"ЗАНОЗА" ТОВАРДЫК БЕЛГИСИН КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

"ПроМедиа" коомдук фондуна "Заноза" товардык белгисин колдонууга тыюу салынды. Аталган чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-июлда кабыл алды. "Занозанын" негиздөөчүлөрүнүн бири Нарын Айыптын айтымында, бул чечим акыркы сот өкүмү катары эсептелбейт. "Соттун бул чечимин "алдыдагы соттун чечими үчүн кепилдик" деп атап койсок болот. Эгер чын эле соттон бизди утуп алышса бул шарттар аткарылат. Негизи биз "Занозаны" 2015-жылы негиздеп, бирок "Кыргызпатенттен" каттаткан эмеспиз. Биз иштетип жатсак эч ким талашпайт деп ойлогонбуз. Чечимде "апелляциялык арыз менен 10 күн ичинде кайрылса болот" деп турат. Бирок кайра эле ошол текстте "чечим дароо күчүнө кирет" деген сүйлөм да бар. Булар бири-бирине карама-каршы иштеп коёт",- деди Нарын Айып. Маалыматка караганда, "Рубикон" ЖЧКсынын жетекчиси Александр Рябушкин 2016-жылы "Заноза" товардык белгисин өзүнө патенттеп алган. Буга байланыштуу ал аталган товардык белгини колдонуп жаткан "ПроМедианы" сотко берген.
Быйыл аталган мекеме бир топ соттук иштерди башынан өткөрүүдө. Мисалга алсак, жазда башкы прокурор Индира Жолдубаева "Заноза" сайтынын үстүнөн "сайтка чыккан макалалар президенттин кадыр-баркына шек келтирди" деп сотко арыз жазган. Мекеменин үстүнө жалпы 5 доо арыздын негизинде 27 миллион сом айып коюлган. Учурда 4 доо арыз боюнча сот өкүмү чыгып, сайт президентке 24 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. "Занозага" карата жазылган доо арыз тууралуу президент Алмазбек Атамбаев: "Маалымат каражаттары чындыкты жазышын талап кылам. Ушак таратканды токтоткула! Бул башкаларга сабак болсун",- деп билдирген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан