«АВГУСТ АЙЫНЫН ОРТОСУНА ЧЕЙИН СОТТОШУУДАН АЛЫС БОЛУҢУЗ, ЖЕҢИЛИП КАЛАСЫЗ»

Астролог Жанар Кадыралиев планеталардын жайгашуусуна карата өлкөдө алдыда боло турган окуяларды айтып келет. Көпчүлүк учурда анын алдын ала айткандары болгон окуяларга дал келип жаткандыгын өзүңүздөр да байкап жатсаңыздар керек. Бул ирет август айынын 15ине чейин бизди эмнелер күтүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

«МАССАЛЫК БАШ АЛАМАНДЫКТАН САКТАНУУ ЗАРЫЛ»

– Учурда Юпитер планетасы чыңалуу абалында жайгашууда. Юпитер бизге сот системи, улуттар аралык мамилелер, башка өлкөлөр менен алакалар тууралуу кабар берет. Андыктан бул убакытта дал ушул тармактарда иш алып барууда кылдаттык талап кылынат. Соттошуу жана мыйзам менен иш алып барууда этият болуу сунушталат. Августтун 15ине чейинки аралыкта массалык баш аламандыктан сактануу зарыл. Соттун чечимдерине канааттанбаган адамдардын тобунун көбөйүүсү күтүлөт. Адамдар чогулуп алып топ-топ болуп уруш-талаштарга барышы мүмкүн. Эл көп чогулган, уруш чыккан жерлерге барбаганыңыз оң, токтоо болгонуңуз өзүңүзгө пайда. Анткени конфликт жараткан учурларда сабырдуулук көрсөтпөсөңүз, мыйзам алдында жооп берип калышыңыз ыктымал. Ал эми бул аралыкта мыйзам бузуп, соттошуу, тартип сакчылары менен байланышка баруу сиз үчүн кооптуу, жеңилип калуу ыктымалдуулугу күч.

«ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ КУРУУДА КЫЛДАТТЫК ТАЛАП КЫЛЫНАТ»

– Августтун жарымына чейин улуттар аралык жаңжалдардын келип чыгуусунан алыс болуу зарыл, улуттардын арасында да топторго бөлүнүп алып кайым айтышуулардын жүрүшү мүмкүн. Дин кызматкерлеринин арасында да түшүнбөстүктөр жаралып, пикир келишпестиктердин орун алуусу күтүлөт. Башка өлкөлөр менен алака түзүүдө этияттуулук талап кылынат, башка өлкөнүн жарандарын өлкөнүн ичиндеги соттук процесстерге аралаштырууда жаңылыштык кетирип алуу коркунучу бар. Эл аралык мамилелерди курууда да кылдаттык талап кылынат.

«АКЧА ЖАНА БИЙЛИККЕ УМТУЛУУ ЧЫР-ЧАТАКТЫН БАШАТЫ БОЛУП БЕРИШИ МҮМКҮН»

– Бул күндөр ири көлөмдөгү акча менен иштөөгө кооптуу маал. Акча жана бийликке умтулууну ооздуктай туруу максатка ылайык. Аталган жаңжалдын баары ортодогу чоң көлөмдөгү акчага жана бийликке умтулуунун айынан келип чыгат. Мындай амбицияны жашыра туруу тил табышып кетүүгө жол ачат. Бул окуялардын чыңалуусу 4-августта көбүрөөк байкалат. Ал эми жеке адамдарга келсек, ар бир адамдын өзүн мыкты сезип, башкалардын алдында өзүн алардан бийик көрсөтүп мамиле кылуусу жаңылыштык. Бул аракет ал адамдын өзүнө каршы иштеши мүмкүн. Башкалар менен конфликтке баруу сунуш кылынбайт. Андайда чөнтөгүңүзгө чоң зыян алып келишиңиз мүмкүн жана бул жагдай душмандарыңыздын санынын көбөйүшүнө алып келет. Өрт кырсыктарынын саны башка убактарга караганда көп катталат. Андыктан электр жабдыктарын колдонууда да сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан