СЕРИАЛДАРДЫН ТААСИРИНДЕГИ ТРЕНДДЕР

Көчөдө спорттук шым менен бийик така кийген кыздарды көрүп таң калып жатасызбы? Көрсө, бул айкалышпаган айкалыштык бизге фильм, сериалдардын таасиринен келиптир. Баса, алгач ырчы, фотомодель Ким Кардашян спорттук шым жана такалуу бут кийим менен Париждеги мода көрсөтмөсүнө барган. Ойго келбеген нерсени айкалыштырганы үчүн элге алынып кеттиби, алгач атактуу актрисалар аны туурап, тасма, сериалдардан соң элге да жетти.
Негизи кино жаратуучулар моданы тасма аркылуу таратуу керектигин 1930-жылдарда эле байкашкан. Көргөн тасманын сюжетин эле эмес, андагы каарман кийген кийимдерди да эл талкуулашарын байкап, ошондон тарта дизайнерлер, режиссёрлор, продюсерлер бирдикте иш алып келишет. Учурда кино тартуучу топ сценарий жазгандан кийин дароо эле стилист, дизайнер, костюм боюнча сүрөтчүлөр менен кеңешип каармандын стилин табышат. Каармандын стилист жараткан образы ийгиликтүү болсо, 1-2 жыл эл ошол кийимдерди ээрчип кийинишери турган кеп. Сериалдардын толкуну Кыргызстанда кандай тренд жаратты байкап көрөлү.

"ДАҢАЗАЛУУ ДООРДУН" АСЕМ БУЮМДАРЫ



Эң көп каражат кеткен, узак өмүр сүргөн "Даңазалуу кылым" сериалынын таасири да элге күчтүү болду. Сериалдын башынан аягына чейин 5000 костюм тигилип, 15 миң метр кездеме кеткен. Кийим тигүүдө дизайнерлердин башында тажрыйбалуу Сердар Башбуг турган. Ал «Туура, биз заманбап адамдар эмнени көргүсү келсе, ошол кийимдерди жараттык. Ал заманда аялдар мындай ачык-чачык кийинген эместир, бирок биз мындай стиль менен сериалдын сапатын дагы да күчөттүк" деп интервью берген. "Даңазалуу доор" көрсөтүлүп жатканда жалтырак кийимдер, Хүрремдикиндей шакек, сөйкөлөр мода болуп кетпеди беле. Кечелерге таажы сымал жасалга кийип келген кыздарыбыз да көбөйгөн.

НИХАНДЫН СТИЛИ



"Түбөлүк сүйүү" экрандан пайда болгондон тарта башкы каарман Неслихан Атагүлдүн кийимдерин, боёнгонун, чач жасалгасын окшоштурган кыздардын саны өстү. Заманбап, өзгөчө, көркөм стилди ойлоп табышкан стилисттер Дениз Маршан менен Башак Дизер аттуу айымдар. "Нихандын жаш кезин жараткан образдарды өзүм да жактырдым. Актрисага баары жарашкандыктан, эксперименттерди көп жасадык. Сериалда аялдарды мен кийиндирсем, эркектердин стилин Башак Дизер Татлытуг карады",- дейт Дениз Маршан өз интервьюсунда. Стилист айымга баш бармак көрсөтүп "браво" десек болот. Нихандын көйнөктөрү, күрмөсү, бут кийимдери, асем буюмдары быйылкы жылдын тренди болду. Өзгөчө басым жасала турганы – шым кюлоттор. Учурда көчөдөн кюлот кийгендерди көп эле жолуктурууга болот.

"МЫКТЫ ЖИГИТТЕРДЕН" ЧАЧ ЖАСАЛГА



"Мыкты жигиттер" экранга чыгып, кыздарыбыз корей жигиттерине ашык болуп эле жатып калышкан. Тентек Гым Чан Дини сүйүп калган Гу Чжун Пёго биздин кыздар ашык болуп, ал тургай ага таасирленип Кыргызстанда тасма да тартылды. Ошентип корей толкунунан алган таасирибиз эркектердин жарашыктуу пальтолору жана эркектердин чач жасалгасы болду.

КЛОНОМАНИЯ



2001-жылы тартылган "Клон" сериалы Бразилиянын киноиндустриясында алтын тамгалар менен жазылып кала турган мыкты долбоор болгон. 90 өлкөгө сатылып, көп каражат топтогон. Кыргызстандын эли 2004-жылы Орусиянын Биринчи каналы тарабынан көргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Сериалдын таасири ушунчалык күчтүү болгон деңиз, жалтырак жука көйнөктөр, капюшондуу плащтар, туникалар, кенен тигилген дамбал сымал шымдар, жоолуктар мода болгон. Чачтарды Жадиникиндей тармалдатып, көздөр капкара чийилген кыргыз Жадилерин көчөдөн табууга болор эле. Чыгыш бийи да мода болуп, бий үйрөтүүчү курстардын күнү тууган.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан