Ажарлуу украин кызы АНИ ЛОРАК

Сөз боло турган айымда бүгүн баары бар: сулуулук, жаштык, талант, ийгилик, сүйгөн жар. Бирок толугу менен бактылуу болууга бир гана наристе жетишпейт. Украинанын эмес, бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнүн сыймыгы болгон популярдуу ырчы, актриса Ани Лорак жөнүндө сөз кылабыз.

БАЛАЛЫКТЫН АЧУУ ДААМЫ
Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа” деген кеп дал ушул инсанга туура келчүдөй. Популярдуу ырчы Каролина (Ани Лорак) бакыт көлүнө чөмүлүп, ырыс­кысына тобо деп турган чагы. Анткени ал жашоонун ачуу даамын балалыгында татып көргөн. Үй-бүлөдө үч уулдун ортосунда төрөлгөн. Бирок ырчы кичине кезинде ата-энеси ажырашып, ата тарбиясына муктаж болуп чоңойгондугун айтып келет.
Атасы жогорку билимдүү инсан. Хордун дирижёру болуп иштесе, ал эми апасы радиоберүүнүн алпаруучусу болуп эмгектенген. Каролинадан кийинки иниси төрөлгөндө атасы жубайын төрт баласы менен таштап башка аялга кетип калат. Буга жини келген эне жалгыз болсо да балдарына татыктуу тарбия берип, таштап кеткен ата кийин буларга суктана тургандай кылып чоңойтууну максат кылат. Эне күнү-түнү иштеп, балдарын атайын жатак мектепке тапшырат.
Каролина 9 жашка чыкканда үй-бүлөсүндө трагедиялуу окуя болот. Сергей аттуу эң улуу агасы Ооган окуясында каза болуп, үй-бүлө жоготууга учурайт. Өзгөчө ал кичинекей Каролинага чоң таасир берген. Ал көпкө чейин сабагынан артта калып, мурунку абалына келе албай жүргөн.
Каролина жатак мектепте окуп жүргөндө математиканы “3” деген баага окуса да, музыканы мыкты өздөштүргөн. Облустар арасында өтүүчү түрдүү музыкалык сынактарга катышып, сөзсүз жеңиш менен кайтчу. Ошонусу менен мугалимдерди сүймөнчүлүгүнө айланган. Жатак мектебинин мугалимдери “Каролина азыр мектебибиздин сыймыгы болсо, мындай таланты менен болочокто өлкөбүздүн туусу болот” дешчү. Сыягы, ошондо эле кыздын таланты кең келечектен кабар берген көрүнөт.

ЫСЫМГА КАТЫЛГАН СЫР
1992-жылы Черновицктеги «Первоцвет» аттуу фестивалга катышып, биринчиликти илип кетет. 14 жаштагы Каролинанын кең сахнага таштаган кадамы ушул болгон сыяктуу. Себеби дал ушул жерден Юрий Фалёсой аттуу продюсер менен таанышып, бирге иштешүүгө келишим түзгөн.
Кыбыраган кыр ашат болуп продюсери экөө акырындап иштешип жүрүп, 1995-жылы Орусиядагы “Таңкы жылдыз” аттуу популярдуу телеберүүгө катышмак болушат. Ага Каролина менен бирге Орусиянын башка Каролина аттуу ырчысы чыкмак эле. Ошондо атын өзгөртүш керек болуп, тез аранын ичинде Ани Лорак деген лакап ат ойлоп табат. Ал Каролинанын тескерисинен окулушу эле. Ошентип, кеңири журтка дал ушул лакап аты менен таанылат.

“ЕВРОВИДЕНИЕ-2008ди” ЖЕҢМЕКПИ?
Ани Лорак 1999-жылы белгилүү композитор Игорь Крутой менен таанышып, келишим түзүп бирге иштеп калышат. 2000-жылы “Күзгү” аттуу композициясы жарыкка чыгып, атактуулугу мурункудан да артат. Ошол эле жылы Ани Лорак дүйнөнүн 100 сексуалдуу айымдарынын тизмесине илинет.
Чыгармачылыкка баш-оту менен кирген Каролинанын күнү-түнү тынбай иштеген эмгегинин акыбети кайткан десек жаңылбайбыз. Супер популярдуулукка ал 2008-жылы “Евровидение” сынагында күмүш медалды алуу менен жеткен. Бул тууралуу белгилүү саясатчы Юлия Тимошенконун “Ани Лорак биринчи орунду алды деп кубансак болот. Анткени Орусиянын ырчысы Дима Билан биринчи орунду алган жок деп эсептейм. Орусия Биланга аны сатып беришти. Биздин кыз биринчи орунду жеңмек. Баары бир биринчилик бизде болду деп ишенүү менен айта алам” деген пикири ММКларга тараган.

САМАГАНЫ – НАРИСТЕЛҮҮ БОЛУУ
Каролина карьера деп жүрүп, жеке жашоосун артка таштап койгон эмес. Албетте, мындай чырайлуу перинин артынан чуркап, көз салгандар көп. Алардын бири жолдошу Мурат Налкакиоглу. Түрк улутунун өкүлү болгон Мурат менен Ани 2003-жылы Антальяда таанышкан. Каролина Түркияга гастролдоп барып, Антальядагы мейманканалардын бирине токтойт. Ал токтогон мейманкананын ээси ишкер Мурат Налкакиоглу эле. Мурат сулуу периге бир көргөндө көзү түшүп, ашык болот. Сүйүүсүн далилдеп отуруп артынан Украинага чейин келип жашап калган. Экөө 2009-жылдын 15-август күнү үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Учурда эки жаштын самаганы – наристе. Каролина: “Балама мен көрбөгөн балалыкты көрсөтүүгө бүт аракетимди жумшайм”,- деп чыдамсыздык менен эне болуу бактысын күтүп келет.

ЭЭРЧИГЕН СӨЗДӨР
Ани Лорактын Тимоти, Филипп Киркоров, Александр Пономарёв сыяктуу популярдуу ырчылар менен жакын мамилеси бар” деген кеп бар. Бирок Ани буга: “Бул жөн эле ушак. Эң жакшысы, жолдошум ушундай кепке кулак төшөбөйт. Ал эми аты аталган инсандар менин жакын досторум”,- деп жооп берет.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

  • Толук аты-жөнү – Каролина Мирославовна Куек
  • Лакап аты – Ани Лорак
  • Туулган жылы – 1978-жыл, 27-сен­тябрь
  • Туулган жери – Украина, Черновицк облусу, Кицмань району
  • Украинанын Эмгек сиңирген артисти
  • “Шинелди ал”, “Баш аламан күн же Фигаронун үйлөнүүсү” аттуу мюзиклдерде роль жараткан. Мындан тышкары мультфильмдерде үн коштойт. Мисалы, “Чатырда жашаган Карлсон” аттуу мультфильмде чаян менен мышыкты сүйлөткөн.
  • Гүлдүн бардык түрүн жактырат. Үйүнүн сыртында да, ичинде да гүл өстүрүп, аны кароодон рахат алат.
  • Каролинанын гимнаст курбусу Лилия Подкопаева келбетин бир калыпта алып жүрүүсүнө жардам берип келет.


Шоу-бизнес жаңылыктары

АКТЁР ЗИБРОВГО ОК АТЫЛДЫ
“Спецназ”, “Улуттук коопсуздуктун агенти” сыяктуу тасмаларда роль жараткан актёр Андрей Зибров жубайы менен эс алып, таңга маал үйүнө келе жатканда жаман окуяга туш болду. Жолдо эки бейтааныш эркек бир аялды кордоп жатканын көрүп калат. Жардам берүүгө барган Зибровду бейтааныштын бири резина октуу тапанча менен көзгө аткан. Тез арада ооруканага жеткирилген актёрдун учурда абалы оор болгону менен, дарыгерлер жашайт деген жакшы кабар айтышты.

ШАКИРА МЕНЕН “FRESHLYGROUND” ТОБУ ГИМН ЫРДАШАТ
Колумбиялык популярдуу ырчы Шакира менен Түштүк Африканын “Freshlyground” тобун көпчүлүк тааныса керек. Мына ушул аталган аткаруучуларга футбол боюнча «ЮАР-2010» Дүйнөлүк чемпиондугунун ачылыш жана жабылыш аземинде ырдалуучу гимнди аткаруу жоопкерчилиги тапшырылды. Гимн “Time for Africa” деп аталат. 10-июнь күнү Йоханнесбургда өтүүчү чоң концертте гимн алгач ирет жаңырмакчы.

АНГЛИЯНЫН ЭҢ БАЙ МУЗЫКАНТТАРЫ АНЫКТАЛДЫ
Улуу Британиянын эң популярдуу Contactmusic интернет сайты Англиянын музыка индустриясындагы жана шоу-бизнесиндеги эң бай адамды аныктады. Биринчилик “Warner Music Group” компаниясынын директору Эдгар Бромфманга берилди. Анын 1 жылдык кирешеси 2,5 миллиард доллар болгон. Ал эми популярдуу жылдыз Элтон Жон жетинчи, Стинг сегизинчи орунда экендиги аныкталды.

ДУГЛАСТЫН УУЛУ 5 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ
Атактуу актёр Майкл Дугластын уулу Кэмерон 2009-жылы августта Нью-Йорк шаарында баңгизат менен кармалган. Соттун жыйынтыгында 5 жылга эркинен ажыратылды. Актёр уулун каматпай алып калууга бүт аракетин жумшады. Бирок сот сөзүн: “Абак Кэмерон Дугласты баңгизатка болгон көз карандылыктан ажыратат”,- деп жыйынтыктады.

ПОЛЬНА ЖОЛДОШУ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ
Үч жыл мыйзамдуу никеде жашаган атактуу ырчы Ева Польна жолдошу менен ажырашып жатат. Ева ишкер жолдошу Сергей менен акыркы кезде көп таарынышып жүргөн. “Жашообуз мындай нукта уланганы туура эмес” деп расмий түрдө ажырашууну туура көрүштү. Эскерте кетсек, Польна менен Сергейдин ортосунда үч жаштагы Амалия аттуу кызы бар.

“ФАБРИКА” ТОБУНА ЫРЧЫ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ
Продюсер Игорь Матвиенко Москвада эки күн катар өткөргөн кастингде “Фабрика” тобуна ылайыктуу ырчы кыз таппай койду. Эми андай кызды Украинадан издемекчи. Ал жакта өтүүчү кастингдин катышуучулары топтун бир нече ырларын ырдашы керек. Калыстардын катарында продюсерден тышкары “Фабриканын” үч сулуусу болмокчу.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 391, 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан