СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Кээ бир күндөрдө “мен кыйналып жатсам, ал эмне үчүн жыргап укташы керек?” деген сокур сезимге алдырып, Бактиярдын эшигин каккылап ойготуп алар элем. Айта турган сөзүм жок болсо да, анын уйкусурап, бир чети “нерви” чыңалып туруусун каалачумун. Ал кээде “мени тынч койчу...” деп жалынчу. Анын мындай абалын аяганым менен, өзүмдү бийик коюп, оюма келгенди жасачу болдум.
Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, акыркы мезгилдерде көп ооруй турган болдум. Өзүмдү эч кимге керек эместей сезип, дарыланууга барган жокмун. Күн өткөн сайын Бактияр экөөбүздүн ырыбыздан чырыбыз көбөйдү. Ынак жүргөн чагыбызда акыл-насаат айтып, мамилебизге кийлигишкен адамдар мындай оор абалда калганыбызда “эми өзүңөр билесиңер...” деп четке чыгышты. Бактияр мурдагыдай болбой жашоого кош көңүл карап, эртеңки күнгө кол шилтеп койгонсуп жүрдү.
Ал эми Канат “атабыздан калган өчүбүз бар беле, менин сага көңүлүм түз. Убагында бир дасторкон четинде сыйлашып жүргөн күндөрдү кантип унутайын...” деп анткорлонуп, мени тынчтандырууга аракет кылды. Мындай ыйманы бузук инсандын жүзү курусун. Тилла мурдагыдай курбу бойдон калууга ант берип, “ката кылдым...” деп ыйлады. Ал кезде мен аны курбу катары эмес, адам катары эсептебей калган элем. Мени болушунча мазак кылышып, эми таза, ак болгулары келгендерин кара.
Бактияр дагы да болсо Канаттын акылын угуп, аны ээрчигенден калган жок. Анын төрүндө жашап, жакшылыгын көрүп, анан айылга барганда дос балдарына Бактиярды шылдыңдап ар кандай сөз чыгарып жүргөнүнөн да кабарым бар эле. Мүмкүн, Бактияр ак көңүлдүгүнөн уламбы же ага теңелгиси келбейби же чындап ишенеби биле албадым. Мен да кекенген ниетимден кайтпай, Бактиярды болушунча кыйнадым. Анын алсыздыгы, чечкинсиздиги мени да, өзүн да кыйнап, күн өткөн сайын дос-душмандардын алдында эки сүйлөгөн мүнөзү кадырын түшүрүп, өзү да эки анжы абалда калды.
Бул күнү Маликанын аңге­меси ушул жерден токтоду. Анын жөтөлгөнү түнү бою токтогон жок. Жука жуурканды жамынып, таң атканча бөлмөдө басып чыкты. Таң эрте өңү кер сары тартып, жүдөй түшкөнү билинди. Аяганыбыз менен, колубуздан келер айла канча? Текшерүү учурунда врач кошумча дары жазып, ийне сайдырды. Малика күрс-күрс жөтөлүп, сөзүн улады.
– Күн өткөн сайын абалым оорлоп, демим кысылып, эмчегимдин зырылдап оорутканы күчөсө да, эч кимге айта албай дартымдын азабын тартып жүрө бердим. Анан кимге айтам? Бактиярга менин өлүк-тиригим бир тыйындык иш эмес болчу. Үйдөгүлөр менен катыша албай калгам. Дос дегенден көңүлүм калып, жумушка да көңүлүм чаппагандыктан, кесиптештеримден да алыстай түшкөн экем. Мүмкүн, өзүм жаман инсан болгон үчүн ушундай абалда калгандырмын. Бирок канчалык мүнөзүм катуу болсо да, эч качан бирөөгө жамандык тилеп, жолуна тогонок болгон кара ниеттигим жок эле. Колумдан келсе жакшылык кылуу, алыс-жакыныма өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуу негизи ниетим эмес беле. Бир туугандарыма ачыгын айтсам түшүнүшөт беле, ким билет? Бир чети алардан корктум, аядым. Таптакыр айла кеткенде врачка кайрылууга туура келди. Анализ алып, медициналык аппаратка салгандан кийин врачтар менде рак оорусунун баштапкы белгилери бар экенин далилдешти. Эмчегимде өсүп чыккан бездер кадимки жумуртка сыяктуу жумуру тартып, кол тийгизген адамга даана байкалчу. Мындай бездер катуу соккудан, кыжылат болуудан же болбосо боюнан түшкөн аялдардын сүт бездеринин сезгенишинен улам пайда болорун билдиришти. Ошондуктан тез арада операция кылуу менен рак оорусуна бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн айтышты.
Эми кимден жардам сурайм? Бир туугандарыма айтып, апамдын оорусуна кошумча болууну такыр каалаган жокмун. Анын үстүнө агамдын таарынычы ушул күнгө чейин жазылбай, мени кечирген жок. Тапкан маянам ижара акысын төлөп, жеп-ичкенден артпайт. Теңселип туш келди басып жүрүп, дагы да болсо Бактиярга барганымды өзүм да байкабай калдым. Ага болгон нерсени айтып, далайга чейин ыйладым. Бактияр мени кучагына бекем кысып, чачымдан сылады. Куру болсо да “баары жакшы болот” деп айыгып кетүүмө ишендирди. Андан башка үмүт да, жардам да жок эле. Акча таап, өйдө-ылдый чуркаганча эле эки ай өтүп кетти.
Бул учурда жыл жаңырып, жаңы жыл тогошту. Мени операцияга эки курсташ кызым күзөтүп барышты. Жок дегенде оор операцияда турган абалымда Бактияр көңүл айтып жанымда болот деп үмүттөнгөн элем. Бирок ал айылга кетип калганын ошол күнү уктум.
Оорулуулардын көптүгүнөн улам үч күн гана ооруканада жатып, анан чыгып кетүүгө туура келди. Кесилген жерлерди дарылатып туруу үчүн, илмийип күн сайын врачка каттап жүрдүм. Ошол учурда мени жатаканадан чыгарып жибербеш үчүн, кечинде академиянын полун жууп, бир аз айлык алып иштейт элем. Күндүзү болсо элге таанымал инсандын колунда жооптуу катчы болуп иштечүмүн.
Башка жогорку окуу жайлардын жатаканасынан орун таап бергендерине карабай көгөрүп, азаптанып ошол жерде жашачумун. Жакшы сөз угуп маңдайым жарылбаса да, Бактиярга жакын жүрүүнүн өзү мен үчүн бакыт эле.
Операциядан кийин эңкей­ип жумуш кылууга жарабай калгандыктан, кечки жумушумдан чыгууга туура келди. Жатакананы жыл сайын эки жолу катуу тартипте комиссия текшерип, артык, мыйзамсыз жашагандарды чыгарып жиберчү. Мен да мыйзамсыз жашагандардын катарына кирип калгандыктан, бир айдын ичинде ал жерден чыгып кетүүгө туура келди. Ошондо куду депутаттык мандаттан куру жалак калгансып, пол жуугуч кызматынан кеткениме ичим ачышып ыйлаган элем. Аргасыздан мурда бирге окуган курсташ кыздарым менен бирге батирге чыктым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
italia
2010-05-05 14:44:52
Ушундай да таш боор болушабы эркектер?
0
gulia
2010-05-05 19:19:29
аай ушул Бактыярга ишенген кызды карагыла,эми озу эмне деген абалда калды
0
aizita
2010-05-06 03:55:37
baikush kyzdyn tagdyry jaman abalda turat,Jok degende Baktiar oorukanaga bir baryp koiso, adamdyk jakshy sapattary kalganynyn belgisi bolot ele go...
0
jumabek
2010-05-07 14:31:17
Бахтияр ишти кылышты билет екенсин го, катын кылышты билбейт екенсин
0
Замира
2010-05-07 14:34:25
siren' guldop butkonu kaldy kachan ayaktayt degi???
0
azalove
2010-05-07 15:24:49
Эркектердин чечкинсиздиги, дегеле адамдардын чечкинсиз сапаты коп учурда зыянга, оор кунго алып келет...
0
AazamatBBB
2010-05-09 07:08:54
эркектерди эле кунолой бербегиле кыргызда жакшы соз бар "аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы"-деген так что ойлонуп .......
0
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан