Ырчы Анжелика устаты Айчүрөк Иманалиева менен болгон пикир келишпестиктерден улам ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калган эле. Учурда абалы жакшырып, долбоорлорунун үстүндө иштеп жаткан учуру. Жеке жашоосунда да жагымдуу жагдайлар бар. Ырчыга жолдошу темир тулпар белек кылды. Кубанычы коюнуна батпаган ырчы айым интернеттеги өздүк баракчасына жаңы темир тулпары менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, #Мерседес221 хэштеги менен “Бул белеги үчүн жолдошума рахмат” деп жазып чыкты. Учурда ырчы белекке алган тулпарын минип, шамал менен тең жарышып жүргөн кези.