Жол кырсыгында жолдошун жоготкон аял: «МЕНИН БАЛДАРЫМА ОКШОП КАНЧАЛАР ЖЕТИМ КАЛЫШТЫ»

20-июлда эртең мененки саат 6:00 чамасында Ош – Бишкек жолунун 468-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында жол кырсыгы катталып, ал 8 адамдын өмүрүн алды. Бул кырсыктан 3 аял, 4 эркек жана 1 кичинекей кыз өмүрү менен кош айтышып, 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ата-энелерди уул-кыздарынан ажыратып, балдарды ата-энесиз калтырган каргашалуу кырсыкта каза болгон жарандардын жакындары бул жол кырсыгы аларды кандай жоготууга учураткандыгы тууралуу айтып беришти.

АЙДООЧУ УКТАП КЕТКЕН ДЕП БОЛЖОЛДОНУУДА

ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бишкектен Ошту карай бараткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу МАН унаасы менен сүзүшкөн. Бул учурда үчүнчү унаа, Хонда Одиссей келип Степвагонду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Степвагондун ичиндеги 8 адам каза болуп, айдоочусу оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген, унаа жараксыз абалга келген. Одиссейдин ичиндегилер жаракат алышкан эмес, унаа зыянга учураган. КамАЗдын ичинде 2 адам болгон. Алар баштарынан жеңил жаракат алышкан.Бул окуя боюнчаЖалал-Абад ОИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси боюнча (Жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келген кырсыкка себепкер болуу) кылмыш иши козголгон. ИИМдин башкы башкармалыгы тергөөнү жүргүзүп жатат. Автотехникалык экспертиза даярдалды. Айдоочу уктап кеткенби же унаанын тетиктери чыгып кеткенби, ал экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот.

"БИЗ СӨӨКТӨРДҮ ЧОГУЛТУП БЕРҮҮГӨ ГАНА ЖАРАДЫК"

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан куткаруучу топ барган. Ошондо көргөндөрү тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов буларды айтып берди:
– Ал күнү эртең мененки саат 7лерде бизге маалымат түшкөн. 10 адамдан турган куткаруучу топ бардык. Кырсык катталган жердеги абалды сөз менен айтып жеткирүү өтө кыйын. Баары талкаланган, адамдардын мээлери, баш сөөктөрү чачырап кеткен, баары таанылгыс абалга келип калыптыр. Кысылып калган бир аялды темирди кесип чыгарып алдык. Өтө аянычтуу, адам чыдабай турган абал болду. Унаа толук жараксыз абалга келиптир. Биздин кызмат сөөктөрдү чогултуп берүү гана болду, айрыкча баш сөөктөрдү чогулттук. Эч бир адамга куткаруучулук кызмат көрсөтө алган жокпуз. Анткени баары каза болуп калышкан. Айдоочу болсо биз барганга чейин эле ооруканага жеткирилген. Ал эшик менен чогуу ыргып кеткен экен. Адам катары мындай окуяларга күбө болуу, мындай абалды көрүү кыйын.

"МИҢ ЫЙЛАСАМ ДА БАЛАМДЫ КАЙТАРАЛБАЙМ"

Бул кырсыктын кесепетинен Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну Бактыбек Кочкор уулу 16 жаштагы тун уулунан айрылганын айтып сыздайт:
– Балам Исламбек Бактыбеков Бишкектен Ошко келе жаткан. Мен балама дайыма "кечинде жол жүрбө, бир жакка чыксаң күндүз чык" деп айтып келчүмүн. Бул ирет ал бизге айтпай түндө жолго чыгыптыр. Уулум С.Чокморов атындагы лицейди бүтүргөн. Аскер адамы болом деген тилеги бар эле. Бирок өтпөй калып, бул жылы бош жүрбөйүн деп башка окуу жайга тапшырган. Кайсы окууга тапшырганын айткан эмес. Балким, ошону сюрприз кылайын деген окшойт, кайран уулум.
3 баламдын улуусу, кичүү инилерине баш-көз боло турган балам эле. Ушул уулумдан үмүтүм чоң болчу. Ишти колумдан алып калган чагында коштошуп калдым. Баланын орду башка. Баланы жоготууну эч кимдин башына салбасын. Айдай баламдан айрылып, оң колумдан ажырап отурам. Кандай болгон күндө да күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Картошка жүктөп келе жатпагандан кийин, 8 адамдын өмүрү менин колумда деп, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек болчу. Эмнеге жай айдашпайт?! Тааныштардан угуп жатабыз "Одиссей менен Степвагон унаалары Суусамырда кетип баратканда жаныбыздан шуулдап өтүп кетишкен" деп. Экөө жарышып айдашкан өңдүү. Одиссейдин айдоочусу ортодогу аралыкты сактаган учурда мынчалык болмок эмес. Степвагон КамАЗды сүзгөн күндө да четке ооп кетип, айрымдар тирүү калмак беле?
Азыр мен миң ыйласам да баламды кайтаралбайм. Ошондуктан мындан ары кайсы бир адамдардын жоопкерчиликсиз болушунун айынан жакын адамдарын жоготуп, кан жутуп отуруп калгандар болбосун десек, жапырт аракет кылышыбыз керек.

"АГАМ КАЧАН ЭШИКТЕН КИРИП КЕЛЕТ ДЕП ДАГЫ ДЕЛЕ КҮТҮП ЖАТАМ"

Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну Сыргабай Жунусмамат уулу агасы Эрмекбай Жунусмамат уулу тууралуу:
– Агам Бишкекте тигүү цехинде иштечү. Бир жыл мурун чоң атам менен чоң энем каза болгон. Алардын жылдыгын өткөрөлү деп жатканбыз. Мен аттан кулап бутумду сындырып алгандыктан агам "сага күч келбесин, сени ооруканага жаткырам, үйдөгү иштерди мен кылам" деп келаткан. Эч кимге жамандыгы жок, ар бир адамга бир тууганындай мамиле жасаган боорукер адам болчу. "Өзүңдү жакшы кара, жакшы адам бол" деп жол көрсөтчү. Үйгө каражат жагынан да жардам кылчу. Быйыл күзүндө үйлөнтөлү деп жатканбыз. Агамды жоготуу мен үчүн оор. Жол карап отуруп калдык. Келем деп үйгө жетпей калгандыктан качан кирип келет деп күтүп жатам дагы эле. Бул кырсык, эч кимди күнөөлөбөйбүз.

"ӨҢҮ ТААНЫЛБАЙТ, КУЛАКТАРЫНАН, КОЛДОРУНАН ТААНЫДЫМ ДЕДИ"

Гулипа Жээнбекова Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну. Ал аталган кырсыкта жолдошу Шамшидин Бердибековдон ажырап, 5 баласы менен жалгыз калды.
– Жолдошум өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрдү. Чоң-Алайдагы №44-кесиптик лицейде директор эле. Лицейдин лицензиясын жаңылайм деп Бишкекте жүргөн. "Документтер толук эмес экен, аларды алып кайра келем" деп жолго чыккан. 5 балам менен жалгыз калдым. 6 жашар кичүү кызым "атамды көргүм келип жатат" деп сагынып отурат. Жолдошум акыркы күндөрү мүнөзү жумшак болуп, башкача болуп өзгөргөн. Кырсык боюнча кечээ интернеттен көрдүм, машина жанчылып кетиптир го. Жолдошумдун денесин унааны кесип алып чыгышты деп уктум. Барып сөөгүн алып келген достору "таанылбай калыптыр" дешти. "Мурдагы жакшы элеси калсын көзүңдө" деп мага көрсөтүшкөн жок. Кайним жууганга кирген. Ал "өңү таанылбайт, кулактарынан, колдорунан, денесинен тааныдым" деп айтты.
"Айдоочу саатына 170 чакырым ылдамдык менен унааны ашып өтүп келаткан" деп үйгө батага келгендерден уктум. Муну ошол күнү жолдо келатып көргөндөр айтышыптыр. Кырсык көп болуп жатат. Угуп эле жүрчүбүз. Бирок башыма келгенде билип жатам. Бизге окшогон канча үй-бүлө какшады, менин балдарыма окшоп канчалар жетим калышты. Үйүбүздүн үстү түшкөндөй болду. Жашагым келбей калды. Бирок балдарым үчүн жашашым керек.

КЫРСЫКТА КАЗА БОЛГОНДОР:

Эрмекбай Жунусмамат уулу,
1994-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну;
Шамшидин Бердибеков, 1970-жылы туулган, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну;
Адинахан Дусматова, 1973-жылы туулган, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну;
Малика Асанова, 2014-жылы туулган, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;
Гүлнара Төрөгелдиева, 1965-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун тургуну.
Фатима Толубаева, 1979-жылы туулган, Кара-Суу районунун Шарк айылынын тургуну;
Исламбек Бактыбеков, 2000-жылы туулган, Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну;
Алмазбек Султанов, 1989-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун тургуну

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
joomart
2017-08-01 15:00:51
Элдерден суранычым секин эле айдагыла болду башка проблема жок
+1
Kroxa
2017-08-01 15:07:39
Акырын айдананла мынча болмок эместир,ажалы жетти да буйрук экен сабыр кылгыла....бирок сактансан сактайм дейт алла бир сактасын боодо кырсыктан..былтыр кордум ош бишкек жолун кандай учурушуп айдашаарын,,биз 80, 90,100 менен эле шашпадык Колдон баратсак деле..
+1
maksat
2017-08-01 16:30:38
Bulardyn jany janatta bolsun kudaiym jakyndaryna sabyr ber okup alyp jurogum syzdady
+2
babi92
2017-08-01 22:25:01
Кудай сакта биз мынчалык кайдыгерликти кайдан уйрондук,биз кимди карап осуп жатабыз.Биз деген улуу Манастын урпагыбыз да,биз кыргыз деген улуу атыбызды кай жакка жоготуп жатабыз?Биз ,чондор кылган кемчилик учун, биздин келечегибиз болгон кийинки муун жооп берууго милдеттуу эмес да!Эмнеге биз аларды коргой албай жатабыз? Супердин ар бир санында ушундай журок ооруткан макалалар чыгып жатат тилекке каршы.Аллахым жакындарына сабыр берсин
0
Medinaa
2017-08-02 00:40:57
Жайлары жаннаттан болсун!Шамши ака жакшы адам эле (((
+1
Bagdayim
2017-08-02 05:26:00
Аллахым бейишин насип этсин баарына.Окуп алып жаман болдум.
+1
nur007mir009kg
2017-08-02 13:21:06
Маркумдардын бейишин берсин кудай.
+3
Kg-kg-kg17
2017-08-02 16:55:21
Жайлары жаннаттан болсун.Жакындарына сабыр тилейм.Кандай гана окунучтуу.Бул албетте кырсык.Бирок законду чыгарып эле койбостон иштетиш керек.Камераларды орнотуш керек.Кээ бир ала таякчан байкелерибиз да акчаны эле алышты эмес жолдогу тартипти да козомолго алганды уйронсонор.Мындай кырсыктар азаймак
+2
gulsara2682
2017-08-02 20:54:20
Барар жерине 5 мунотко кеч барсанар барарсынар, жолдо эмне мынча шашасынар, айнанайындар. Этияттап айдагылачы. Катуу ылдамдыкта журбогондо мынчалык болбосо керек эле. Шопуру тируу калганбы ошондо?
+4
gulsara2682
2017-08-02 20:56:27
Ош-Бишкек жолуна темир жол курулса мынчалык олум болбосо керек эле. Эн эле коп кырсык ушул каттамда болуп жатабы дейм да. Темир жол курулса тез эле актап койсо керек. Кеткен каражатын. Поездди эн коркунучсуз транспорт деп ойлойм
+3
Tahmina.Musaeva
2017-08-02 22:30:14
Аябай катуу айдашкан экен Хонда айдагандар. 3 машина жарышып жатып камазды сүзүшүптүр.
+1
kksovet87
2017-08-03 02:34:23
Аллахым бейиштен оорун берсин. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Негизи катуу айдашат Ош-Бишкек таксистер. ((((
+1
stepboy
2017-08-03 07:07:27
менде видеосу бар после авария страшно адамдар ото чачылып кеткен чындыгында ото коркунучтуу мен 1 неделия озумо келе албадым аны коруп
0
surgeon777
2017-08-06 12:02:05
Абдан аянычтуу окуя,маркумдардын жандары жаннатта болсун,жакындарына Жараткан сабыр берсин...

Урматтуу жургунчулор,кандай унаага тушсонор да,озгочо таксиге,жай айдашын талап кылыныздарчы,эгер айдоочу опколонуп ылдамдыгын жогорулатса уялбастан эле урушуш керек,акчасын толоп атасынар,анан эн башкысы силердин омурунор айдоочунун колунда...
Кудайдын жазганы дейбиз,бирок сактанганды Кудай озу сактайт дейт..
+2
Aznazalai
2017-08-06 12:36:29
Кудай сактасын.Артында калгандарга сабыр тилейм
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан