Дастан Женгенбеков, куткаруучу: "НАРИСТЕНИН КАЗА БОЛГОНУН БИЛСЕМ ДА ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ЖАЛДЫРАДЫМ"

"Адамдарды куткаруу – эр жүрөктүн милдети". Ушул ураанды туу тутуп, ар кандай оор кырдаалда адам өмүрүн сактап калуу үчүн чуркаган кесип ээлери бар. Адамды сактап калуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулар дааратканага түшүп кеткендер, ураган тамдын астында калгандар, өлөм деп коркуткандар, жол кырсыгындагы ачуу кыйкырыктар тууралуу жана ыраазычылык угуп кубанган, куткара албай калып көзүнө жаш алган учурлары тууралуу айтып беришти.

"ДААРАТКАНАДАН НАРИСТЕНИ АЛЫП ЧЫККАНДА КӨЗҮМДӨН ЖАШ АЙЛАНДЫ"

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын 2-издеп куткаруу тайпасынын командири Дастан Женгенбеков эки жылдан бери куткаруучулук кызматты аркалап келет. 22 жаштагы куткаруучу бир канча ирет оор кырдаалдарга тушуккан тагдырларды көрүп, ар кандай өлүмдөргө күбө болгон.
– Биздин жумушта физикалык, психологиялык жактан күчтүү болуу талап кылынат. Адамдардын жан берип жатканын көрүү оор. Улам-улам өлүктөрдү көрө берип депрессияга кабылган учурларым да болгон. "Адамдар ушинтип эле өлүп калат турбайбы" деп ойлонуп жашоого көз карашым өзгөргөн. Мындай учурда командирим мага моралдык колдоо көрсөтүп, психологиялык жактан жардамчы болду. Кийин көп ойлонбой, көргөндөрүмдү унутуп коюунун, өзүмдү жеңүүнүн үстүнөн иштей баштадым, көндүм. Азыр бул менин жумушум деп гана белди бууп кызмат кылам.
Кичинекей балдар каза болуп калганда жүрөгүм ооруйт. Андайда ыйлап отуруп албайсың да, бирок көзүмө жаш толуп калат. Бир жолу Военно-Антоновкада 2,5 жашар бала ойноп жатып эле дааратканага түшүп кетиптир. Мен түшүп, баланы издеп таап чыктым, бирок ал жаш өмүр үзүлүп калган эле. Андагы сезимимди айтып бере албайм. Баланы карап эле шалдырап туруп калдым, көзүмдөн жаш айланды. Адамды куткара албай калганда өзүмдү оор сезип, көпкө чейин кыйнала берем.

"УЧАК КУЛАГАН КҮНДҮ ЭСТЕГИМ КЕЛБЕЙТ"

– Дача-СУда болгон авиакырсык жүрөгүмдү жанчып кетти. Ошондо чындап нес болдум. Биз биринчилерден болуп барганбыз. Туман, түтүндөн эч нерсе көрүнбөйт, ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк. Адамдардын баштары, колдорунан кан аккан, эч нерсе түшүнбөй эле нес абалында ары-бери басып жүрүшөт баары. Жыгачтын астында кыпчылып калган кишини алып чыктык, Кудай жалгап ал тирүү экен. Күйүп жаткан жерди көрсөтүп бир байке "бул жерде менин аялым бар эле, карап койгулачы" деп ыйлап жиберди. Өрттөн коргоочу кол кап кийип жүргөм, өрттү басаңдатып, үстүнө кулаган урандыларды алып, каздык. Апасы кызын бооруна кыскан бойдон кете беришиптир. Кыз эч нерсе болгон эмес, таптаза, апасынын башы, буттары күйүптүр. Күйүк, чаңдын арасында бир жеринде чаң жок аппак шейшеп, ага оролгон кучакташып каза болгон эне-бала. Кызды көтөрүп шыр эле "Тез жардам" жакка чуркадым. Наристенин дем албай калганын билдим, бирок баары бир ак халатчандар сактап калабы деп үмүт кыла бердим. Дарыгерлерге да көп адамдар кезек күтүп отурушуптур, чыдабай ал жакта тургандар менен да айтыша кеттим. "Бул кызды карап койгулачы" деп дарыгерлерге жалдырадым. Баланы тапшырып, кайра окуя болгон жерге кайттым. Ал учурду эстегим келбейт, ал күн тууралуу сөз кылбай эле коёлучу.

"ТИРҮҮЛӨЙ ЭЛЕ БУТТАРЫ КУРТТАП КЕТКЕН СЕЛСАЯКТАРДЫ КӨРДҮМ"

– Бул жашоодо баары мүмкүн экендигине ынандым. Мурдагыдай таң калбай калдым. Кыштын күнү люктарга кирип уктап калып, буттары ириңдеп, жара болуп, тирүүлөй эле курттап кеткен, сөөгүнө чейин күйүп калган селсаяктарды көрүп денем дүркүрөгөн. Чыга албай ошол бойдон айлап жата беришет байкуштар. Биздин милдет – биринчи жардам көрсөтүп, аларды чыгарып дарыгерлерге тапшыруу. Мындан тышкары балдары башка өлкөлөргө кетип, каралбай жалгыз калып өлүм алдында турган карыларды көрдүм. Алар көпкө көрүнбөй кеткенде кошуналары чакырышып үйүнүн эшигин ачтырышат. Үйгө кирип жан кейий турган абалга туш болобуз. Жардам берер кишиси жок, чала жан болуп калышат, үйүнүн ичи таштандыга толуп кеткен болот.

"КЕСИБИМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ"

– Ыраазычылык билдирип, белек-бечкегин көтөрүп келгендер, сүйүнүп чын жүрөктөн акча кармата койгондор да болот. "Ушундай кызмат бар экенине рахмат" дешет. Рахмат айтып коюшса сүйүнүп, маанайыбыз көпкө чейин көтөрүңкү жүрөбүз. Окуя болгон жерден кайтып келатып тамашалашып калабыз. Кээде адам өмүрүн сактоого жетишпей калып сөгүш да угабыз, айрымдар кол көтөрүшөт. Алар жакындарын жоготуп, нес абалында болуп, өздөрүн башкара албай калышат да. Чыдабай, ызасын бизден чыгарышат. Биз болсо психологиялык жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз. Кесибим менен сыймыктанам. Кудайга да жакчу иш аткарып жатканыма кубанам. Айлыгыбыз тууралуу айтсам, Кудайга шүгүр дейм, адамга канча акча болсо деле жетпейт да. Бирок бойдок болуп акчам өзүмдү бакканга араң жетип жатат, үй-бүлөлүү болсом кантем деп өзүмө суроо берип жүргөн убагым.

"ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВДУ КУТКАРГАНБЫЗ"

Самат Дукенбаевдин бул кызматта 7 жылдык тажрыйбасы бар. Ал Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 2-тайпасынын нускоочу-суучулу.
– Бир ирет жол кырсыгына барып, машинада кыпчылып калып кыйкырып жаткандарды көргөндө жаман болгом. Мындайда өмүрүмдүн баасын түшүнүп, өзүмдүн жашоомдоогу кыйынчылыктар үчүн шүгүр айтып калам. Бир ирет Чоң Чүй каналына унаа кулап кетип, ичинде 1,5-2 жаштагы наристе бар экен. Ошондо биринчи жолу менин тажрыйбамда кичинекей бала каза болду. Жансыз наристени алып чыгып жатып ушунчалык жаным кейиди.
Кээде жылмайтуучу учурлар да кезигет. Бир жолу мас киши сууда чөгүп баратканда аны куткарып алып чыксам, аялы аны "эмнеге ичесиң? Сууга барба десем эмнеге барасың, өлүп калсаң болмок" деп ыйлап урушкан. Дагы бир окуя, күйөөсү аялына таарынып 8-кабаттан секирем деп коркутканы эсимде. Үйүнүн дубалына аялын сөккөн сөздөрдү, анан "таарындым, өлөм" деп жазып коюптур. Бөлмөсүнө баррикада жасап койгон, "андан өтсөңөр секирем" деди. Биз ал кишини "Антпе, аял кишиге таарынбайт" деп жоошутуп жатып үстүнкү кабаттан аркан менен тартып алганбыз. Мурда мас абалында чөккөндөр бир жылда 12 кишиге чейин жетсе, өткөн жылы жана быйыл Комсомольское, Пионерское көлдөрүндө чөккөндөр кездешкен жок.
Дагы бир окуя эсиме түштү, ырчы Ильяз Абдыразаков клип тартып жатып, 5 кабаттуу тамдын чатырынан түшө албай калыптыр. Ага да жардам берип, түшүргөнбүз. Адамга жардам берсең жүрөккө кубаныч келет. Куткарган адамдардан бизге эч нерсе кереги жок. Жөн гана убакыт өткөн сайын кылган жакшылыгың жүрөгүңдө кубаныч болуп жүрөт экен.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Куткаруучу: “Ырчы Ильяз Абдыразаковду да куткарганбыз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
alhamdu
2017-08-08 12:57:36
Аллах ыраазы болсун,ишиниздерде бактылуу,ийгиликтуу,кубанычтуу учурлар коп болуп,жолунуздар ачык болушун Кудайым насип этсин!!!
Окуп бир сыйра ыйладым,дуйнодо эн оор жумуш сиздердики окшойт...
+19
Nanei
2017-08-08 13:41:32
Ардактуу инсан деген наамды ушундай адамдарга беришсе
+17
balzak
2017-08-11 10:16:49
Nanei,толугу менен кошулам, ардактуу наамга татыктуу!
+1
janjigit
2017-08-08 14:36:17
жумушу оор,акчасы аз бирок кылган иштери баа жеткис.омурун тобокелчилике салып ар кандай кырдаалдарда ысык суукка карабай элдин кызматында журушот.бар болгула куткаруучулар!биз сиздер менен сыймыктанабыз!
+20
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-08 16:05:36
Кесиптердин ичинен эң бартуусу, сыймыктуусу. Сиздер бар - кыргыз бар, чоң рахмат!
+12
AKCAHAT
2017-08-08 19:38:42
Каяктагы Мискенбаев 80 мин айлык алат былтыйып креслодо отурганы учун а эмнеге ушул эмгеги адал, туйшуктуу, адам омурун сактап калчу адамдардыкын жок дегенде 20мин кылып беришпейт. Кудай берсин силерге
+23
Sofiya98
2017-08-08 22:55:38
Ардайым ден соолукта болуңуздар! Аллахым өз панахында сактасын сиздерди!
+7
Aziko0696
2017-08-09 09:51:47
Сишинерге ийгилик менин оюмча селер супер менсинер.
+6
aitkyl
2017-08-09 17:18:40
Рахмат суперинфо.биз сыймыктанган кыргыздын жигиттеринер таап интерфю алыпсыздар.
+4
Jamalym
2017-08-09 18:08:12
Ардактуу кесип экен.Кудай колдосун силерди!Бар болгула ар дайым!
+4
Mekush87
2017-08-10 14:26:40
Эр журок азаматтар.Сиздерге ден-соолук жана узун омур тилейбиз.
0
Shifuu
2017-08-10 16:53:47
Мен да сиздердей куткаруучу болгум келет ! Буйруса , Ин Ша Аллах !
Аман болсок , максатыбызга жетебиз!
+1
Zinazima
2017-08-10 21:48:13
Окуп алып ыйладым биринчи берген маекти
+1
elif
2017-08-11 22:44:43
Азаматсынар,талыкбай иштей бергиле Кыргызымдын мыкты эр журок жигиттери
+1
aiman1983
2017-08-11 22:54:25
Азаматтар. Окуп козумо жаш келип кетти, айрыкча Дачасуну окуганда. Кайран кыргыз
+2
zinoshd
2017-08-15 04:18:38
iwinerge iygilik bar bolgyla.
0
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан