КОНОК БӨЛМӨГӨ ЭМЕРЕК ТАНДАЙБЫЗ

Конок бөлмөсү – үйдөгү көп функцияларды аткарган эң чоң бөлмө. Ал жерге үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп эс алат, сыналгы көрүшөт, конок күтүлөт. Андыктан бөлмө жайлуу жана ыңгайлуу болушу зарыл. Аталган бөлмөгө эмерек алууда эмнелерге көңүл буруу керек? Бул боюнча интерьер-дизайнер Мукан Момбеков кеңеш берет.

ЗАМАНБАП КОНОК БӨЛМӨГӨ КЕРЕКТҮҮ ЭМЕРЕКТЕР

ЖУМШАК ЭМЕРЕК
(диван, кресло, отургучтар)
СТЕЛЛАЖ, СТЕНКА
ТАМАКТАНУУЧУ СТОЛ, ЖУРНАЛ СТОЛУ
СЫНАЛГЫ, ҮЙ КИНОТЕАТРЫ ҮЧҮН ТУМБА

ЖУМШАК ЭМЕРЕК


Жумшак эмерек тандоодо конок бөлмөнүн көлөмүн эске алуу керек. Конок бөлмөңүздүн аянты чоң болсо, анда коркпой эле 4 орундуу диван, софа, креслолору менен алсаңыз болот.

Эгер конок бөлмө чакан болсо, анда эки орундуу же болбосо трансформер эмеректерди жайгаштырганыңыз оң. Трансформер эмеректер жасалышына карата жазсаң диван, уктоочу керебет, жыйнасаң текче болуп бир нече кызматты аткара алышат.

Жумшак эмеректин түсүн тандоодо дубалдын өңү эске алынат.
Мисалы:

  • Дубал – көгүш, диван – көк
  • Дубал – саргыч, диван – күрөң
  • Дубал – сыя, диван – сирень өңдүү
  • Дубал – ак, диван – кара
  • Дубал – агыш, диван – боз
  • Дубал – боз, диван – ак
  • Дубал – ак, диван – саргыч

СТЕНКА, СТЕЛЛАЖ

Эсиңиздерде болсо керек, мурун көп үйлөрдө калдайган, көп орунду ээлеген стенкалар турчу. Бүгүнкү күндө көпчүлүк алардын ордун модулдук эмерек, стеллаждар менен алмаштырып келишет. Алардын өзгөчөлүгү эмнеде?

  • Интерьерге көрк кошушат.
  • Аз орунду ээлеп, кошумча метрлерди тартуулашат.
  • Башка эмеректин да милдетин аткара алышат. Мисалы, сыналгы коюучу тумбанын, керебеттин.
  • Керексиз буюмдарды жашырышат.

КРЕСЛО, ОТУРГУЧТАР

  • Өтө жапыз болбой, отура турган бөлүгүнүн бийиктиги 40-42 сантиметр болушу шарт.
  • Кресло жумшак, бирок отурган адамдын жамбашы ылдый кирип кетпегендей абалда болушу зарыл. Мындай креслолор отуруп-турганга ылайыктуу.
  • Конок бөлмөгө коюлуучу отургучтар кишинин санына гана эмес, тамактануучу столдун узун-туурасына карап алынышы керек. Бир отургуч 65-70 сантиметрди ээлегени туура.

ТУМБА


Заманбап конок бөлмөнү аудио жана видеотехникасыз элестетүү мүмкүн эмес. Сыналгы, үн чыгаруучу колонкаларды жана башка техникаларды тумбочкаларга жайгаштыруу туура.

  • Текчелүү, сурмалуу тумба тандасаңыз, ашыкча буюмдарыңызды ал жакка ката аласыз.
  • Дөңгөлөктүү тумбалар сыналгыны каалаган тарапка буруп көрүүгө көмөктөшөт.

ТАМАКТАНУУЧУ СТОЛ

  • Конок бөлмөгө киши көп чогулгандыктан, тегерек же сүйрү стол ылайыктуу. Басып-турганда, бийлегенде столдун кырына урунбайт.
  • Колуңуздан келсе, конок бөлмөгө трансформер стол жайгаштырыңыз. Аны кишинин санына карап кичирейтип, чоңойтуп алууга болот.

ЖУРНАЛ СТОЛУ

Бул конок бөлмө үчүн керектүү каражат. Анын орточо бийиктиги 50 сантиметр болушу керек. Бөлмө чакан болсо, анда куб түрүндөгүсүн тандаңыз, ичине керексиз нерселерди жашырууга болот.

КОНОК БӨЛМӨҢҮЗ ЧАКАН БОЛСО...

ДУБАЛ


Ак, агыш, саргыч, көгүш, мала-күлгүн өңдөр бөлмөнү кең көрсөтүшөт. Туш кагаз чаптай турган болсоңуз, анда төмөнкүлөрдү эске алуу керек.

  • Туш кагаз ак, агыш, саргыч, көгүш сыяктуу ачык өңдө болушу шарт. Өтө ачык түстөр кызыл, жашыл, көк түстөр, тескерисинче, бөлмөнү тарытат.
  • Туш кагазга түшүрүлгөн сүрөттөр чоң эмес, майда болгону туура.
  • Дубал жапыз болсо, анда туш кагазды шыпка жеткире чаптаңыз. Бул бөлмөнү бийик көрсөтөт. Багет чаптасаңыз, анын ичке түрүн тандаңыз. Эндүү багет бөлмөнү ого бетер жапыз көрсөтөт.

ШЫП
Ак түстөгү шып бөлмөгө бийиктик тартуулайт. Ошондой эле учурда кеңири колдонулуп жаткан чаптама шыптар тар бөлмөлөр үчүн ылайыктуу. Биринчиден, ал жалтырак болгондуктан жарыкты жакшы чагылдырат. Экинчиден, бөлмөнү ар тараптан кенен көрсөтөт.

ПОЛ
Чакан бөлмө үчүн бир өңдөгү пол төшөлгө тандоо зарыл. Кубик, ромбик сыяктуу фигуралар түшүрүлгөн төшөлгөлөр бөлмөнү тар көрсөтөт. Мындан сырткары полго бир өңдөгү килем төшөө сунушталат.

ТЕРЕЗЕ
Жарык бөлмө көзгө кенен көрүнөт. Андыктан чоң жана көп сандагы терезелер ар дайым утушка ээ.
Чакан бөлмө үчүн калың, күңүрт кездемеден тигилген парда тагууга болбойт. Жука, ачык түстөгү, майда сүрөттөрү бар пардалар бөлмөгө кенендик тартуулайт.

ЖАСАЛГАЛАР, КООЗДУКТАР
Чоң картиналар бөлмөнү чоң, ал эми көп санда илинген майда картиналар тар көрсөтөт. Картинаны терезеден тийген жарыктын маңдайына илүү керек.
Жаркыраган буюмдар кичине бөлмөлөр үчүн эмес. Булар бөлмөнү тар жана иретсиз көрсөтөт. Кичине бөлмө үчүн бир эле көзгө көрүнүүчү жаркыраган нерсе жетиштүү. Мисалы, ваза, гүл же торшер. Мындай нерселерди эшиктин жанындагы бурчка койсо болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан