Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы премьер-министрди шайлап, өкмөт курамын бекитет. Аталган маалыматты парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге ачыктаган. Айта кетсек, КСДПнын курултайында алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тандалган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал ээлеп турган кызматын 10-сентябрга чейин бошотуп бериши керек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.