Эсиңиздерде болсо, "Өнүгүү-Прогресс” партиясы алгач жер-жерлерде МТСтерди ачып баштаганда муну парламенттик шайлоонун алдында эле жасалып, кийин унутулчу иш катары баалаган адамдар көп болгон. Бирок Өнүгүү-Прогресс "аймактарда дыйкандардын, жөнөкөй карапайым элдин жүгүн жеңилдетчү МТСтерден 60ты ачабыз" деген убадасын толук аткарып бүттү. Жигиттик сөзгө туруу, элдин ишенимин актоо деп ушуну айтса болот!
Өткөн жумада болсо Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында жаңы 61-МТСтин ачылыш аземи болуп өттү. Башкача айтканда "Өнүгүү-Прогресс” убадасын ашыгы менен аткарууга өттү.
Партия лидери Бакыт Төрөбаев бул боюнча: "Барпыда ачылган МТС айыл чарбаны механизациялоо программасынын жаңы этабы, бүгүнкү күнгө чейин ачылган МТС менен майда дыйкан чарбаларды агрокорпорацияларга бириктирүүнү максат кылып, келечекте өлкөбүздүн аймактарында МТСтердин санын 120га жеткирүүнү ойлоп жатабыз. Айыл чарба техникасынын жардамы менен миңдеген дыйкандар пайда көрүп, ыраазычылыгын билдирүүсү биздин туура жол менен баратканыбызды далилдеп турат”, - деп билдирди. Айткан сөзүн аткарган "Өнүгүү-Прогресс” партиясы 120 МТСти ачып эл батасын аларында шек жок!