– Сен сүйүү тууралуу эмнени билесиң? Дегеле, сен үчүн сүйүү эмне? Ал «сени сүйөм» деген эки ооз сөз эмес. Сүйүү – сүйгөн адамың үчүн курмандыкка баруу, керек болсо, көздү ирмебей жанын кыюу, жакшы-жаман күндөрүн бөлүшүү. Сүйүү – майдан. Коргоп калсаң сеники, болбосо башканыкы. Аял болсом да ал майданда сен үчүн согуштум. Сен кайда элең? Сен качтың, коркоктук кылдың. Мен үчүн курмандыкка бармак тургай, бармагыңдын учун кыймылдатып койгон жоксуң. Баш көтөрүп апаңдын сөзүнө каршы чыга албай бизди коё бердиң. Сен анда али биз экенибизди биле элек болчусуң. Ошол күнү мен сага боюмда бар экенин айтмакмын.
– Аза, мен сага жаңылыгым бар,- деп моюнуңа асыла бергенимде суз гана мени өзүңдөн оолактатып койдуң.
Элейип туруп калган мага «сен апаңдыкына барып тур» дедиң. Кубаныч толгон көздөрүмдөн көзүңдү ала качтың. Ошондон баштап экөөбүз алыстай баштадык. Сен мени төркүнүмө таштап коюп, келбей айлап жүрө бердиң. Өзүм келдим. Сен кайра эле бир шылтоо менен мени жөнөтө бердиң. Таң калганым, экөөбүз мыйзам түрүндө ажыраша элегибизде, энең көздөп жүргөн кызга баш коштуң. Кабарды укканда ичим өрттөнүп кетти, отура калдым, буттарымдан күч кетип үч бүктөлүп түштүм. Денем, көкүрөгүм, жүрөгүм өрттөнүп бара жаткандай сезилди. Мен өрттөнүп жатканда силер кандай абалда болдуңар экен?
Апам (ушуга чейин кайненем деп айта албадым) мага таккан көшөгөсүн алып чыккандыр. Биздин бөлмөгө алып киргендирсиң. Менин жытым кете электе ал бөлмөгө башка жыт... Стоп! Болду, мен көз жаш төкпөйм. Биз ажырашып жаткандардын биринчиси да, акыркысы да эмеспиз. Кыямат кайым деле болуп кеткен жок. Тиги, бул, аркы деле ажырашып жатат. Тил табыша албадык, кайненем жашатпады, күйөөм акча таппайт же ичкич деген баналдуу жооптор. Ушунун ичинен меники экинчи пункт. Чын эле жашатпадыңыз. Апа, сизге ак дилден келин болгум келген. Бирок сиз ийгиликтүү уулуңузга мени эч ыраа көрбөдүңүз. Бардык эле кайненелер келинин баласына ыраа көрбөгөндөй, бир телпейген эле бирөө келип уулуңуздун жүрөгүнөн орун таап алганын кабыл албай койдуңуз. Мен баткан жүрөккө сиз да батат элеңиз, бирок ага жол бергиңиз келбеди. Ал биротоло меники болуп калчудай корктуңуз. Кээде «биз бири-бирибизди катуу сүйбөгөнүбүздө сиз мага анчалык каршы болмок эмес белеңиз?..» деп да ойлоп кетем. «Мага иштеген келиндин кереги жок, үйдө отурсун» дедиңиз, үй-бүлөнүн тынчтыгы үчүн макул болдум. Ал жеткен жок, колуңузга күң жумшап алгандай мамиле жасадыңыз. Ага да көнүп бердим. «Бул туубас катын болсо керек» деп нечен сыздаттыңыз. Боюмда бар экенин укканда деле өзгөрбөдүңүз.
Кызык, сенде кызматың, өң-келбетиң, айтор, баары бар, көздөгөнүңө жетесиң. Бир гана апаңдын алдына келгенде колго түшкөн партизандай болуп отуруп бересиң. «Жок, апа, бул да бирөөнүн баласы, менин сүйгөн жарым, андай мамиле кылбаңыз» дегенге алың келген жок. Баары бүттү, мен кеттим, бирок силер анда деле бактылуу боло албадыңар. Үйлөнгөндөн экинчи күнүнөн баштап кайра мени издеп жөнөдүң. Издей бересиң, келесиң, эзилип кайра кетесиң. Алсыз, чарасыз абалыңды көргөндөн күндөн-күнгө заарканып баратам.
«Акыркы жолу, экинчи келбейм» дейсиң да, эртеси күнү эле тереземдесиң. «Бир эле жолу көрөйүн, анан тентип кетсем да ыраазымын» деп жалбарасың. Ар дайым кечирим сурай бересиң. Мен кечирдим. Уулумду колума алган күнү кечирдим. Энелик күчтүү сезим экен, таарыныч да, кек да калбады. Өрттөнүп бараткан денеме кайра жашоо келди, үмүт пайда болду, ордуман тургузду. Апам «Катын жолдо, бала белде, уулума энеси өбө элек кыз алып берем» деп айтчу. Энеси өбө элек кыз сага бакыт болуп бере албасын түшүнбөдү. Түшүнгөн учурда бир нерсени өзгөрткөнгө кеч эле. Аттиң, ар бир эне ушуну өз учурунда түшүнсө кана? Ар бир кайнене уулунун бактысын өлчөп жатканда ушу акыйкатты билсе кана? Анда ажырашуулардын саны кыскарат беле? Атасыз өскөн уулдар азайса, аялдын такасында калган эркектер жоголуп, өз ою, өз чечими бар эркектер болот беле?.. Ким билет?..
Мээрим