ШАЙЛОО-2017: БШКга 42 ЖАРАНДАН АРЫЗ ТҮШТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында болчу президенттик шайлоого катышуу ниетин 27-июлга карата 42 жаран билдирди. Өткөн жумада БШКга арыз берген 35 жаран тууралуу маалымат бергенбиз.
Бул аптада президенттикке талапкер катары 4 жаран өзүн-өзү көрсөтүп, БШКга арыз тапшырган. Алар: "ЮТС" ТРКнын башкы директору Алмазбек Каримов, Өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрагасы Токтайым Уметалиева, пенсионер Калмамат Мактымбаев, коомдук ишмер Марта Кыдыралиева, коомдук ишмер Казыбек Шайымбетов. Буларга катар "Кыргызстан коммунисттер партиясынан" Исхак Масалиев, "Мекен Ынтымагы" партиясынан Темирбек Асанбеков талапкер катары көрсөтүлүп, БШК алардын арызын кабыл алды.
Талапкерлердин катары депутат Канат Исаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен да толукталышы күтүлүүдө. Себеби "Кыргызстан" партиясы 27-июль күнү өткөн съездинде Канат Исаевди президенттикке талапкер катары көрсөттү. Ал эми Чыныбай Турсунбеков 15-июлда өткөн КСДПнын съездинде талапкерлигин коёрун билдирген болчу.
Ал арада президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлер 26-июлдан тарта мамлекеттик тилден тест тапшыра башташты. "Кыргызтест" системине ылайык, талапкерлер лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү жана жазуу сынактарынан өтүшөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан