала бербейт.

– Акча тууралуу кеп болуп кетти. Үйдө акчаны ким кармайт? Ким көп коротот?
С.:
– Акчаны мен кармайм. "Керектүү нерселерди ал" деп акча таштап кетем. Кыз-жигит кезибизде Чопа акчаны жакшы кармаса керек деп ойлогом. Бирок бул деле жакшы кармай албайт экен. Ошентсе деле мага караганда бир аз сарамжалдуу. Кээде 1000 сом берсең, 1 жумадан кийин 500 сому жүргөн болот. Кайра аны бензинге сурап кетем.
Ч.: – Акчаны үйгө керектүү нерселерге коротобуз. Анан көбүнчө тойлорго, шеринелерге кошумчага кетип калат (күлүп).

– Канча убакта бири-бириңерди сагынышып кетесиңер?
С.:
– Бат эле сагынышып кетебиз, 1 күндө деле. Кээде гастролго 1 кеткенде 10-15 күн кетем. Ошого көнүп калды. Бишкекте жүрсөм "Качан келесиң, сагынып кеттим" дейт. Башка жакта жүрсөм антпейт, сагынса да чыдоого туура келет.

– Келинчегиң орус мектепте окуганын билебиз. "До+Фа" тасмасындагыдай күлкүлүү учурлар болобу?
С.:
– Биздин сүйүүбүз ошол тасмадагыдай эле болгон. Сүйлөшүп жүргөндө бул жалаң орусча сүйлөсө "кыргызча билбейби?" деп ойлочумун. Мен кыргызча сүйлөйм, кээде бири-бирибизди түшүнбөй калчубуз. Анан Эмилге "сен котормочу болуп берчи" деп тамашалап калчумун. Ошентип жүрүп бул кыргызча үйрөнүп кетти, мен орусча үйрөнө алган жокмун.

– Самат, балдар программасында да алпаруучу болуп жүрөсүң. Жаш балдарды көргөндө ичиң элжиреп эртерээк ата болгуң келсе керек?
С.:
– Кээде балдар менен сүйлөшүп отуруп "и-ий, ушундай өзүмө окшогон балам болсо" деп ойлоп кетем. Азырынча ата болуу сезимин биле элекмин, бирок жакшы экенин досторумдун айткандарынан эле билем. Жубайым кош бойлуу болгонуна 3 ай болгондо, тилекке каршы, боюнан түшүп калган. Жаштык кылып алдык окшойт. Бул дагы Жараткандын буйругу. Азыркы учурда дарыланып жүрөбүз.
Ч.: – Самат кичинекей балдарга аябай жакын. Алардын жан дүйнөсүнө кирип, алар менен баарлашканды жакшы көрөт.

Кыска суроолорго кыска жооп

– Үйдө президент ким?
С.:
– Мен. Бийликке келүү деле оңой эмес да, көпкө чейин алпуруштум.

– Дүкөнгө ким чуркайт?
Ч.:
– Мен барам. Самат базарга, дүкөнгө барганды жактырбайт.

– Уйкунун "атаманы"?
С.:
– Мен-мен.

– Үйдү сапырган ким?
Ч.:
– Самат бир нерселерин издеп эле үйдү чачып салат.
С.: – Үйдөн чыгышым аябай кыйын да. Бир нерселерди унутуп калып, кайра эле келе берем. Башка эркектердей эле шымым чечкен жерде калат. Аркамдан Чопа жыйнайт.

– Бош убакта эмне кыласыңар?
С.:
– Ушакташабыз, анан эшикке чыгып балмуздак жеп келебиз.

– Ким көк бет?
Ч.:
– Мен. Саматтын таарынычы бат жазылат.

– Сыналгы кимдин "менчиги"?
Ч.:
– Самат күндүз футбол ойнойт, анан "PlayStation`ден" футбол ойнойт, кечинде келип сыналгыдан футбол көрөт.
С.: – Мунун түрк сериалдары бүтпөй койду. Бирок уюлдук телефондон көрөт.

– Фобияңар?
Ч.:
– Мен жыландан корком. Самат "ужастардан" коркот. Кечинде "жарыкты жандырып койчу" дей берет. Мен болсо жарык болуп турса уктай албайм.
С.: – Эми тирүү кишиден качып кетесиң да, ал эми "ужастардан" кача албайсың, жетип алат. Анын үстүнө "ужас" кинолорду да көрүп алам, анан эшиктен кара киши кирип келчүдөй эле сезиле берет.

– Фотоальбомдордогу эски сүрөтүңөргө комментарийиңер?
Ч.:
– Бул беттерине безетки чыккан, чачтары өскөн өзүнчө эле "мачо" экен. "Ушул кезде жолуксаң тийбейт элем" деп тамашалай берем.
С.: – "Өзүңчү, ка-апкара экенсиң го, анан эркектердей болуп түшүп алганын. Ушул кезде таанышсак сени "вообще" карабайт болчумун" дейм мен болсо.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Uzakova.Z.A
2017-08-01 18:09:22
Бактылуу болгула! Аябай окшош экенсинер
+6
Nanei
2017-08-01 20:46:18
Ушу бираз орус мектепте окушса эле кыргызча билбейм дегендерди обу жоктук деп ойлойм. Кадамжайдан эле экен го келинчеги,тээ Сахалинден болсо да бир жон эле. ХХХ ХХХ
-3
raykray
2017-08-02 02:30:26
Nanei, ХХХ ХХХ
0
admin_media
2017-08-02 09:07:25
raykray, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
-1
admin_media
2017-08-02 09:06:56
Nanei, колдонуучулар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтыруу тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
0
mela
2017-08-02 19:04:48
Nanei,
0
Zo9lu
2017-08-01 23:03:53
бактылуу болгула
жакшы маек болуптур
+6
Cholpon2801
2017-08-02 00:48:37
Бактылуу болгула,мага маегинер аябай жакты
+6
Janylai2012
2017-08-02 01:32:38
Ха ха ха озум жалгыз жатып алып окудум эле озумон озум кулгонсудум.светти куйгузуп жатканы жакты молодцы бактылуу болгула.коп балалуу болгула
+5
Aidan88
2017-08-02 01:48:35
Cholpon abdan jonokoi ,suluu. Ui buloluk bakyt,
+5
TynBala
2017-08-02 10:54:05
Бактылуу болгула Самат Чолпонай
+6
engel
2017-08-02 11:15:09
Экообу тен жонокой экен. Бактылуу,коп балалуу болгула! Меники болсо телевизорду очурбо дейт,дагы унун чыгарып алат да корулдап уктай берет. Ал анан уктап ал да. )))
+4
merim
2017-08-02 13:41:30
Бактылуу болгула.
+5
Gulzina1993
2017-08-02 15:06:51
Бактылуу болгула
+4
krem
2017-08-02 23:07:12
Кыргызча өллө эле билесиңер жылдыз тутуева сахалинде чоңоюп келген өмүрү укпадык кыргызча билбейм дегенин
+1
Aisuluu160790
2017-08-03 10:00:18
Жакшы маек болуптур. Бактылуу болгула бал шириндер
+3
Sushi_wok
2017-08-03 11:58:20
Бактылуу болгула ачык айрым сонун маек болуптур.
+2
azamat_tabaldiev
2017-08-03 15:44:25
Гап йок, бактылууу болгула, от души желаю....
+2
surgeon777
2017-08-07 09:48:10
Аялы Баткенден эле экен го,анан кандай кыргызча билбейт,же ата-энеси менен уйундо жалан орусча суйлошчу бекен кыз?Ошо жери кичине окшошпой калыптыр...журобуз го кыпкыргызча суйлоп,орус мектепте окусак да))
А так позитивдуу жубайлар экен,Баластан-шоуну жакшы алып барат.
+1
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан