ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК УЮМДАРДЫ ЛИЦЕНЗИЯЛОО СИСТЕМАСЫНЫН ТҮПТӨЛҮШҮ

Учурда көпчүлүк жарандар күнүмдүк жашоодо насыялоодон баштап, акча топтоо, которуу, эсептик-кассалык тейлөө, коммуналдык кызматтардын акыларын төлөө боюнча банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын кызматтарын колдонушат. Банктар жана башка финансы-кредит уюмдары Кыргыз Республикасынын финансы системасынын негизин түзгөндүгүн эске алып, аманатчылардын жана финансы кызматтарын колдонуучулардын кызыкчылыгын коргоо максатында финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу башкы ролду ойнойт. Бул ирет аталган маселенин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы адаттагыдай маалымат берет.

ФИНАНСЫ-КРЕДИТТИК МЕКЕМЕЛЕРДИ ЛИЦЕНЗИЯЛООНУН МААНИСИ

Банктык операцияларды лицензиялоо финансы-кредит уюмдарынын ишине тиешелүү тобокелдиктерден, анын ичинде билгиликсиз башкаруудан, аманатчылардын жана финансы кызматтарын колдонуучулардын кызыкчылыгын, ошондой эле экономикада туруктуулукту сактоо боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого кызмат кылат.

Банктык операцияларды лицензиялоо төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:

  • Лицензиялоочу банктык операциялардын бирдиктүү тизмесин жана лицензияны берүүнүн негиздерин, талаптарын, токтотуу, жокко чыгаруу жана тартып алуу боюнча бирдей тартиптерди бекиттүү;
  • Банктын кардарларын, алардын ичинде чакан аманатчыларды билгиликсиз башкаруудан жана абийирсиз башкаруучулардан коргоо;
  • Жалпысынан алганда, финансы-кредит системасына, ошондой эле жеке банктык институттарга калктын жана юридикалык жактардын ишенимин арттыруу;
  • Коомдо жана жалпы мамлекетте финансы-экономикалык туруктуулукту камсыздоо.
  • Демек, банктын ишин лицензиялоо пруденциялдык жөнгө салуунун жана банктык көзөмөлдүн бир түрү болуп саналат.

Улуттук банк тарабынан берилген жана банк, финансы-кредит уюму тарабынан алынган лицензия – бул банктык операцияларды ишке ашырууга берилген мөөнөтсүз уруксат болуп саналат. Банктык операцияларды жүргүзүүгө укук берген лицензияда кредиттик уюм ишке ашыруучу банктык операциялар жана алардын валютасы көрсөтүлөт.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАНКТАРДЫ ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРЫХЫ

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып биринчи коммерциялык банктар пайда боло баштады. 1991-жылы 9 банкка банктык операцияларын жүргүзүүгө лицензия берилсе, анын ичинен 2 банк азыркы учурда да ийгиликтүү ишин улантып жатат. Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо тартиби 1994-жылы "Кыргыз Республикасында банктарды уюштуруу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү менен бирге жөнгө салынган. Жобо ошондой эле банкты, анын филиалдарын ачууга жана уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга болгон негиздерди камтыйт.
1998-жылдын 12-августунда "Кыргыз Республикасында банктарды уюштуруу тартиби жөнүндө" жобонун жаңы чыгарылышы кабыл алынган жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасы тарабынан 2006-жылы бекитилген "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобонун негизине жаткан.
1991-жылдан 2000-жылдарга чейин 38 банк ачылган, анын ичинен ушул күнгө чейин 17 банк ошол мезгилде берилген лицензиянын негизинде ишин улантууда.
2010-жылдан кийин банктык операцияларын жүргүзүүгө 4 коммерциялык банкка лицензия берилген, ошол эле учурда микрофинансылык уюмдарды өзгөртүүнүн натыйжасында анын үчөө банк болуп түзүлгөн.
Банктарды лицензиялоо мезгилинде коммерциялык банктар үчүн лицензиялык талаптарды күчөтүү боюнча чаралар кабыл алынган, анын ичинде акыркы алуучуларды аныктоо жагында, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, аманат кассаларды түзүү, кызматтык адамдарды макулдашуу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого каршы банк системасынын туруктуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле банк секторун андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлгөн жана түрткү берилген.
Банктык операциялар боюнча көлөм жагынан да өзгөрүүлөр бар. Эгерде 1992-жылы Улуттук банк тарабынан берилген лицензиясы менен банктар 18 операцияларды жүргүзө алса, бүгүнкү күндө бул сан 27ге чейин өскөн.
2017-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасында улуттук жана чет өлкө банк операцияларын жүргүзүүгө укуктуу 25 коммерциялык банк иштейт;
7 банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген (чыгарылган) өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ;
6 банк алынган лицензиясына тиешелүү электрондук акча чыгаруу укугуна ээ. Ал эми 2017-жылдын январь айында коммерциялык банктардын бирине каржылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү, эсептешүүлөрүн жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү укугуна (процессинг, клиринг) лицензия берилген.

БАНКТЫК ЭМЕС ФИНАНСЫ-КРЕДИТ УЮМДАРЫН (БФКУ) ЛИЦЕНЗИЯЛОО

Учурда банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын тутуму адистештирилген финансы-кредиттик жана микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, акча алмашуу жана насыялык бюролор менен көрсөтүлгөн. Белгилей кетчү нерсе, микрофинансылык уюмдар (МФУ) болуп микрофинансылык компаниялар (МФК), микрокредиттик компаниялар (МКК) жана микрокредиттик агенттиктер (МКА) саналат.
Банктык эмес финансы-кредит уюму өз ишин алып баруу үчүн Улуттук банктан тиешелүү күбөлүк/лицензия алуусу абзел. Улуттук банктын банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда бекитилген.

Азыркы учурда тиешелүү күбөлүгү/лицензиясы болгон шартта БФКУ насыялоо, аманаттарды кабыл алуу, акча которуу, нак чет өлкө валютасын алмаштыруу, факторинг, чекене банктык кызматтарды көрсөтүү, өз ишин каржылоонун ислам принциптерине ылайык алып баруу сыяктуу жана башка кызматтарды көрсөтө алат.

Банктык эмес финансы-кредит уюмдар системасынын пайда болуусу Кыргыз Республикасынын суверендүү мамлекет болуп калыптанышы менен тыгыз байланыштуу. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында улуттук кредиттик союздардын системасы уюштурулган. Мындан сырткары 1994-2000-жылдар аралыгында өкмөттүк эмес уюмдар, донорлор ишке ашырып жаткан микрофинансылык программаларга ыңгайлуу чөйрөлөр түзүлүп, жергиликтүү микрофинансылык уюмдарды түзүү, өнүктүрүү иш-чаралары ар тараптуу колдоо тапкан.
БФКУнун өнүгүүсүнүн алгачкы этаптарында Улуттук банк лицензиялоо боюнча БФКУга жөнөкөйлөтүлгөн талаптарды койгон. Бул иш-аракеттер БФКУнун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө түздөн-түз багытталган. Бирок кредиттөө боюнча сапаттуу институттарды түптөө максатында азыркы учурда БФКУнун иш алып баруудагы тобокелдиктерин жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен лицензиялоо боюнча талаптарды кошо алганда Улуттук банк тарабынан күчөтүлгөн талаптар коюлууда.

Азыр БФКУ өлкөнүн бардык аймактарында өз кызматтарын сунуштап келет жана бул сектор 158 микрофинансылык уюмдан, 112 кредиттик союздан жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсынан, 388 алмашуу бюросунан жана 1 насыялык бюродон турат.

Белгилей кетчү нерсе, 1999-жылы «Кредиттик союздар жөнүндө» жана 2002-жылы «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдары жөнүндө» мыйзамдарын кабыл алуу аркылуу Кыргызстан БФКУнун иш алып баруусунун укуктук негизин түзгөн Борбордук Азиядагы алгачкы өлкө болуп саналат.

1999-2005-жылдарда бул системанын түптөлүү жана сандык өсүү этабы болуп өттү: 1999-жылдын аягына карата 173 кредиттик союздарга лицензия берилген, ал эми 2005-жылдын аягына карата кредиттик союздарга берилген лицензиянын саны 503кө жеткен
.

Кредиттик союздарга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн «ФКПРКС» ЖЧКсы 2011-жылы структуралык жактан кайра түзүлүп, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсынын уставдык капиталынын 100 пайызы кредиттик союздарга берилген. Учурда «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коому кредиттик союздарга гана кредит берүү боюнча тиешелүү лицензиясы бар болгон жалгыз гана адистештирилген финансы-кредиттик уюм болуп саналат.
2002-жылы «Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышы МФУлардын иш алып баруусунун укуктук негизи түзүлүп, микрофинансылык уюмдардын филиалдары кеңейишин, айыл жерлеринде да көбөйүүсүн жана ресурстук базасы жогорулашын шарттаган.
Бирок либералдуу жөнгө салуу МФУлардын санынын көбөйүшүнө мүмкүнчүлүк бергендигине карабастан, алардын көпчүлүгү мамлекет күткөн социалдык таасирди көрсөтө алышкан жок. Бул биринчи кезекте алсыз институционалдык база менен байланыштуу болгон. Анткени баштапкы этапта МФУ ачуу үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү болгону 50 миң сом болгон. Бир өңчөй финансылык кызматтарды көрсөткөн БФКУлардын ар кандай түрлөрүн жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды жакшыртуу жана шайкеш келтирүү зарылчылыгы келип чыккан.

Чакан МФУлардын рентабилдүүлүгүн бир нече жыл бою талдап иликтөөнүн жыйынтыгы рынокко кирүү талаптарын кайрадан карап чыгуу маселесинин актуалдуулугун көрсөткөн. Ушул себептен жана аларды сапаттуу өнүгүү нугуна буруу максатында 2015-жылдын башында МФУлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 5 миллион сомго чейин жогорулатылган. Бул талаптар МККнын санынын кыскарышынын негизги себептеринин бири болгон: 2015-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы 492 микрокредиттик компаниялардын ичинен 109 микрокредиттик компаниясы гана ишин алып баруусун улантышкан.

МФКлар финансылык кызматтардын кеңири түрлөрүн көрсөтө аларын, депозиттерди тартуу боюнча мүмкүнчүлүгү (тиешелүү лицензиясы болгон шартта) бар экендигин эске алып, Улуттук банк тарабынан МФКлардын уставдык капиталынын минималдык өлчөмүнө карата талаптар кайрадан каралып чыккан. 2016-жылдын февраль айынан баштап депозиттерди тартууга укук ала элек МФКлардын уставдык капиталынын минималдык өлчөмүнө карата талаптар 10 миллиондон 50 миллион сомго чейин жогорулатылган. Ошондой эле депозиттерди тартууга укук алууга ниеттенген МФКнын уставдык капиталынын минималдык өлчөмү 100 миллион сомдон кем эмес болуусу зарыл экендиги белгиленген. Бул талап мурда 50 миллион сом деңгээлинде болгон.
Кыргыз Республикасынын “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө” мыйзамын 2014-жылы кабыл алуу менен насыялык бюролордун ишин алып баруусунун укуктук негизи түптөлгөн. “Банктык сыр жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин насыялык бюролордун ишин лицензиялоо, жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан, 2017-жылдын май айында “Ишеним насыялык бюро” ЖАКына алгачкы лицензия берилген.

Улуттук банктын
басма сөз кызматы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
medetbek
2017-08-02 06:30:01
Админ Супер-Инфо ипотека жөнүндө да маалымат жазып койгулачы.
0
admin_media
2017-08-02 10:29:31
medetbek,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/article/show/38971
0
yasmina_kg
2017-08-03 23:14:42
Кредит жокто эл кайгы капасыз кунумдук жашоосун жакшы эле жашап келген.Кредит деген балакетке илингендердин копчулугу банктардын кулу болуп калды .Канча толосо да канча жылдан бери ичкен аштан жок же кийген кийимден жок болгон тапканын алган насыясынын пайызын гана толоп келишкендер канча.Кредиттин айынан оорукчал болгондорчу журогу чыдабай олгондорчу.Бир гана пайдасын элдин канын соргон банкирлерге чондорго айрым улушу бар депутаттарга жакшы болуп жатат.Элдин убалын ойлобогондорго бары бир да.
0
№ 769, 28-июль-3-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан