ОРУСИЯДА УЛУТТУК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТҮ КОЛДОНУУГА УРУКСАТ БЕРИЛДИ

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусияда улуттук айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарууга укуктуу. Аталган мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин 26-июлда кол койду. Ага ылайык, орус тили официалдуу тил статусуна ээ болгон бардык өлкө жарандары Орусиянын аймагында улуттук айдоочулук күбөлүгүн пайдаланса болот. Аталган мыйзам коомчулукка расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Июль айынын башында Мамлекеттик Думанын комитети Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына аталган укукту берүүнү сунуштап Путинге кат жөнөтүшкөн. Буга биздеги орус тилинин расмий тил статусуна ээ экендиги себеп болгон.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-июнунан тарта чет өлкөлүк жарандарга улуттук айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарууга тыюу салынган эле.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан