«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ошол эле учурда ушул акчаны кантип таап жатканы капарына да келбеди. Бул акча кызынын канча көз жашынан турганын эч ойлонбоду. Эне болуп туруп ойлоно албады.
Мурат үйдүн алдында отурган. Адаттан тышкары жүзү жаркып келе жаткан аялын, кудуңдап чоң баштыктарды көтөрүп келе жаткан Нуриляны көрүп таң кала түштү.
– Силерге эмне болду? Анчалык сүйүнүп...
– Жөн эле.
– Сен жөн сүйүнчү эмес элең?
– Жамиля акча салды. Кызың экөөбүз бир жакшылап базарладык. Мына, сага да бир футболка алдык. Кана, кийип көрсөң...
Жылдар бою жакындабаган аялы баштыктан футболканы алып чыгып, кир көйнөгүнүн бүчүлөрүн чечип, үстүнө кийгизгенге аракет кыла баштады. Мурат өзүн-өзү жек көрүп жипкирип ийди. Үстүнө өз терисин сыйрып алып кайра жаап жаткандай сезилди.
– Жолобо мага, жакындаба. Кереги жок кийимдин!- деп кыйкырып жиберди. Шарт тура калып футболканы аялынын жүзүнө ыргытты да, басып кетти.
– Ары жок, ай, кийбесең кийбе. Жакшыраак кийими жок, дагы кыйын болгонун айтайын,- мурдун чүйрүгөн Арзуу алып келген кийимдери менен алек. Нуриля да улам бирин кийип көрүп, таңдайын шакылдатып жатты.
– Апа, мен Асылдын үйүнө барып келейинчи, кийимдеримди көрсөтөйүн ичин күйгүзүп,- деп өзүнчө кыткылыктап күлүп калды Нуриля. Курбуларынын ичи тарып кийимдерин кармалап жатышканы кадимкидей көз алдына келди.
– Мейли, бирок кечке жүрүп алба,- өзүнө көйнөктөрүн өлчөп жаткан Арзуу кызына уруксат берди. Учуп-күйүп жөнөп бараткан Нуриляны көчөдөн Алибек көрүп калды.
– Нуриля, токтосоң!- деди ал өкүм. Элтейип тиктеп туруп калган кыздын үстү-башын бир карап алды.
– Жамиля акча салдыбы?
– Эмне кыласың?
– Айт деп жатам!- деди Алибек колдон ала. Коркуп кеткен кыз кетенчиктей берди.
– Коё бер колумду!
– Кайсы шаарда, эмнеге аны менден апаң жашырып жатат? Силерге кандай байланышка чыгып жатат?
– Апам эч кимге айтпа деген.
– Нуриля дейм!
– Макул, макулчу деги. Жамиля Стамбулда. Аябай бай адамдардын үйүнө жумушка кириптир. Бир жумада бир эс алат экен. Ошондо Зина эжеге барат, апама телефон чалып байланышабыз. Башка эч нерсе билбейм. Болдубу деги, эми коё берчи колумду.
Алибек чуркап бара жаткан Нурилянын артынан тиктеп турду. "Стамбул, демек, ошол шаарга барышым керек. Зина эжени тапсам, Жамиляны да табарыма шек жок. Аз калды, бир аз чыда, жаныңа барам, Жамилям” деп жатты.

ххх

– Сенин Ахмеддин акчасына тийгенге акың жок! Атасы жок болсо мен бармын? Бир тууганыңдын келечеги эмнеге сени ойлондурбайт?!- деп кыйкырып жатты Эсма ханым. Жамиля конок бөлмөгө бир нерсени унутуп кирип калган эле, аргасыз босогодо туруп калды.
– Силер мага бооруңар ачышы үчүн мен да майып болуп төрөлүшүм керек беле? Өмүр бою мени өгөй балаңардай экинчи орунга койдуңар!- деп кыйкырды Керем.
– Сени жакшы көрөбүз. Бирок сенин акчага болгон ач көздүгүң сенин түбүңө жетет. Канча болсо да сага аз. Сен эмне каалайсың жашоодо? Аялың экөөңөр эмне каалайсыңар? Айткылачы, Кудай жалгагырлар. Атүгүл ач көздүгүңөрдөн, бири-бириңди акча үчүн жеп коймокчу болгон мамилеңерден улам балалуу да боло албайсыңар. Балалуу болгула, бактылуу жашагыла, башка нерсени эмне кыласың, уулум? Ахмедге тийбе, өзүмчүлдүк кылба.
– Сен мени эч качан түшүнбөйсүң, эне. Тескерисинче, силер мени ач көз кылдыңар. Силер үчүн, акча үчүн сүйбөгөн аялга баш коштум. Силер тагдырымды талкаладыңар!- деди уулу. Ошону айтты да эшикке бурула берди. Дал эшиктин түбүндө өзүн тиктеп турган Жамиляны көрдү. Тиктеп турган көздөр анын өрттөнүп жаткан жан дүйнөсүнө суу сепкендей болду. Кайра минтип тиктеп турганына кыжырланып кетти.
– Сен кимсиң? Эмнеге тиктеп турасың? Тур жолумдан!- деди жөндөн-жөн эле кыйкырып. Жамиля коркуп кетти. Бурулуп чыга берерде күчтүү кол колунан капшыра кармаганын сезди. Кылчая берип, тиктеше түштү. Көзү күйүп туруптур. Айласыздыктан, жаны жанчылган бир белгисиздиктен өрттөнүп турган экен. Көз алдына Алибектин көздөрү тартыла түштү. Дал ушундай өрттөнүп тиктечү. Суроолуу тиктечү. Тобо, эки башка эркектин көздөрү, бирок көз карашы окшош эле. Акылына эч нерсе келбей телмирип тиктеп калды. Керем туруштук бере албай көзүн тартып кетти да, терс бурулуп чыга берди. "Хе, мени көргөндө эсиңди жогото тиктедиң го, сулуу. Демек, мендик болууңа аз убакыт калды” деди ичинен. Жамиля шалдырай аркасынан тиктеп туруп калды. "Бул үйдө дегеле соо киши жок” деп алды кыжырлана. Ахмед табиятынан жинди, айла жок. Агасы менен энеси соо туруп жинди. Эмне каалаарын өздөрү да билбейт. Акчанын көптүгүнөн өздөрү да келесоо болуп калышкан.
Чарбакка чыгып унутуп койгон нерсесин алганы кайра кирсе Эсма ханым дагы деле чекесин чүрүштүргөн боюнча отурган экен.
– Ахмедди жакшы кара. Бир нерсе болсо башың менен жооп бересиң. Мен бир нече күн жок болом,- деди өктөм. Жамиля аргасыз башын ийкеди. Энеси кеткенден кийин эле Ахмед менен жалгыз калуу ал үчүн тозок экенин билди. Баладай болуп колунан сүйрөп эле былдырай берет. Кээде түшүнүп, кээде түшүнбөйт. Эптеп жатып "энеме алып бар” деп жатканын билди. Кайдан алып бара алат? Эптеп жоошутканга аракет кылды.
– Ахмед, энең келет бир аздан кийин. Жүрү, бакка чыгып отуралы. Мен сага китеп окуп берем. Болду эми антпечи, колуңду оозуңа салба.
Ээгин эмшеңдетип ыйын токтотуп макул болуп калган Ахмедди көрүп боору ооруп кетти. Эмне кылсын, тагдыр ушундай жаратып койсо. Акырын башынан сылады. Ушуну эле күтүп тургансып тиги тизесине башын коюп жата кетти. Чачын сылап бир нерселерди кобурап жаткан Жамиля азыр ага энесиндей жакын эле. Ушу күндөн тарта Жамиля аны ушундай жол менен жоошутууну ойлоп тапты. Кыялы кармаганда тизесине башын коюп алып чачын салаалап тараса, тиги жоошуп калат. Чырдап мээсин эзбейт. Керем бир күнү ушул көрүнүштүн үстүнөн чыкты. Кызганычы мээсине тээп кетти. Жамиля башын көтөрүп өзүн тиктеп турган Керемди көрдү да, ооз учунан салам айтты.
– Силер эмне кылып жатасыңар?
– Эсма ханым кеткени абалы жакшы эмес. Мен жоошутуп...
– Демек, ханым үйдө жокпу?
– Ооба, үйдө жок.
– Канча күндө келет билесиңби?
– Билбейм.
– Кечинде үйдө кимдер калып жатат?
Жамиля көңүлүндө эч жамандык жок кимдер каларын айтып берди. Анын жайбаракат санап берип жатканын Керем башкага жооруп жатканын билбеди. "Хм, демек, алдыңкы кабатта жалгыз сен калат экенсиң, бийкеч. Бүгүнкү түн экөөбүз үчүн көпкө чейин эсте калат” деп ойлонуп жатты. Мыйыгынан жылмайып кетип бараткан экөөнү карап турду. Ал жөн гана пайдалангысы келди Жамиляны, ал тургай "пайдаланганга акым бар, эмнеге болбосун?" деп ойлоду. Кызык, адам оңой деп ойлогон нерсе ар дайым татаалдыкка айланат. Кайдагы бир мигрант кызды колдон келет кылып коймок болгону кудуреттүү адам өзү койгон кылтакка өзү илинип каларын, тагдыр бул кадамы үчүн оор сыноо алдына койгонун билген жок...

(Уландысы кийинки санда)

Айлин.Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
nurik-95
2017-08-08 09:17:32
биринчиии
0
Dilbaranurdinova
2017-08-08 09:21:20
Эххх....
0
Aidani
2017-08-08 12:07:52
Ушул сериалдын башы кайсы санда шилтеме берип койунузчу админ
+2
rozahan55
2017-08-08 12:45:07
Aidani,сериалдын астында башка сандарда деп турат
+1
Ziasuiunbekova
2017-08-08 17:48:27
Бул болгон окуябы?
0
Patriot7
2017-08-08 20:42:16
Туркиядагы кыргыз кызы дегенде эле копчулук Туркиядагы сойку кыздарды тушунот. Ошол себептуу да окууга арзыбайт деп ойлойм. Бул болгону менин пикирим.....
-7
dina
2017-08-08 23:26:36
Апеей сериал экенин билсем окубайт болчум да)))
+2
Bukaw96
2017-08-09 12:47:47
Чынында Турция да иштеп жургон кыздардын баардыгы эле жаман болуп кетпейт го дейм.менин подружкам сонун эле иштеп журот .
+4
Eliza.nurjanovna
2017-08-09 13:13:59
Жакшы турмуштук чыгарма. Бизде чет жакка чыккан кыздардын баары "бузулат"деген түшүнүк калыптанып калган да,эркектерибизде болсо башкасы бузганча мен бузуп коеюн деген түшүнүк. Канча кыйынчылыкты көрүп жатканы менен эч кимибиздин ишибиз жок
+4
Eliza.nurjanovna
2017-08-09 13:14:23
Ээээми Алибек келсе Керемдин өпкөсүн үзөт экен да
0
belka
2017-08-09 20:17:54
Ичим бышып кетти бечара кыз кантип кутулаар экен деп.
0
ainura220888
2017-08-10 22:17:13
Боюнда болуп калат окшойт.
0
Girl1996
2017-08-11 18:15:02
Kyrgyz jigitterine jakshy keneshter bar eken, eger tushunushso
+2
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан