(Башы өткөн сандарыбызда)
– Балким, башка аялдан бактылуу болот белең? А сен антпедиң. Таштап кете албай койдуң. Сен ашкере мээримдүү, ашкере адамгерчиликтүү жансың, Иман. Сенден башка бирөө болсо, мен деле баш оогон жакка басып кетмекмин. Бирок мен да сенсиз жашай албасымды түшүндүм. Анан да таптакыр эле үмүтүм үзүлбөй койду. Өзүң деле билесиң го, кайда гана барган жокмун. Бирок үмүтүм үзүлгөндө кеч болуп калган экен. Эми айтарым, Иман, жоголгон уулуңду изде. Чоңоюп калгандыр эмдигиче, түшүнөт. Түшүнбөсө да издеп табуу – сенин парзың.
Иман Гүлнаранын сөзүн бөлдү.
– Эмне деп жатасың, ыя?! Кайдагыны айтып жүрөгүмдү козгобочу! Батыраак айыгып кетейин десең боло!
Имандын үнү калтырап чыкты. Ал терезени карап бир аз турду да:
– Кой, мен жолго даярданайын,- деп ооз учунан күңкүлдөп, аялы менен коштошуп койбой палатадан чыгып кетти.
Ордунан араң турган Гүлнара терезеге жакын барып, күйөөсүнүн артынан телмире карап кала берди. Ал Имандын кычыраган карды жиреп өзүнөн-өзү буулугуп, кыжалат болуп баратканын далысын карап эле сезди.
Иман болсо алдыда тагдырдын бороон-чапкыны күтүп турганын сезбей узап бараткан эле. Балпалактап жааган кар тез эле анын караанын көрсөтпөй салды.
Шырп алдырбай акырын баскан Айша дагы да болсо чөк түшүп отуруп алып кыл кыягы менен алышып жаткан уулун көрүп, анын көктүгүнө таң берди. «Мынчалык эмне көжөлдү, байкуш бала? Дүйнөнүн бардык рахатын ушул кыл кыяктан алчудай болду го...»
Рустам башын көтөрө калып маңдайындагы терин аарчыды да, күнөөлүү жылмайып койду.
– Алың кандай, балам? Казактарды жолго таштачудайсыңбы?
– Көрөбүз го, апа. Бирок ал жакка казактар эле эмес, бүт Азия боюнча кыл кыякчылар барат эмеспи, жүрөксүп турам.
Рустамдын көзү апасынын колундагы нерсеге түштү.
– Колуңуздагы эмне, апа?
– Булбу? Бул сага, балам.
Айша колундагы тумарды өйдө көтөрдү. Бурчтарында көз мончоктор тизилген кадимки эле үч бурчтук тумар.
Рустам күлүп жиберди.
– Эмне, апа, ушуга да ишенесизби?
– Шайтан десе, күлбө. Бул ийгилик алып келет. Кана, кел, көзү жамандан, сөзү жамандан сактасын. Моюнуңдан эч түшүрбө.
Айша тумарды уулунун моюнуна илип жатып, жалына кетти.
– Козум десе, деле боюң теректей болуп кайда баратат, билбейм.
Айша ырым кылган бул тумар атасыныкы экенин Рустам билген жок. Балапанын коргогон чымчыктай уулун жаман көздөн сактаган эне байкуш ушинтип узатып калды.
***
Алматы. Кең зал. Музыканын толкунунда термелген эл. Сахнанын артында тыпырай баскан адамдар. Ары-бери өткөндөр кайдыгер сыяктуу обочодо жалгыз турган жигитти таң калып карап коюп жатышты.
Рустам кыл кыягын колуна мыкчый кармап алып сахнага чыкчу мөөнөтүн күтүп, бир калыпта ойлуу турду. Бир аз чытылган кабагы болбосо, жүзүндө эч бир апкааруу, жүрөксүү сезилбейт. Балбылдаган кош жанары гана купуя сыр каткандай муңайым.
Аңгыча Шамил келип Рустамдын далысынан аста таптай кулагына шыбырады:
– Ну, дорогой, азыр чыгасың. Техника, техниканы унутпа, макулбу?
Оозун жыйып алгыча эле алпаруучу кыздын коңгуроодой үнү:
– Жаш талант, Иманов Рустам!- деп жаңыра түштү.
Иман алдыда кадырлуу коноктордун катарында отурган эле. Кыл кыякты оңдой кармап чыгып келаткан баягы жигитти дароо тааныды. “Ооба, ошол...”
Эмнегедир өзү чыгып жаткандай апкаарып, жүрөгү туйлай түштү. Кең залдын ортосунда турган жигиттин кыймыл-аракети, өңү тааныш көрүнө баштады.
Рустам аста жүгүнүп коюп ойной баштады. Сыбызгыган күү кең залга толуп чыкты. Жигиттин жүрөгүнүн ар бир кагышы музыканын кайрыктары менен кошо термелип жаткандай. Иман таң кала карай берди. Сезимди сергитип, жан дүйнөңдү козгоп черткен адамды биринчи көрүшү. Иман эле эмес, бүт эл сыйкыр музыканын дүйнөсүнө арбалгандай тымтырс.
Рустамдын бул учурда көөдөнү алып учуп, өзү да асман-жердин ортосунда тургандай абалда эле. Ушул жерде ушул күүнү угуу үчүн жаралгандай залдагы элди да, өзүн да унутуп, жан дили менен ойноп жатты. Акыркы кайруусунда башын силке берип моюнун бурганда, Имандын көзүнө баягы кызыл тумар көрүнө түштү.
«О-о, Кудай, эмнени көзүмө көргөзүп турасың? Бул менин тумарым го, кандайча?..» деп күбүрөп жиберди.
Курч көздөрү Рустамдын өңү-башын сыдыргыдан өткөрүп, дилинде сызылган капилет ойдон өзү коркуп кетти. Бир саамга тигилип туруп, эрксизден көзүн жумуп жиберди.
Ооба, канчадан бери учугу түгөнбөгөн ойлордун жообу, бул жигиттин өзүнө окшоштугу болчу.
«Жок, жок, түшүм, түшүм болуш керек...» деп жанталаша кобурап жиберди. Башы дүңгүрөп, кол чабуулар менен сахнадан чыгып бараткан Рустамды карап, катты да калды.
– Имаке, эмне болду?! Өңүң кантет?!- деди күйпөлөктөгөн досу.
– Жок, жок, эч нерсе эмес!
Өңү чөптөй кубарган Иман чалынып-чулунуп сахнаны көздөй умтула берди. Көөдөндөгү оргуштаган сезимдерден денеси титирей сахнаны көздөй жөнөдү. Ал өмүрүндөгү качандыр бир жоготкон бактысына талпынып бараткан эле.
– Ай, шайтаным, ушундай мыкты ойнодуң да! Мен билгем, мен сага ишенгем, азамат!
Катуу бакылдаган Шамил Рустам сахнанын артына өтөрү менен кучактай калды. Көздөрүнө жаш чайыган Шамил шакиртин боорунан чыгарбай көпкө кучактап турду.
Мына, канчадан бери көжөлгөн эмгегинин кайрымжысы!
Ал эми Рустам дале бир калыпта. Болгону, өмүрүндөгү зор ишти аткарып койгондой жеңилдене түшкөнүн сезди. Агайынын кучагынан эптеп бошонуп, шалак этип орундукка отуруп калды. Көкүрөгү жеңилдей түштү. Шамил гана толкуган кубанычын жашыра албай «ай, азамат!» деп беш айтып, өзүнчө кубанып жүрөт. Агайына бир чети күлкүсү келип, бир чети эреркей түштү. Апасынан кийинки эле жакын адамы ушул Шамил агайы. Апасын эстээри менен ордунан ыргып турду.
– Агай, азыр, бир мүнөт... Апама телефон чалам деп убада берген элем. Мен азыр...- деп чуркап жөнөдү.
Ошол учурда Шамил ары жактан көрүнө берген Иманга карап, кыйкырып коё берди.
– Имаке, көрдүңбү, ыя?! Менин Рустамымды көрдүңбү?! Чымындын учканы угулуп турду го, чиркин! Талант, тубаса талант эмей эмне, ээ?!
Иман анын сөздөрүн угуп-укпай басып кетти. Көзүнө көрүмчүдөй кайып жоголгон элести издеп, алды-артына кылчактап жатты. Астында ким сүйлөп жатат, ким турат, ага азыр баары бир эле. Жүрөгү солкулдап, уулун издеген ата миң мертебе жаратканга жалынып жатат. Бирок ал күнү ата-баланын жолугушуусу болгон жок. Сахнанын артын беш айланып чыгып өңүнөн кетип, алдан тайып отуруп калды. Дубалга сүйөнүп, бир жерди тиктеп отурган досун Анвар сахнанын артынан тапты.
– Ой, сен эмне отурасың? Концерт аяктагандан бери ары карап, бери карап сени таппайм. Мунун чокунган попко окшоп отурганын көр, ха-ха-ха... Жүрү эми, мейманканага,- деп Иманды колтуктап алган Анвар досунун өңүн байкап, чочуп кетти.
– Иман, сага эмне болду?
– Эч нерсе.
Ордунан теңселип араң турган Иман дагы эле эки жагын үмүттүү карайт.
Күрсүнүп алып досунун жетегине көнүп берди. Мээси лукулдап чыккан Имандын көз алдында дагы эле кызыл тумар. Ооба, ошол тумары Айшада калган экен.
Бир жолу мончогу үзүлүп кетип, “мончок тагып келем” деп кеткенин эстеди. Ошол боюнча унут болуп калган эле.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы кийинки саныбызда)