Аско, ырчы: "УЛУТЧУЛ ЭМЕСМИН, ОШОНДУКТАН КЛИБИМЕ ОРУС КЫЗДЫ ТАРТКАМ"

Жаш ырчылардын катарын толуктап, рэп айткан Аско бүгүн биз менен маек курду. Табиятынан шайыр, тамашакөй мырза биз билбеген таланттары, келечек пландары менен ой бөлүштү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү: Асылбек Анаркул уулу
Туулган жылы: 16-декабрь, 1991-жыл
Репертуарындагы ырлары: "Арнаймын", "Сүйөмүн дечи", "Дария" "Болсоң жубай", "Шекер кыз", "Чыгыш жомогу" (Чолпонай), "Өмүр белеги" (Айя Садырова)
Үй-бүлөлүк абалы: 1 кыздын атасы
Учурда: Бишкек гуманитардык университетинде журналистика адистиги боюнча билим алууда.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АРАЛАШУУ

– Чыгармачылыктын бир тамгасын түшүнө электе эле сахнага чыгам деген балалык кыялым болгон. 8 жашымдан тарта бий ийримине катышып, "Star Dance" деген бий тобунда бийчи болуп жүрдүм. Ырчы Мирбек Атабековдун чыгармаларына көп бийлеп жүрүп, ошол байкемдей болгум келчү. Бой жеткенде кафелерде ырдап жүрдүм. Ошентип сахнага бардык тепкичтерди басып келдим.

ЭМНЕ ҮЧҮН АСКО?

– Азан чакырылып коюлган атым Асылбек. Үйдөн ата-энем "Аска, Аско" деп эркелетип айтышчу. Досторум дагы "Аско" дешет. Ошондон улам сахнага кулагым көнгөн эле Аско деген ат менен чыга берейин деп чечтим. Атымды сахна үчүн ойлоп таап, оригиналдуу болсун деген ниетим болгон эмес. Анын үстүнө жашпыз, жаңы кадамдарды жасап жатабыз. Келечекте белгилүү болуп кетсем, анда толук аты-жөнүм менен чыксам керек.

РЭПЕРБИ ЖЕ ЫРЧЫБЫ?

– Негизи өзүм ырчымын, вокал боюнча 3 жыл билим алгам. Ал эми рэпти бир-эки жолу аткарып калдым, аябай жакты. Буюрса, келечекте мыкты рэпер болом деген ниетим бар. Ырчылыктан сырткары битбокс (ооз, тилдин жардамы менен музыкалык үн чыгаруу) менен 2 жарым жылдан бери алектенем. Бул менин хоббим. Келечекте битбокско кызыккан жаштарга ийрим ачып, өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшкүм келет.

СЫНГА КАБЫЛГАН "БОЛСОҢ ЖУБАЙ" КЛИБИ

– Бул клипти 2 жыл мурун тартканбыз. Башкы каарман катары 17 жаштагы Юнита деген орус кызы тартылган. Улуту башка болгон үчүн сындагандар көп болду. Биз көп улуттуу мамлекетпиз. Баарыбыз алакандай жерде жашайбыз, бизде бөлүнүү деген түшүнүк болбошу керек. Мен улутчул эмесмин, ошондуктан орус кызды сунуштаганда дароо эле макул болгом. Клипте камтылган башкы идея бул – азыркы жаштар улутуна карабай баш кошуп жатышпайбы. Бул деген эки элдин достугун, ынтымагын бекемдөө дегенди билдирет. Башында "клипке орус кызды тартайын деп жатам" десем, ата-энем да каршы болуп, "эл эмне дейт?" деген. Көп ойлонуп, кеңешип сынга алына турган клип болот, тарта берели деп чечтик.

УУРДАЛГАН ИДЕЯ

– Орусиялык "Мачете" тобунун "Нежность" клибин көрүп, андагы бир нече учурлары аябай жагып калган. Анан ошол клиптин мотивинде тарттык. Клиптин айрым учурларын кошуп койгонбуз. Бирок 20-30 пайыз окшоштугу бар. Толук көчүргөн эмеспиз. Бул нерсенин чын экенин танбайм.

БАЛАЛЫГЫ

– Жерлигим Жалал-Абад облусунун Аксы району. Бирок ата-энем борборго көчүп келип, бул жакта эле чоңойдум. Чоң ата, чоң энем Аксыда турушат. Кичине кезимде көп барчумун, чоңоюп, үй-бүлө кургандан кийин көп каттабай калат экенсиң. Балалыгымдын кызыктуу мүнөттөрү Аксыда өттү. Чет өлкөдөн келген туристтерди Сары-Челектеги Тоскол-Ата деген көл менен тааныштырып, кичинекей гид болуп жүрчүмүн. Болбосо өзүм кичинекей, капкара бала элем. Айылда өткөн дагы бир кызык күндөрүм, чак түштө элдер эс алып уктаса мен ысыкта көчөгө чыгып алып, максатсыз ары-бери басып, "Ананайын" деген ырды кыйкырып ырдап жүрө берчүмүн.

СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫНЫН КОЛУН ЫР МЕНЕН СУРАП...

– Бегайым менен 18 жашымдан баштап кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 5-6 жылдан кийин баш кошконбуз. 2015-жылы колун сурайын деп "Болсоң жубай" деген ырымды жаздыргам. Анан клибине өзүң тартыл десем макул болбой, анын уруксаты менен орус кыз тартылып калган. Бирок Бегайым үчүн болчу. Элге көрүнгөндү жактыра бербеген адам. Азыр ортодо 5 айлык Дария деген кызыбыз бар. Үй-бүлөлүү болсоң ошолорго карап калат экенсиң. Кызыма арнап "Дария" деген ыр жаздыргам.

ТАЛАНТТУУ ҮЙ-БҮЛӨНҮН БАЛАСЫ

– Атам да, апам да жакшы ырдашат. Өздөрүнүн тар чөйрөсүндө дайыма ырдап, тамадалык кылган жайы да бар. Бирок музыкалык жактан билим албагандыктан сахнага чыккан эмес. Бир сөз менен айтканда, элдик таланттар. Буюрса менин балдарымдын ичинен бирөөсү сөзсүз чыгармачыл болот го.

ЖОГОРКУ БИЛИМИ

– Өзүм брейк-данс бийине аябай кызыгып, бийчи болом деп жүргөм. Бирок ата-энемдин каалоосу менен Бишкек гуманитардык колледжинде юридикалык билим алдым. Ушуну менен чыгармачылыкка аралашпай каламбы деп жүргөндө бир тууган эжем келип ата-энемдин оюн өзгөрттү. Өзү дагы чыгармачыл чөйрөгө жакын, үнү да бар. Бирок билим деп жүрүп шоу дүйнөгө аралашпай калды. Эжем "мени уят кылбай ийгиликке жет, ишеничимди акта" деди. Ошондон кийин консерватория алдындагы мектеп-студияда 3 жыл эстрада вокал боюнча билим алдым. Азыр жаңы ырларды жаздырганда, клип тарттырганда биринчи эле оюма эжем келет. Ишеничин актап жатам деп коём ичимден. Учурда үчүнчү жогорку билим алып жатам.

БАТА МЕНЕН ИШ БАШТОО

– Бата менен эл көгөрөт эмеспи. Кандай гана иш жасабайын сөзсүз биринчи ата-энеме айтып, алардын кеңешин угам. Андан тышкары чыгармачыл жаатындагы агаларымдын оюн угуп, анализ кылып бир жыйынтык чыгарам. Канткен күндө деле алардын мага караганда турмуштук тажрыйбасы зор. Бул деген катачылыктардын, кемчиликтердин алдын алуунун жалгыз жолу. Кеңешип кескен бармак оорубайт.

ИНСТАГРАМ АСКО ҮЧҮН

– Инстаграм – менин социалдык досум. Сутканын кайсы гана бөлүгү болбосун ар дайым менин жанымда. Алыскы адамдарым менен жакындатат. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Мисалы, клипке каарман издегенде дароо эле Инстаграм аркылуу кастинг жарыялап коём. Аз убакыттын ичинде ал маселе да чечилип калат. Ошондой эле достуктун казынасы десем дагы болот. Себеби Инстаграм аркылуу чет өлкөлүк досторду таптым.

"Үй-бүлө куруп, бир кыздын атасы болсом дагы балалык кыялым, шоктугум кала элек".


"Ырчы Чолпонайдын сунушу менен "Чыгыш жомогунда" биринчи жолу рэп айткам".


Бактыгүл Момбекова
Сүрөттөр каармандын
өздүк архивинен алынды
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аско: "Чыгармачылыктын чокусуна чыга элекмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nurik-95
2017-08-01 11:17:11
Менин жердешим турбайбы Аксыдан болсо
0
Mba-992
2017-08-01 16:04:18
жакшы маек курупсуз,ийгилик каалайм!уй булоонуз менен бактылуу болунуз!
+2
mi2000
2017-08-01 20:18:48
Тамашакой, жайдары ырчы екен. Ийгилик ишине.
+2
Naiman39
2017-08-01 23:31:28
Молодец керек болсо тажиктердида тарт улут болбогонун туура
+1
Medinaa
2017-08-02 00:12:19
Келбети Джим Керриге окшош.
0
Bishkek
2017-08-04 12:07:49
Азамат, менин да жерлешим турбайбы уй булон менен бактылуу бол онугуп осо бер
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан