СЛЕНГ ТИЛДИ БАЙЫТАБЫ ЖЕ БУЗАБЫ?

Тил – бул коомдун күзгүсү болуп, сүйлөп жаткан адам аны менен өзүнүн маданиятын, сүйлөө тажрыйбасын, социалдык статусун же жөн гана тарбиясын көрсөтө алат. Замандын өзгөрүүсүнө, өнүгүүсүнө ылайык тил барган сайын жаңы сөздөр менен толукталып жатканын байкоого болот.


СЛЕНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Сленг
(англисчеден "slang") – бул кадимки сөздөрдүн ар түрдүү топтордогу (кесибине, жаш курагына, коомдо ээлеген ордуна жана башка) жаңы мааниси же өзгөчө топтому. Ал категориясына жараша негизинен жаштардын, спорт сүйүүчүлөрүнүн, аскерлердин, компьютер оюнчуларынын жана башка ушул сыяктуу болуп чөйрөлөргө бөлүнөт. Сленгди кээде диалектизм, вульгаризм, жаргонизм сыяктуу түшүнүктөр менен байланыштырышат.

КИМ ОЙЛОП ТАБАТ?

Сленгдерди өспүрүмдөр же тиешелүү бир топтогу адамдар кайсы бир учурларда эмоциясын толук бере албай калганда башка тиешеси жок сөздөрдү негизги же жардамчы сөз катары кошуп жиберишет. Кээ бир топтогу адамдар бири-бири менен сүйлөшүүдө өздөрү гана түшүнгөн сыр сөздөрдү ойлоп таап алышат. Бара-бара ал сөздөр элге тарап сленгге айланып кетет.

СЛЕНГДЕР ДА ТРЕНДДЕ БОЛОТ

Коомдо жаңы мааниге ээ болуп калган, ал тургай, айрым маанисиз, маданиятсыз сөздөрдүн аз убакыт аралыгында жаштардын лексиконуна кошулуп, модага айланып кеткени таң калтырбай койбойт. Мисалы, азыр айрым кыргыз жаштары интернетте болобу, көчөдөбү кимдир бирөөнү мактап же суктанганын билдиргиси келсе, ага "зыңк" же "теке" деген сыяктуу сөздөрдү колдонушат. Ал эми экинчи тарап бул көрүнүшкө чочубай, түшүнүү менен кабыл алат.

"МАДАНИЯТТУУ СҮЙЛӨӨ БОЮНЧА САБАКТАРДЫ МЕКТЕПТЕРГЕ КИРГИЗҮҮ КЕРЕК"

Коомго түп тамыры менен сиңип калган мындай сөздөрдү акырындап жок кылыш керек экенин филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Маразыков айтат.
- Cүйлөө маданиятында кептин тазалыгы деген бөлүм бар, ошол бузулуп жатат. Тилекке каршы, жаштар абакка отуруп чыккандарды үлгү көрүп, алардын жаргондорун үйрөнүп, ал сөздөрдү тыңсынуу менен айтып, аброй күтүүнү максат кылып жатышат. Мындай сөздөр биздин коомго мода катары сиңип баратканы өкүндүрөт. "Хата" же "базар жок" деген сыяктуу таштанды сөздөр күнүмдүк турмушта колдонулуп, элге сиңип баратканы жакшы көрүнүш эмес. Мындай сөздү сүйлөгөн адам байкабай ошол абактагы адамдын рухун өзүнө сиңирип алат. Сөздүн ошондой касиети болот. Ошондуктан терең ойлонуп тандап сүйлөө кажет. Жаргондор сүйлөө маданиятында терс көрүнүш катары кабыл алынып, адамдын билим деңгээлинин тайкылыгынан, маданиятсыздыгынан кабар берет. Ар ким өзү каалагандай сүйлөй берсе, тилдин тазалыгы, тактыгы, логикасы бузулат. Бул көйгөйлүү маселени жок кылуу үчүн орто мектептердеги тилди окутуунун концепциясын өзгөртүп, сүйлөө маданиятын үйрөтүүчү сабактарды киргизиш керек. Андан тышкары массалык маалымат каражаттары аркылуу да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт.

"ТАЗА СҮЙЛӨӨ КИТЕП ОКУУДАН БАШТАЛАТ"

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев илгери кыргыздарда сүйлөө маданияты күчтүү болгонун, кыргыз тилинде бир эле сөздүн бир канча синоними бар экенин, тилибиз канчалык бай экенин белгилейт.
- Ар дайым сөз менен иштеген адам кыргыздын сөздөрүнүн кымбаттыгын, таттуулугун, тереңдигин, кенендигин биле алат. Анын керемет экенине суктанып, ушул тилде сүйлөгүсү, жазгысы келип калат. Бирок жаштардын көпчүлүгү китеп окубаганынын айынан өзүбүздүн нукура кыргызча сөздөрүбүз өзүбүзгө өөн угулуп, чоочун сезиле баштайт. Ошентип айрым сөздөр унутта калып калат. Ал эми азыр жаштар колдонуп жаткан сленг сөздөрдү кыргыздын нукура, кооз сөздөрү менен алмаштырса болот. Мисалы, адам бирөөнү сыпаттоодо сымбаттуу, кымча бойлуу деген сыяктуу маңыздуу сөздөрдү колдонсо кооз жана маанилүү сүйлөгөн болот. Тилекке каршы, коомчулукка терс көрүнүштөр бат сиңет экен.
Азыр айылдарда сөз баккан аксакалдар деле азайып калды, массалык маалымат каражаттары да мурдагыдай эмес. Ошондуктан жаштар, көп окугула, таза сүйлөө китеп окуудан башталат. Китеп аркылуу дүйнө таанымды эле эмес, сөз байлыкты да өстүрөсүңөр.

"ЛЕКСИКА ЖАҢЫ ТЕРМИНДЕР МЕНЕН БАЙЫЙТ"

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинин деканы Каныбек Кенжешев эл өзүнө жаккан сөздү кабыл алып сүйлөй берет дейт.
- Коом алмашып, ааламдашуу доору келип жаткандан кийин тилге жаңы сөздөрдүн кириши туура эле көрүнүш. Алсак, "бизнес", "менеджер" деген сыяктуу терминдер акырындан биздин лексикабызга кирип, аны байытып жатат. Ошол сыяктуу эле жаргондор, сленгдер да коомчулуктун оозуна алынып, сиңип жатканын көрүүдөбүз. "Андай сөздөрдү сүйлөбөгүлө" деп эч ким эч кимге тыюу сала албайт. Коомчулук өзүнө жаккан сленгди сүйлөй берет. Болгону алардын арасынан мааниси өзгөрүп кетпеген жакшы сөздөрдү тандап алып сүйлөсө жарашат.

«Супердин» сурак бурчу

КОЛДОНУУДА ЖҮРГӨН СЛЕНГДЕРДИН МААНИСИН ТҮШҮНӨСҮЗБҮ?

Добр, рэп аткаруучу:

"Сенсиз деле жашоом зыңк" деген ырдагы "зыңк" деген сөздү "сонун" деген мааниде колдонгонбуз. Менимче, бул ыр ошол сленг үчүн элге бат тарап кетти. Чет тилдер да улам ушундай жаңы сөздөр менен толукталып турат эмеспи, биз деле "зыңкты" сөзүбүзгө кошулуп жаткан жаңы сөз деп кабыл алсак болот.

Гульзат Нурбекова, менеджер:

– Акыркы учурда сленгдер менен сүйлөгөн жаштар көбөйүп кетти. Менин оюмча, базар сөздөрүн турмушта колдонгонубуз туура эмес. Ошол эле жаргондорду таза кыргызча сөздөр менен алмаштырсак болот. Колдон келсе, сленгдерди тилибизден алып салып, маданияттуу сүйлөгөнгө үйрөнсөк.

Эмил Эсеналиев, тамашоучу:

– Мен интернетке жүктөп жаткан роликтердеги "дэң-дэң-дэң" деген сөздүн эч кандай мааниси, чечмелениши же түшүндүрмөсү деле жок. Жөн гана сөз арасында жардамчы сөз катары кошуп коёбуз. Кээ бирөөлөр жакшы эле түшүнсө, айрымдары туура эмес кабыл алып жатышат. Мен фишка катары эле колдоном.

Ильяз Сыдыков, студент:

– Биз достор арасында "теке", "зыңк" деген сөздөрдү көбүрөөк колдонобуз. Бул күчтүү, мыкты деген маанини билдирет. Мисалы, бирөө жаңы унаа сатып алса, "унааң теке экен" деп айтса болот. Ушуга окшогон сленгдер айрым кырдаалдарда эмоцияны толук жеткиргенге жардам берет.

Фатима Эрнистбек кызы, журналист:

– Байкашыма караганда, жаргон, сленгдер менен "ооругандар" да бар. Алар кандай жаңы сөз чыкса, дароо жаттай калып, коомго бат жайылуусуна өбөлгө түзүшүүдө. Жаштар мындай сөздөрдү тамаша катары ич ара колдоно беришсин, бирок чектен чыкпай, орду менен сүйлөшсө жакшы болмок.

Бекзат Айтыкулов, студент:

– Мен да жаштардын агымы менен сленг, жаргондорду колдонуп келем. Мисалы, достор арасында "ал дэң-дэң жүрөт", "катуу-катуу" же "таш" деп сүйлөшүп калабыз. Бул кыйын жигиттерге берген баа катары кабыл алынат. Мындай сөздөр бара-бара көбөйсө керек.

Малик Жээнбеков, студент:

– Мен жаргон, сленгдерди кошуп сүйлөбөйм. Билишимче, сленг кошуп сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү ал сөздөрдүн терең маанисин түшүнүшпөйт. Ар бир адамдын сүйлөө маданияты үйдөн же чөйрөсүнөн алган тарбиясынан көз каранды деп ойлойм.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AykaMer
2017-08-01 10:03:46
Соз болгондон кийин жон эле суйлош керек да. Кошумча теке пекелерди кошуп суйлоштун кереги жок деп ойлойм. Анткени андай создор тарыхта болгон эмес. Кыштын кыштайы,кыздын кыздайы,создун создойу болгон жакшы да... Создун да маданиятын бузат бул сленг... Зынк деген создорду биринчи жолу укканымда зынк-пынк дебей эле нормальный суйлой бербейби деп аябай недовольный болгом...)
+7
Tyty1990
2017-08-01 10:37:19
Бизде ош жакта аяш деген сөз мода. Кыздарды көргөндө аяш жакшынакай экен дешет.
0
Muratmipa
2017-08-01 12:07:45
Созду жон коюп андан коро азандын унун акырын кылганча исфанада туугандардын эрте менен намаздан мурда сурнайын бакыртат ошону жок кылып алгылачы туугандар
0
aman0296
2017-08-01 14:02:03
Бегиштин "Теке теке " жеген ыры эч жакпайт
+3
Uzakova.Z.A
2017-08-01 20:22:04
"Эркектер" деген кино чыкканда биздин тен туштардын арасында "чык эшике" деген соз аябай мода болуп кеткен эле.
0
Lion.
2017-08-01 22:10:55
Базар жок, текке зынк макала экен. Катуу катуу))
+2
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан