Редакциябызга ар түрдүү адамдар келет. Бул жолу маңдайымда отурган Медет аттуу адам мени таң калтырды. Болгондо да эркек адамдын мынчалык энтигип, эзилип ыйлаганын көргөн жок элем. Көз жашын тыя албай «карындашым, азыр өзүмө келем» дейт же токтоно албайт. Медет аганын айтканынан улам көп үй-бүлөнүн трагедиясын, ажырашуулардын себебин түшүндүм. Мындан аркысын каарманым өзү айтып берсин.
«КЫЗЫМА КОЛУМ ТИЙИП КЕТТИ»
– Мен эки дипломдун ээсимин, кезинде жакшы кызматтарда иштеп жетекчи болуп жүрдүм. Төрт балам, жакшынакай билимдүү жарым бар. Бирок 20 жыл жашаган аялым балдарды алып менден кетип калды. Билем, аны бул кадамга мен түрттүм. Ал жети өлчөп, бир кескен, көпкө ойлонуп, анан чечим чыгарган акылдуу аял. Артыкчылыгыбы, кемчилигиби, билбейм, бир чечим кабыл алса, андан өлүм коркунучунда да артка тартпайт. Мен ушул чекитке жеткирбешим керек эле. Кийинки жылдары ишим жүрүшпөй калды, тиги жакка тартсам, бул жакка жетпей кыйналган учурлар болду. Жакшы кызматтарда жүрүп минтип калганыма сынып калдымбы, айтор, азыр ойлосом, мендеги депрессия ошондо эле башталган экен.
Көп деле ичип беймаза кыла бербейм. Бир жолу 19 жаштагы кызым "алкаш" деп жиберди. Мага оор тийди, кызыма үн каткан жокмун. Бирок апасына "кызыңды тыйсаң боло, мен атасымын го, күйөөсү эмесмин" деп айттым.
Каргашалуу күнү коңшулар менен бир иш бүтүрүшүп үйгө кирсем, балдар тамак жасап апасын күтүп отурушуптур. Келинчегимдин кечигип жатканы оор тийди. Ал келип тамакка отуруп, кыздарга «кашык берип койгулачы» десе, кыжырланып турган жаным «апаңар ток, тамак ичпей деле койсо болот» деп койдум. Аялым мени жаман көзү менен карап калды. Бул көз караш да мага октой тийди. «Антип караба мени» деп бетине суу чачып жибердим. Ортодо уруш чыгып кетти. Кызыбыздын мурунку жоругун айтып «үйдөн чыгып кетсин» дедим. Кызым кийимдерин алып чыгып бара жатканда токтотоюн десем ал моюн бербеди. Сумкасын алып чыгып бара жатканда чыдай албай чаап жибердим. Аялым «кызың чыгып кетсе, мен да кетем» деди. Мен «кет, баарыңар чыгып кеткиле» деп кыйкырдым. Аялым «акыркы сөзүң ушулбу?» деди. Мен да көк беттенип туруп алдым. Ал кызынын аркасынан кетти. Милиция да чакыртышыптыр, айтор, ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Ошентип кетип калышты. Учурда ажырашуу үчүн сотко арыз берген экен, 25-августта сотубуз болот.
«МЕНИН ОКУЯМ САБАК БОЛСУН ДЕЙМ»
– Алар кеткенден кийин жинди болуп калдым. Менин жашоомдун маңызы үйүмдүн кожойкеси Жакуля экенин билдим. Мен аларсыз кантип жашайм, кантип күн кечирем, эмне кылам, билбейм?.. Көчөдө эле басып жүрөм, адамдардын жүздөрүнө тигилем. Балдарын ойнотуп жүргөн бактылуу түгөйлөрдү көрүп ого бетер ыйлайм. Көп убактымды жумушка коротуп балдарыма деле көп көңүл бурчу эмес экенмин. Ата болуу да, күйөө болуу да бир чоң искусство экен. Мен болсо алардын кожоюну болуп, менин айтканым мыйзам деп жашаптырмын. Балдарымдын да, аялымдын да ой-пикирин укчу эмесмин. Мендей өзүмчүл, үй-бүлөсүн менчигиндей көргөн эркектер, кеч боло электе, менин абалыма түшүп калганга чейин ойлонуп үй-бүлөнүн баркын билгиле. Кээде мен «ушу силерден тажадым, башка бир жакка кетип калсамбы?» деп ачуу сөздөрдү айткам. Чын эле алсыз адам экенмин. Жашоодон тажаганда башка жактарга кетип калгым келчү. Аялым кылган мамилеме, сөзүмө, дегеле баарына чыдады. Бирок кызыма кол көтөргөнүмө чыдабай кетти. Үй-бүлөмдөн ажырагандан кийин гана каталарымды түшүндүм. Өзүмдү күчтүү, эрктүү эркектердин катарына кошчумун. Бирок мен алсыз, коркок адам экенмин. Өлөйүн дейм, коркок адамдын колунан ал да келбейт тура. Күчүм да, сыймыгым да аялым жана балдарым экен. Ушул тапта мен өзүмдөн корком. Мен жоголуп бара жатам.
Мындан бир нече жыл мурун ушундай маселеден улам балдызымды күйөө балам өлтүрүп алган эле. Мен ошондо силердин журналисттер менен жүрүп маалымат берип видеого тарттыргам. Ошол аялын өлтүрүп алган күйөө баламдын кейпин кийип каламбы деп корком. Оор депрессия адамга эмне гана кылдырбайт? Бул абалдан чыгуунун жолун таба албадым.
Жакуля, бул гезитти сөзсүз окууруңду билип келдим. Кечир мени! Убакытты артка кайрый алсак кана?! Билем, сен «Медет башка үй-бүлө күтүп бактылуу жашасын, бизден тажады» деп ойлойсуң. Жок, мен эч качан башка аялдын күйөөсү боло албайм. Мен сени гана сүйөм! Бир мүмкүнчүлүк берсең, мен сөзсүз өзгөрөм. Кызым «менин кандай атам бар эле, эми кандай адамга айланды?» деп айтыптыр. Мен кайра силер сыймыктанган ата, күйөө боло алам. Өзүм билемдикке салып силерди капаска камагандай эле катуу кармаптырмын. Эми силер түшкөн капаска өзүм түшөм. Болгону баарыңар мени кечиргиле...
Медет
Бул жагдайга психолог Перизат Асылбаева кеңеш берди.
– Депрессия – бул коомдун оорусу, бактылуу үй-бүлөлөр ажырашып, күчтүүмүн деген эркектер сынып калып жатпайбы. Мисалы, тиш ооруганда, баш ооруганда дарыгерге кайрылабыз. Бул жагдайда да мыкты адиске кайрылыш керек. Адис анын ойлорун ырааттуулукка салып, көп мезгил кыйналып жүргөн адамды 1-2 сеанста эле дарылап коё алат. Эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо, башка ресурстарды пайдаланса болот. Достору, жакындары же жөн гана коркуу сезимдерин айта ала турган адамга айтып анализдегени дурус. Катаны бардык адамдар кетирет. Бирок адам ошол катачылыктан кандай жыйынтык чыгарганы маанилүү. Катаны анализдеп, ойлорун жыйынтыктап, өзүн күчтүүлүккө үндөп депрессиядан чыгып кетиши керек. Депрессия учурунда спорт менен машыгуу, хобби менен алектенүү да жакшы жардам берет. Ичип кетип, өзүн таштап жиберүү – бул абалдан чыгуунун жолу эмес, жеңилүү. Андыктан каарманыбызды өзүн колго алууга чакырат элем.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg