Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун небереси Ислам апасы Гүлнора Каримованын күнөөсү жоктугун айтып чыкты. Ал 1-августта BBCге берген маегинде апасына ашыкча айыптоолор коюлуп жатканын айткан. “Башкалар жасаган кылмыштарды да апама оодарып жатышат. Аны 3-4 жылдан бери үй камагында кармап, адвокат жалдатпастан эле соттоп жатышат. Эл аралык сотко алып чыгып, 5 мүнөт болсо да апама сөз берип көрүшсүн. Мунун баары Өзбекстандын атайын кызматы тарабынан уюштурулуп жатат”,- деди Гүлнора Каримованын уулу Ислам. Өзбек бийлиги 28-июлда Гүлнора Каримова 2015-жылы берене боюнча 5 жылга эркинен ажыратылганын тастыктаган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.