МЕЧИТТЕРДЕГИ АЗАН ҮНҮ ТӨМӨНДӨТҮЛДҮ

Бишкек шаарында 20-июль күнү муфтияттын атайын жыйыны болуп өтүп, анда азан айтууга тийиштүү бир топ тапшырмалар берилди. Ага ылайык, мечиттин имамдары азанды мукам үн менен айтып, бир учурда баштоо тапшырмасы берилди. Муфтияттын маалыматына караганда, учурда ар бир мечит имамына жагымдуу үнгө ээ азанчы тандоо сунушу айтылган. "Муфтият 2014-жылы азан айтуу шарттары тууралуу китеп жазган. Ошол эрежелерди ишке киргизе баштадык. Алгач Бишкекте, кийин Ош шаарында, бара-бара республика боюнча толук азанды тартипке салабыз. Азан үнү кадимки сүйлөөнүн бийиктигиндей, башкача айтканда, 40 децибелден ашпайт",- деди муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев. Ошондой эле калаа тургундарынын азан үнүн төмөндөтүү сунушу эске алынганын кошумчалады.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан