ЭКСПОРТТУ АРТТЫРУУГА САЛЫМ КОШКОН ИШКЕРЛЕР ӨКМӨТТҮН СЫЙЛЫГЫН АЛЫШТЫ

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстан ЕврАзЭС ичинде эң мыкты натыйжа көрсөттү. Өлкөнүн экспорту 30 пайызга чейин артып, мамлекетке түшкөн салыктар көбөйдү. Буга өкмөттүн туура жүргүзгөн экономикалык, чарбалык саясаты жана ишкерлердин тынымсыз эмгеги себеп болгону жашыруун эмес. Муну эске алган өкмөт ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүп, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө салым кошкон ишкерлерди сыйлады.

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛДЫ» ДЕГЕН БРЕНД ИРИ БАЗАРЛАРДЫ БАГЫНДЫРЫП ЖАТАТ

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ата мекендик экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир нече экспорттоочуларды сыйлап жатып, Кыргызстандын алдыга жылышына, экономиканын өсүп жатышына бул ишкерлердин салымы ат көтөргүс экенин айтты. Өкмөттүн сыйлыгына татыгандардын катарында экспорттук инфраструктуранын жакшырышына, тактап айтканда, лабораториялардын, чек ара бекеттеринин курулуп, жаңыланышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да бар.
Өкмөт башчысы үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 30 пайызга өскөнүн белгиледи. «2017-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 658 миллион долларга жакындап, 30 пайызга өскөн. ЕврАзЭС өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 224 миллион доллардан ашып, 29 пайыз өсүү байкалган. Үчүнчү өлкөлөргө болсо экспорт 432 миллион доллардан ашып, 30 пайызга жогорулаган. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө жана ЕврАзЭС өлкөлөрүндөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн темпинин төмөндөөсүнө карабастан биз ийгиликтүү жетишкендиктерге жетише алдык»,- деди С.Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда жасалды» деген бренд акырындык менен ири базарларды багындырып жатканын сыймыктануу менен айтып, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн тынымсыз эмгектенүү керектигин белгиледи. «Бир жыл мурун биздин ата мекендик ишкерлер башка өлкөлөргө өз продукцияларын экспорттоодо бир топ кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Бүгүн мындай көйгөй жок. Биздин дыйкандар эч кандай тоскоолдуксуз өз продукцияларын ЕврАзЭС жана Европа союзунун базарларына ташый алышат. «Кыргызстанда жасалды» деген бренд акырындык менен ири базарларды багындырууда. Ошол эле маалда сырткы рынокто биздин ата мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар дайым жаңы технологияларды колдонуп, жаңылыктарды киргизип, өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, чыгарылган продукциялардын ассортименттерин кеңейтүү менен сапатын жогорулатуу зарыл. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр. Биз диалогго жана кызматташтыкка ачыкпыз»,- деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр ошондой эле 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып «Экспортко багытталган ишканаларды жана импортту алмаштыруучуларды каржылоо-1» долбоору ишке ашып, аны менен экспортко багытталган мекемелер жалпы суммасы 3,5 миллиард сомго жакын каражатты жеңилдетилген насыя катарында алса болорун кабарлады.
Өкмөт тарабынан экспорттоого бардык шарттар түзүлүп, Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлар ЕврАзЭСтин эле эмес, Европа базарларынын жогору баасына татып, биздин сапаттуу өндүрүшкө кызыккандардын саны артууда. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Аккредитациядан өткөрүлгөн лабораториялар менен сертификациялоо органдары Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине киргизилүүдө. Ветеринардык лабораториялар ремонттолуп жана ирилештирилип жатат. Төрт фитосанитардык лаборатория ремонттон өткөрүлүп, жабдылды. Мындай шарттар ишкерлердин ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизип, ишинин илгерилишине түрткү берери шексиз.

СЫЙЛЫК ИШКЕРЛЕРГЕ ШЫК БЕРДИ

Өкмөт башчысынын колунан Кыргызстандагы алдыңкы 21 өндүрүш жетекчилери сыйланды. Булардын бардыгы ЕврАзЭСтин бирдиктүү реестрине кирген жана алардын продукциялары Евразиялык альянста эле эмес, Евробиримдик ичинде да атаандашууда. Сыйлык алган ишкерлер өкмөттүн мындай колдоосуна ыраазы болуп, аталган сый аларга дем бергенин жашырган жок.
Жыйындан кийин айрым ишкерлер менен пикир алышып, алардын ойлорун уктук. Өз турмушун ишкердик менен оңдоп, канчалаган жарандарды жумуш менен камсыз кылып, мамлекеттин казынасын толтуруп жаткан инсандар акыркы жылдары өкмөт тараптан сезилерлик колдоо болуп жатканын бир ооздон тастыкташты.

САНДАР «СҮЙЛӨСҮН»:

  • 2017-жылдын 1-кварталына чет элдик инвестициялардын түз агымы 202 миллион 700 миң долларды түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга өскөн.
  • Экономиканын өсүшү айыл чарбасында 1,2 пайыз, курулушта 4,8 пайыз, өнөр жайда 31,3 пайыз болду.
  • 2017-жылдын январь-май айларына карата импорттун көлөмү 1 миллиард 614 миллион 600 миң долларды түзүп, 10,9 пайызга жогорулаган.

АДЫЛ ЭСЕНАЛИЕВ,
курулуш компаниясынын жетекчиси:
– Мамлекетибиз ЕврАзЭСтин курманына киргенден бери уюмга мүчө өлкөлөр менен экономикалык байланыш, товарлардын жүгүртүүсү күч алды. Ал үчүн эл аралык тараптарга жооп берген өткөрмө пункттар керек экен. Биз буга чейин Токмок жана Кең-Булуң өткөрүү пунктун куруп, колдонууга берген болсок, бүгүнкү күндө Ак-Тилек жана Чалдовар өткөрүү пунктун куруп жатабыз. Бир айдын ичинде ушул эки өткөрүү пунктун колдонууга беребиз.

АРСТАНБЕК ИШЕНБАЕВ,
жеке ишкер:
– Биз чийки заттарды республиканын ар кайсы аймактарынан чогултуп келип, кайра иштетип чыгабыз. Өндүргөн товарларыбыздын 90 пайызы чет мамлекеттерге сатылат. Көбүнчө биздин кардарлар Монголия жана Кытайда. Ал эми Орусиянын 20дан ашуун шаарларына товарларыбыз жеткирилет.

АБДУКАПАР ХАЛБЕКОВ,
көмүр өндүрүүчү ишкананын жетекчиси:
– Биздин өндүргөн көмүрдү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары сатып алып пайдаланышат. Баткен облусунун бюджеттик мекемелерине да сапаттуу көмүрдү жеткирип турабыз. Мектеп, оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге жеткирип гана токтоп калбай, Тажикстанга да экспорттойбуз. Жакында өз товарларыбызды Өзбекстанга да сатканы турабыз.

КАЗИМ КАРАКЕТОВ,
жеке ишкер:
– Мен жетектеген компания жети жылдан бери Кыргызстандын балын экспорттойт. Бүгүнкү күндө биздин экспорттук тизмебизде 22 мамлекет бар.
Заман ыргагына жараша күн сайын дүйнө жүзүндө талаптар алмашып турат. Биз бул талаптарга жооп бергенди үйрөнүшүбүз керек. Мындай талаптардын жардамы менен өндүрүштүн сапаты өсөт, адистердин кесипкөйлүк даражасы да көтөрүлөт. Ал же бул техникалык регламент мен үчүн кыйын деп отуруп албай, эл аралык деңгээлге көтөрүлүшүбүз абзел. Негизи чоң кыйынчылыктарды башыңдан өткөрүп, өндүргөн продукцияңды дүйнөлүк талаптарга дал келтирип чыгара баштасаң, артыңды карагың келбей калат. Бизде шарттар жетиштүү, ишкерлер бел чечпей иштеши зарыл.

КаЙРАТ АБДУЛЛАЕВ,
жеке ишкер:
– Ишкерлер күнү-түнү тынбай иштеши гана керек. Керек болсо суткасына 18-20 саат иштегенден кайра тартпоо зарыл. Мына ошондо гана ийгиликке жетебиз. Өкмөт тарабынан колдоолорду сезип жатабыз. Калганы эми өзүбүздүн аракетибизден көз каранды болот.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан