БАЛАСЫН ДААРАТКАНАГА ТАШТАП САЛГАН "КҮКҮК ЭНЕ" ИЗДЕЛҮҮДӨ

Ушул жылдын 31-июлунда Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун тургунунун дааратканасына кимдир бирөө төрөп, жаңы төрөлгөн ымыркайын даараткананын ичине таштап салган. Баланын ыйын уккан ошол жерде жашаган тургундар жаңыдан чөгүп бараткан наристени алып чыгып, алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Наристе ууланып калганы менен, бактыга жараша, тирүү. Ал эми өз канынан жаралган баланы дааратканага таштап салган "күкүк эне" изделүүдө.

Энеси дааратканага таштап салган ымыркай.


Ымыркай ушул үйдүн дааратканасына ташталган.


"ЭНЕ КАТАРЫ ЖҮРӨГҮМ ООЗУМА КЕПТЕЛДИ"

Биз наристе дааратканага ташталган жерге барып, окуянын күбөлөрү менен маектештик. Нурзат Айталиева наристени алгач көрүп, кошуналарын жардамга чакырган. Ал "ит да баласын мындай ыплас жерге таштабайт" деп окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– Эртең менен саат 10:00дөр чамасында дааратканага барсам, эшиги ичинен илинүү экен. Бир аздан кийин кайра барсам дагы деле жабык туруптур. Үчүнчү жолу барганымда даараткананын эшиги ачык, ичинин баары кан болуп калыптыр. Анан эле ыйлаган баланын үнү угулду. Алгач үй жактан чыгып жатабы деп ойлодум, байкасам, ажаткананын ичинен чыгып жатат. Чуркап барып эле жолдошума айттым, ал болсо кошуналарды чакырып, наристени алып чыгышты. "Тез жардам" кызматы бир сааттай кечигип келгендиктен, алардан телефон аркылуу киндигин кандай кесиш керек экенин сурап, жуунтуп, кулак-башын тазалап кармап отурдук. Көчө жакты ошол замат эмнеге чуркап карай калган жокмун деп эми ойлонуп жатам, балким, төрөп, таштап качып бараткан энени көрүп калат белем?..
Мындай окуянын болгону аябай жаман болду, эне катары баланы көргөндө жүрөгүм оозума кептелип калды. Ит дагы баласын ушундай жерге таштабайт, таш боорлуктун да чеги болуш керек го дейм. Азыркыга чейин ушул иш кандай эненин колунан келгенин элестете албай жатам. Түндө уктай албай чыктым, кулагыма наристенин үнү жаңырып жатты.
Бул короодо 3 түтүн жашайт. Тургундардын айтымында, сырткы дарбазанын эшиги дайыма ачык турат. Себеби алар жумуштан ар кайсы маалда келгендиктен аны эч ким деле көзөмөл кылбайт. "Айласы куруган жаш неме эле кылган окшойт, болбосо эне болгон бирөө муну кылбайт эле. Бул жакта канчабыз кызга жетпей зарлап жүрөбүз, акырын эле терезени такылдатып таштап кетсе багып алмакпыз" деген кошуналар дагы деле бул ишти акылдарына сыйдыра албай жатканын айтып түгөтө албай жатышты.

"ЭНЕСИНИН БУЛ КЫЛГАНЫ МЕНИ КАТУУ ЖИЙИРКЕНТТИ"

Ымыркайды даараткананын ичинен алып чыккан 17 жаштагы Нурзамат Майрамбек уулу буларды айтып берди:
– Менин Нарындан Бишкекке эс алууга келгениме аз эле болгон. Келгенден бери кошуна-колоңдордун арасынан кош бойлуу бирөө-жарымды көргөн эмесмин. 31-июль күнү эртең мененки саат 10дорго чукул үйдө уктап жаткам. Бир убакта ызы-чуудан улам ойгонуп, тура калып эшикке чыктым. Кошуналар "дааратканага бала түшүп кетиптир" деп кыйкырышканын угуп чуркап бардым. Даараткананын тешиги кичине болгондуктан, ага чоң кишилер батпайт эле. Телефонумдун жарыгын күйгүзүп ичин карасам баланын денеси көрүнбөй, оң колу гана чыгып, чөгүп баратыптыр. Ошол замат элге "эки бутумдан кармагыла, кирип алып чыгайын" дедим. 2 байке буттарымдан кармап турушту, мен тешиктен кирип, баланын колунан тартып алып чыктым. Жыпжылаңач кичинекей кыз экен, ал жарыкка чыгары менен ыйлап жиберди. Ага чейин мен эмне болгонуна көп түшүнгөн эмесмин, кошуналардын биринин баласы жөрмөлөп түшүп кетсе керек деп ойлоп жаткам. Ымыркайды алып чыгып, кошуна аялдарга берип кетип калдым. Андан кийин эмне болгонун билбейм, ымыркайды да кийин барып көргөн жокмун. Энеси айбандан да жаман экен, анын бул кылыгы мени катуу жийиркентти. Жок дегенде наристесин жаман жерге таштагандан көрө, бирөөнүн короосуна таштаса жакшы болмок.

"АТАЙЫН ОШОЛ ЖАККА ТӨРӨГӨН ОКШОЙТ"

Учурда ымыркай №3-Бишкек шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүралиев наристенин абалы тууралуу буларга токтоло кетти:
– Ымыркайдын абалы бүгүнкү күнгө карата (ред.: 1-август) канааттандырарлык болуп калды. Алгач ооруканага алынып келингенде абалы оор болчу. Кулак-мурунуна кирген заңдын баарын тазалап, жуунтуп, бардыгын текшерип чыктык. Бүгүндөн баштап ага сүт бере баштадык. Бул ымыркай ай-күнүнө жетип, салмагы 3 килограмм 600 грамм болуп торолуп эле төрөлүптүр. Ошондой эле сырткы көрүнүшүнө караганда балада эч кандай кемтик жок. Энесинин төрөтү жеңил болгону ымыркайдын кебетесинен эле байкалды. Дааратканага барганда кокусунан төрөп алды дегендей эмес, оюбузча, атайын ошол жакка төрөгөн окшойт.

"НАРИСТЕНИН ЭНЕСИ ИЗДЕЛҮҮДӨ"

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов буларды айтып берди:
– 31-июль күнү күндүзгү саат 10дор чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ленин РИИБинин ыкчам тергөө тобу аталган дарекке барган учурда жаңы төрөлгөн ымыркайды ошол жердеги тургундар даараткананын ичинен алып чыгып, ага жардам көрсөтүп жатышкан. Ымыркай Бишкек шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-100-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүргөнгө аракет кылышы) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда наристенин энеси изделүүдө.

"ТУУГАНДАРЫ НАРИСТЕНИ БАГЫП АЛУУГА КАРШЫ БОЛСО, АЛ БАЛДАР ҮЙҮНӨ ЖИБЕРИЛЕТ"

Ымыркайдын мындан кийинки тагдыры кандай болот деген суроо менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ахматовага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Наристени ооруканада көпкө кармашпайт да, ошондуктан аны Бишкек шаардык балдар үйүнө жөнөтүшөт. Энесинин табылганына же табылбаганына карай биз наристенин кийинки жашоосун аныктайбыз. Эгер укук коргоо органдары ымыркайдын энесин таап калышса, биз анын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Эгер алар наристени багып алууга макул болсо, аларга беребиз. Кантип багылып жатканы биздин көзөмөлдө болот. Балким, туугандары баланы асырап алууга каршы да болушу мүмкүн. Ошол эле учурда төрөгөн энеси дагы "баланы бага албайм" деп арыз жазса, балдардын иши боюнча атайын комиссия ишти карап чыгып, анан наристени балдар үйүнө жиберишет. Ал жерде ал 3 жашка чейин багылат.

"КҮКҮК ЭНЕ" ЖАЗА АЛГАН ЭМЕС

Былтыр да ушул сыяктуу окуя Токтогул районунда катталган эле. Анда 24 жаштагы эне жаңы төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап качып кеткен. Көп өтпөй "күкүк эне" кармалып, "дааратканага барганда толгоом келип төрөп салдым" деп көрсөтмө берген. Бирок тергөөдө анын баласын атайылап дааратканага таштаганы билинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Ал эми окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, алар баланы энесинде калтыруу чечимин чыгарышкан. Балага камкордукту кыздын апасы өз моюнуна алган. Ошентип бул чечимдин негизинде "күкүк эненин" үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулган да, ал жаза алган эмес.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ажатканада төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
farida.kg.1991
2017-08-09 00:28:06
никесиз торолгон кызды энеси элден намыс кылган же ата энесинен коркуп ушундай ишке барган.
+3
BakuNur91
2017-08-09 03:28:33
((((((
0
aiko30
2017-08-09 07:56:02
кармалса илгерки ата бабабыздын салтын колдонуп таш барангы кылыш керек мындай манкурттарга сабак болуш учун.
+2
aiko30
2017-08-09 07:59:01
аман эсен сакайып кетсе экен
+2
Aziko0696
2017-08-09 10:05:44
Биро баланын жытына зар башкасы баланы кор кылат.
+2
aydarken
2017-08-09 10:17:06
Кудай ургур десе кандай журогу чыдады суйгулугу мн жыргап кумарга батып жатканда этият болуп сактанбайбы уятсыз десе убалы уктатпаса кк омуру бала жытына зар болуп отсун
+1
aika0906
2017-08-09 10:33:03
тооба кылдым ушундай катындар оной эле туалетке кирип эле тороп коюшат тооба кылдым мин мертебе . обычно роддомго барып 5/6саат кыйналып врачтарды да кыйнап аран торойсун го чатын айрылып,булар кандай эле ун созу жок эле туалетте торойт экен дейм да
+6
AKCAHAT
2017-08-14 17:59:00
aika0906, туура, мындайда оорууну да сезбесе керек. Коркуу сезими мн тороп качты да. Больосо тороттон кийин 3 саат жада калса баса албай жатышат ко
0
aika0906
2017-08-09 10:34:05
анан дагы ошол кичинекен чурпону кантип туалетке таштаганга дити барды экен,,????
+4
admin_media
2017-08-09 15:00:08
Crokus,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
0
Kommersant
2017-08-10 00:33:21
Күкүк эне дебей көк мээ десеңер,күкүк кантсе да дааратканага таштабайт.
+2
skatoruk
2017-08-10 14:22:29
оо кудай журогум ооруп кетти
+1
Firdaus-Muslim
2017-08-13 00:57:48
Күкүк эне табыла элекпи?
0
atyrgul1986
2017-08-14 14:33:30
Канчалаган адамдар балага зар болуп журот бироого кор бироого зар деп ушуну айт
0
ilyazhack
2017-08-17 02:19:56
Ушул кызга жардам берели колдон келишибизче памперс, кийим кечесине,супер инфо счет ачканга жардам бергиле Кудайдын алдында сооп болот.
0
tamchy555
2017-08-22 12:53:44
Ошол тартып чыккан жаш жигит бир топ соопко калган го...Азамат экен!

Эхх бироого кор , бироого зар бала.Озунун ыплас куноосу учун , наристени кыйнайбы? Эртенкисин ойлобогон айбан экен да.....
0
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан