ЕАЭБдеги ЖЕҢИЛДЕТҮҮЛӨР 12-АВГУСТТА АЯКТАЙТ

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз өлкөсүнө берилген адаптациялык мөөнөт ушул жылдын 12-августунда аяктайт. Мындан улам ишкерлерге ЕАЭБдин жаңы талап-шарттарын кеңири түшүндүрүү керек. Аталган билдирүүнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-июлда өткөн өкмөт жыйынында билдирди. Жыйындагы маалыматтарга караганда, Кыргыз мамлекети биримдиктин техникалык регламенттерине байланыштуу нормаларды аткарууга кудурети жетет. Өкмөттүн маалыматына караганда, 28 ишкана ЕАЭБдин аймагына товар экспорттоого укугу бар.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда толук кандуу мүчө болгон. Мындан улам 2 жылга чейин биримдик шарттарына адаптациялануу үчүн жеңилдетилген мөөнөт берилген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан