Африкада өткөн эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган «Атанын керээзи» тасмасы үч байгеге ээ болду. Фестиваль 13-23-июль аралыгында Африканын Дурбан шаарында өткөн. Жыйынтыгында аталган фильм бир эмес, бакыйган 3 байгеге ээ болуп, "Эң мыкты тасма", "Режиссёрдун мыкты иши", "Оператордун мыкты иши" номинацияларын утуп алды.
Эске салсак, буга чейин «Атанын керээзи» көркөм фильми Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. Мындан тышкары бир катар эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болгон.