“Эр ортону элүү жаш” деп бекер айтылбаса керек. Ырчы Кутман Жолдошев элүү жашында уулдуу болуп маңдайы жарыла сүйүнүп жаткан учуру. Наристе 7-июнь күнү жарыкка келген. Бирок ата-эне кыркылыгы чыкканча эч кимге айтпай ырым кылышкан экен. "Уккандын баары "биринчи эле келинчегиңби?" деп сурап жатышат. Мен элүүдө болсом, жубайым 44 жашта. Өзүмдүн, биринчи эле жубайым экөөбүз уулдуу болдук. Кыргыздын салты менен кырк кашык сууга киринтип кыркылыгын чыгарып, элге эми айтып жатабыз. Баламдын ысымын 50 санына байланыштырып Элүүхан коёюн деп да ойлондум, бирок эл баккан уулдардан болсун деп Элхан койдум. Элханга чейин 2 уул, 1 кызым бар эле, эми 3 уулдуу болдум. Буюрса, бешик тойду күзүндө беребиз",- дейт ырчы.