Шайлоо-2017: ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО АЯКТАДЫ. 56 ЖАРАН АТ САЛЫШАТ

Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоо күнү 15-октябрга туш келген. Бул жарышка катышуу ниетин билдирип БШКга 59 жарандан арыз түшкөн. Бирок 3-августта жарандар Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев жана Куттубек Бешбаков шайлоого катышпай турганын маалымдашып, арыз бергендердин саны 56га түштү. 31-июлда арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктады. Буга чейин 42 талапкерди тааныштырып өткөнбүз. Алардан сырткары 10 адам өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыз тапшырган.
Алар – убактылуу жумушсуз Муканбайжан Айманбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, убактылуу жумушсуз Темиркул Өмүралиев, ишкер Акбаралы Айтикеев, коомдук ишмер Талгатбек Кожогулов, «Ридуан» ЖЧКсынын башкы директору Акылбек Мансуров, "Полот бек" коомдук фондунун президенти Полотбек Кенжекулов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов, "Бөлтүрүк" дыйкан чарбасынын башчысы Өмүрбек Бөлтүрүков, пенсионер Камил Токтобаев, укук коргоочу Роман Ремнев, «Кыргызпромтехнология» ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси Аскарбек Абышкаев, ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси Советбек Абыкулов, Кыргыз Республикасындагы пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков жана адвокат Марат Мергенов. Буларга кошумча Турат Акимовду «Чоң казат» саясий партиясынан, ал эми Канат Исаевди «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүшкөн.
Буга чейин парламент спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышуу ниетин бир нече ирет билдирген. Бирок 31-июлда маалымат жыйын берип, президенттик шайлоого чыкпай тургандыгын жар салды. “Шайлоого катышсам көп талапкерлерге кыйынчылык туудура тургандыгымды кырдаал көрсөттү. Азыркы спикерлик кызматта да туруктуулукту сактоого салым кошо аларымды эске алып, ушул кызматта калууну чечтим”,- деди спикер Турсунбеков.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан