БИР БҮРКҮМ

  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 26-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

  • 2017-жылдын жарым жылдыгы боюнча өлкөдө БЮДЖЕТТИК КИРЕШЕНИН суммасы 64 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 8 миллиард 694,9 миллион сомго жогору. Маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.

  • БИШКЕК-ОШ унаа жолундагы Кусейин Кольбаев атындагы тоннелдин желдетүүчү системин оңдоп-түзөө иштери 27-июлда толугу менен жыйынтыкталды. Эми унааларга чектөө коюлбайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Эске салсак, июль айынын ортосунан баштап суткасына 2 жолу желдетүү системин оңдоо үчүн тоннель жабылып жаткан.    

                           
  • БИШКЕК ШААРЫНЫН прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Кубанычбек Бейшекеев аркалап турган.

  • Кыргыз өлкөсүнүн 8 спортчусу 45 миң сомду түзгөн жогорку категориядагы СТИПЕНДИЯ алышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

  • КӨП АЯЛДУУЛУКТУ мыйзамдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан 738 тургундун 67,5 пайызы демилгеге каршы чыккан. Сурамжылоону "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" бейөкмөт уюму жүргүзүп, республика боюнча 18 жаштан жогорку жарандардын оюн угуп чыккан.

  • 23-июлда Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Степное айылында болгон жаштар арасындагы ОК АТЫШУУ боюнча 28 адам кармалып, 2 адам камакка алынды.

  • МЕДРЕСЕДЕ билим алган жаштар кошумча кесиптерге ээ болушат. Аларга ашпозчу-кондитер, тигүүчү жана компьютердик кызматтарды окутуу долбоорун "АВЕП" коомдук фонду ишке ашырмакчы.

  • Быйыл орозо айында өлкө боюнча 33 миллион 668 миң 886 сом БИТИР-САДАКА чогултулган. Бул каражат арыз менен кайрылган майыптарга, жетим-жесирлерге жана кароосуз калгандарга таратылып берилет. Маалыматты муфтияттан таратышты.

  • Акыркы 6 айдын жыйынтыгы боюнча, 11 миң ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАН Кыргыз мамлекетинде иштөөгө уруксат алган. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев маалымдады.

  • МИГРАНТТАР 2017-жылдын башынан бери Кыргыз өлкөсүнө 605 миллион доллар акча которгон. Бул былтыркы жылкыга салыштырмалуу 145 миллион долларга көп.

  • Санкт-Петербургдагы метродо болгон ЖАРДЫРУУНУ УЮШТУРУУГА шектелип кармалган Акрам Азимов абакта кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Бектур Токтоноев   
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан