БИР ТҮНДӨ КАНЧА ЖОЛУ КОШУЛСА БОЛОТ?

– Эркектердин кээси түнкүсүн аял менен көп кошулса жакшы дешсе, кээси күчтү сактап, аз кошулуу кажет дешет. Кайсынысы туура? Же тактап айтканда, эркек бир түндө аял менен канча жолу кошулса болот? Куба, Ташкөмүр
– Бир түндөгү кошулуунун саны ар бир эркектин табияттан берилген ал-күчүнө жараша болушу шарт. Эркек бир түнү 2 же 3 жолу кошулду дейлик. Эртеси эркек сергек туруп, көңүлү көтөрүлүп, өзүнүн денесиндеги ал-күчүн жакшы сезип, көчөдө кетип баратып сулуу келин-кыздарга көз артып, жымыңдап турса, бул – эркек үчүн норма. Ал өзүнүн ушул ченемин билип, үзүнүп-жулкунбай бир деңгээлде жашашы керек.
Ал эми 2 же 3 жолу кошулуунун эртеси эркектин өңү кубарып, денеси шалдырап, көңүлү чөгүп, жумушка барып үргүлөп отурса, эркек үчүн мындай жыныстык турмуш жарабаган нерсе. Бир сөз менен айтканда, аял менен жыныстык жактан кошулгандан кийин эргип, өзүңдү бактылуу сезип, дагы эле жыныстык жыргал сезимин эңсеп турсаң, ошол сенин нормаң.


“ТЕЗ ЖАРДАМ” КАТАРЫНДАГЫ ДАРЫЛАР БАРБЫ?

– Презервативсиз эле кокустан жыныстык катнаш болуп кетсе, бойдо болуп калбоо үчүн “тез жардам” катарында колдонулуучу кандай жакшы дарылар бар? Медина, Жалалабат.
– Жыныстык катнаш болоору менен “Постинор” деген дарынын бир таблеткасын ичүү керек. Анан 12 саат өткөндөн кийин дагы бир таблетканы ичүү кажет. Бирок, бул ыкманы бир айдын ичинде төрт жолудан ашык колдонуш керек эмес. Бул дары дарыканаларда сатылат. Бойдо болуудан алып калууга 99 пайыз кепилдиги бар. Айта кетчү нерсе, дарыгер-гинекологго кеңешке жекече кайрылуу мындан башка да кеңешке ээ болууңузга жеткирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
shado
2023-11-19 03:06:00
көтөн чучук а арткы жак болотта е ошондо емне алдынкы жагына киргизуу керекпи
0
shado
2023-11-19 03:07:00
Еркек аялды только алдынкы жагына уруусу керек болобу же емне арткы жагына урса деле болобу
0
shado
2023-11-19 03:08:00
жыныстык катнаш жаны уйлонгондор учун 3 кундо бир болушу керекпи же кереги деле жокпу
0
shado
2023-11-19 03:09:00
сураныч окуган сон жообун билсениз жазып койсонуз
0
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан