MӨМӨ-ЖЕМИШ ДЕСЕРТТЕРИ

Жайкысын жакындарыбызды, конокторубузду кандай даам менен кубантууга болот? Албетте, мөмө-жемиштерден жасалган витаминдүү десерттер менен. Эмесе, төмөндөгү рецепттер жоктон бар кылган кожойкелер үчүн.

МӨМӨ-ЖЕМИШ САЛАТЫ

Мөмө-жемиш салаты адамды сергитип, мыкты маанай тартуулайт.



Керектелүүчү азыктар:

Банан –
1 даана
Шабдалы – 1 даана
Малина – 100 грамм
Кулпунай – 100 грамм
Карагат – 50 грамм
Лимон – 1 даана
Бал – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Мөмө-жемиштерди жууп, тазалап алабыз.
2. Кулпунайды экиге бөлөбүз, бананды тегерек, киви менен шабдалыны төрт чарчы түрүндө туурайбыз.
3. Мөмө-жемиштерди бир идишке салып, үстүнө лимон ширеси менен балды аралаштырып куябыз. Мунун ордуна йогурт, балмуздак, коюулантылган сүт колдонууга да болот.

КУЛПУНАЙ ДЕСЕРТИ

Кулпунай десерти – романтикалык кечки тамактануу үчүн табылгыс, даамдуу жана таасирдүү десерт. Фантазияңызга жараша анын бетине сүрөт тартып же болбосо кокос, жаңгак күкүмдөрүн себелеп койсоңуз болот.


Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 20-25 даана
Кара же ак шоколад – 100 грамм
Кооздоо үчүн жалбыз

Даярдоо ыкмасы:

1. Көлөмү чоңураак, эзилбеген кулпунайларды тандап алабыз. Аларды тазалап жатканда сабактарын албай эле коюңуз, ал десертке кооздук берип турат. Аларды муздак сууга жууп, суусун сарыктыруу үчүн элекке салып коёбуз.
2. Шоколадды майда бөлүктөргө бөлүп идишке салып, суу кайнап жаткан мискейдин үстүнө коюп эритип алабыз. Эгер коюу болсо бир аз каймак май кошуп койсоңуз болот.
3. Эриген шоколадга кулпунайды малып, пергамент кагазы төшөлгөн тактайга тизип муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз. 20-30 мүнөттөн соң десертибиз даяр болот. Дасторконго коёрдо жалбыз менен кооздоп койсоңуз ашыкча болбойт.

ШЕРБЕТ

Шербет жасоо үчүн бир аз гана азык жана күч керектелет. Жыйынтыгында жеңил, сергитүүчү десерт даяр болуп, жеген адамды тамшандырат.



Керектелүүчү азыктар:

Шабдалы –
6 даана
Кумшекер – 100 грамм
Сүт – жарым стакан
Лимон ширеси – 1 чай кашык
Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Шабдалыны жууп, данегинен ажыратып, блендерге салып майдалайбыз.
2. Буга кумшекерди, сүттү, лимон ширесин жана тузду салып жакшылап аралаштырабыз.
3. Аралашманы муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 2 саатка салып коёбуз. 30 мүнөт сайын кашык менен аралаштырып туруу керек.

БЫШТАК ПУДИНГИ

Пудинг – англиялыктардын улуттук десерти. Анын негизин жумуртка, сүт, ун, быштак жана мөмө-жемиштер түзөт.



Керектелүүчү азыктар:

Быштак –
400 грамм
Майлуулугу жогору сүт – 2 стакан
Жумуртка – 4 даана
Карагат – 200-300 грамм
Ун – 4 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы чагып, ага кумшекерди кошуп көбүктөнгөнчө чалабыз да, быштак, сүт, унду кошуп аралаштырабыз.
2. Калыпты майлап, ага аралашма менен эзилген карагатты, кезеги менен кабаттап салып, 180 градуста ысып турган электр мешинде 40 мүнөт бышырабыз.

ПАНАКОТА

Панакота – Италия ашканасындагы белгилүү десерт. Бул азык А, С, В витаминдерине жана кальций, белокко бай.



Керектелүүчү азыктар:

Майлуулугу жогору сүт (33) –
1 стакан
Кумшекер – 4 аш кашык
Киви – 3 даана
Желатин – 10 грамм
Кооздоо үчүн жалбыз

Даярдоо ыкмасы:

1. Желатинди 3 аш кашык сууга аралаштырып, 30 мүнөткө тыныктырып коёбуз.
2. Сүткө кумшекерди салып, кайнаганга жеткирбей жай отто ысытабыз да, үстүнө желатинди кошуп аралаштырып, оттон чыгарабыз.
3. Аралашма муздаган соң десерт идиштерине бөлүштүрүп куюп, 2 саатка муздаткычка салабыз.
4. Панакотаны тарелкага салып, үстүнө киви соусун куюп, чекесин кивинин кесимдери, жалбыз менен кооздойбуз. Киви соусун жасоо үчүн ага жалбыздын 3-4 жалбырагын, кумшекер же бал кошуп блендерге эзип алуу керек.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
deva
2017-08-08 09:09:36
Охо, сонун рецепттер экен, эми жасаш эле калды
+2
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан