Кадыралы Артыков обончу, композитор: «ОБОН ЖАЗГАНДЫ РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ ДОСКАГА ЧИЙИП ҮЙРӨТКӨН»

Каарманым "бирөө радиодон менин маегимди угуп бул качанкы Артыков, дагы деле барбы дептир" деп күлдү. Обончу, композитор Кадыралы агабыз эл ичинде кенен тарап, ырдалып жүргөн көптөгөн ырлардын обонунун автору. Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында да үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Туулган жылы
– 1961-жыл, 3-февраль
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Рахманжан айылы
Эл ичине тараган обондуу ырлары – "Апакеме", "Кыялдануу", "Барам сага", "Досторума", "Кайдасың картайбаган махабатым", "Балалыкка күчөйт эңсөөм, "Кумарым", "Кайдасың", "Сүйүүгө таазим", "Кел бийлейли курбулар" жана башкалар.

"ЭЛДИ КАРАЙ АЛЧУ ЭМЕСМИН"

– Ата-энем колхоздун малын баккан чабан эле. Бала кезде койчу, жылкычы, саанчы да болдум. Чыгармачылыкка жакын болуп калышыма ата-бабадан келе жаткан талант түрткү берди. Чоң атам колунан көөрү төгүлгөн уста, комуз чаап, комузда кол ойноткон адам эле. Чоң энем макалдатып сүйлөгөн сөзмөр киши болчу. Энемдин айтымында кичинемде уктап жатып түн оокумда тура калып боорумду тырмалап, комуз черткендей боло берчү экенмин. Артык чоң атамдын таланты бир эле мага эмес, баарыбызга жукту. Анын чоң уулу, менин атам Жусуп да өтө таланттуу инсан эле. Ал комузда кол ойнотуп, "Ак мөөр", "Карагул ботом" сыяктуу дастандарды, элдик обондорду жогорку деңгээлде аткарчу. Агам Базаркул да бала кезинен музыкага шыктуу болуп, үйгө ар кандай музыкалык аспаптарды сатып келе берчү. Анын черткенин көрүп, ал жокто тырмалап жүрүп комуз, аккордеон, мандолина, баянды 5-6 жашымдан тарта үйрөндүм.
Мен кичине кезде майрам күндөрү мектептин алдына концерт койчубуз. Айыл тургундары көтөрө келген жер төшөктөрүн жерге сала коюшуп, кырка тизилип концерт көрүшчү. Мен ошондо мандолина чертчүмүн. Эжем Бурулча тартынбай, шаңкылдап өтө мыкты ырдачу. Чоң энем балпайып майрамга келип, алдыңкы катарда дүйнөгө батпай сүйүнүп, сүйүнгөндөн көздөрү жашылданып отурганын азыр да элестетем. Мен аябай уялчаак элем. Элди карай албай мандолинамды эле карап чертип отурчумун. Үйгө келгенде энем мага "Башыңды көтөрүп койбойсуңбу? Уялчааксың да, уялчаак" деп сүйлөнүп алчу.
Тогуз бир туугандын ичинен мен билимдүү музыкант болдум. Базаркул байкем "мен музыкалык билим ала албай калдым, сен ал" деп мени Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетине киргизди.

"АГАЙ КӨЗҮМДҮ ЖААП ТУРГАН ЧЕЛ КАБЫКТЫ СЫЙРЫП САЛГАНДАЙ БОЛДУ"

– 3-курстан обончулукка карата кызыгуум жаралды. Ибрагим Жунусов менен бир тайпада окуп, чогуу гастролдоп, ырларын жаздырууда коштоп ырдап жүрдүм. Менин обончулукка кызыгуума ушул иштер да түрткү болду. 100гө жакын бүтүрүүчүнүн ичинен жалгыз мен мугалим болуп окуу жайда калып, Рыспай Абдыкадыров агай менен кесиптеш болдум. Бир жолу агайдан "Обонду кантип жазат? Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп бере аласызбы?" деп сурадым. Агай мени таң калып карап туруп, "жүрү" деп бош аудиторияга ээрчитип барды. Обондун кантип башталып, кантип кульминациясына жетип, кантип бүтөрүн доскага жазып, ноталар аркылуу түшүндүрүп берди. Жашмын, курчмун да "жеңил эле турбайбы, мен бат эле жазып коём" дедим. "Жок, жеңил эмес. Жеңил болсо элдин баары обончу болуп албайт беле" деди. Агайдын бор менен чийип көрсөткөн схемасы менин көзүмдү жаап турган чел кабыкты сыйрып салгандай болду.

"ЭЛГЕ УЯТ БОЛОМБУ ДЕП КОРКТУМ"

– Ошол учурда башыма сүйүү келип, ары толгонуп, бери толгонуп жүргөм. Ошондон улам болсо керек, "Махабатка кайрылуу" деген алгачкы обонум жаралды. Бирок бул ыр азыркыга дейре чыга элек. Бир аз чийкирээк деп айтсам да болот. Бир күнү акын Алмаш Чойбекованын "Ак булут" деген китебин барактап отуруп "Кыялдануу" деген бир ырга көзүм түштү. Балалыгым жайлоодо өткөн эмеспи. Тексттеги саптар жүрөк түпкүрүндөгү жайлоого болгон кусалыгымды козгоду. Кадимкидей толкунданып, бир башкача сезим келди. Ошол замат ырдын кайырмасынын обону жаралды. Эртеси жумуштан кийин кабинетимди ичинен бекитип, кечээ келген эргүүнү издей баштадым. Ошентип отуруп обон жаралды. Жаратып алып өзүмө-өзүм батпай сүйүнөм. Кайра корком, элге көрсөтүп алып экинчи мындай обон жарата албай уят боломбу деп. Бир күнү чыгынып Рыспай агайга бардым. Ырдын ноталарын карап фортепианодо ойной баштады. Бир маалда агай ордунан тура калды да "Айланайын, сен ушундай бала белең? Кандай сонун обон жазгансың?!" деп мени кучактап эки бетимден өөп калды. Ошондон кийин мага обончу катары ишеним келди. Ырды Ош радиосуна барып жаздырдым. Мен гитара чертип ырдадым, Абидин Темиров аккордеондо, урма аспапта Каныбек Орозалиев ойноду, булбулдун сайраганын Ибрагим Жунусов окшоштурду. Ушул ырдан кийин кыргызга обончу Кадыралы Артыков катары таанылдым.

"ЖАШ КЕЗДЕГИ ТИЛЕГИМ ОРУНДАЛДЫ"

– Ошто алты жыл мугалим болуп иштедим. 1989-жылы обончулардын республикалык сынагы болуп, Ош облусу боюнча "Кыялдануу" ырым менен 1-орунду алдым. Калыстардын төрагасы Кыргыз Эл артисти Султан Юсупов агай "талантың мыкты экен, Фрунзеге барып композиция бөлүмүнө тапшырып, билимиңди өркүндөт" деди. Ошол эле жылы Искусство институтуна тапшырып, окуп калдым. Ал аңгыча СССР урады. Жашоо кыйындай баштады. Үй-бүлөнү багыш кыйын болгондуктан 4-курстан окуумду таштап, 2-3 жерде мугалим болуп иштей баштадым. Балдарым чоңоюп, турмуштан өз ордуларын табышкандан кийин, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевге бардым. "Бүтпөй калган окуумду бүтүрүп алайын. Обондон башка да көлөмдүү чыгармаларды жазгым келип жүрөт" десем, макул болуп сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алды. Быйыл консерваториянын композиция бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, дипломдук иш катары симфониялык поэма жаздым. Ошентип жаш кезде жетпей калган тилегим орундалды. Азыркы кезде Ишеналы Арабаев атындагы университеттин көркөм маданият жана билим берүү факультетинин музыка кафедрасында доцентмин.

"МЕНИН ЖОЛУМДУ КЫЗЫМ УЛАНТТЫ"

– Эки уул, бир кызым бар. Жубайым Самара Билим берүү министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунда иштейт. Чоң уулум Сыргак АКШда, Чикаго университетин аяктап, ошол жакта иштеп жүрөт. Кызым Айгерим менин жолумду улап Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүрдү. Андан кийин Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академиясында окуп, азыркы кезде Москвада иштеп жатат. Ушул күндөрү ал Испанияда өтүп жаткан Эл аралык хор фестивалына катышып жатат. Кенже уулум Турдаалы быйыл 9-классты аяктап, колледжге тапшырды. Апам 81 жашта, баарыбызга ак батасын берип күүлүү-күчтүү. Бир туугандарым ар түрдүү кесиптин ээлери болгону менен, баары музыкага шыктуу, таланттуу.

"Уулум Сыргак Америкада, кызым Айгерим Орусияда жашайт. Кенжем Турдаалы 9-классты аяктады".


"Келинчегим Самара Билим берүү министрлигинде мектеп окуучуларына арналган тесттерди даярдоо бөлүмүндө иштейт".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tyty1990
2017-08-01 10:52:12
Сизге ийгилик агай.
+3
ainura220888
2017-08-01 14:27:43
Сурото Рахманжандагы уйуго. Чын эле кырга чыгып Кадыралы аке ырдаганда жер тошоктордо отуруп толкунданып укчубуз. Суйумкан чон апамын омуру узун болсун. Сиз менен биздин айыл сыймыктанабыз. Баардык бир туугандары талантуу ачык шайыр жонокой адамдар.
+5
melante
2017-08-01 22:28:23
Обончу экообуздун туулган кунубуз Бир кундо,кызы экообуздун атыбыз окшош,кызык экен))).
Чыгармачылык ийгилик,уйбулолук бакыт каалайм
+2
Muzik
2017-08-02 01:53:06
Ушул кишиге эмгек синирген артист деген наам берилиш керек эле.Дагы Абдыманап Торобековго.
+5
mela
2017-08-03 00:33:54
Орустартарды кыргызча хор ырдаткан го кызы,азамат!!!
+4
erkeleim
2017-08-03 02:14:03
Мынча сонун маек коп жашаныз агай
+4
erkeleim
2017-08-03 02:14:37
Абдан эс алдым окуп олтуруп
+4
Asem89
2017-08-05 04:41:18
Мыкты обондору бар.Мыкты обончу.
+3
Aidan88
2017-08-09 21:38:53
Mykty kompozitor, agai bar bolunuz . bir yrdy yrdap chykkan yrchy jyldyz bolup ketet, a sozun kaisy akyn jazgan,obonu kim jaratty aityp kouyshu kerek ,Baram saga degen yrdy Mirbek Atabekov yrdap jurobu ee,ozu obonun jazgansyp teleden radiodon Atabekov dep aityshat,kompozitordu avtordu da unutushpasa
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан