АЙ ЭМНЕГЕ КӨЙНӨК КИЙБЕЙ КАЛДЫ? (жомок)

Ай эмнеге көйнөк кийбей калды?
Илгери Ай өзүнө бир кооз көйнөк тиктирмек болот.
Тикмечи анын белин, боюн өлчөп, тигүүгө отурат. Бир топ күн өткөндөн кийин тикмечи кел деген күнү Ай келет. Киейин десе көйнөк тар, анан кыска болуп калыптыр.
– Бул эмнеге мага тар болуп калды? Сен менин өлчөмүмдү албадың беле,- деп Ай ыйламсырайт.
– Мен жаңылып калганмын го,- деп тикмечи кайра тигип кирет. Ай ушунчалык көйнөк кийгиси келип чыдамы кетет. Бир топ күндөн кийин Ай көйнөгүн алганы кайра келет. Көйнөк эми чоң болуп калган экен.
– Мен дагы жаңылган турбаймынбы,- деп тикмечи кайра тиге баштайт.
Арадан бир топ күн өтүп, Ай үчүнчү жолу тикмечиге келе жатканда тикмечи караса эле Ай мурдагыдан да толуп, топтоголок болуп калыптыр, бул жолу да тиккен көйнөгүнө батчудай эмес. Айласы кеткен тикмечи качып кеткен экен. Ай аны издеп таппай коюптур. Ошентип Ай көйнөгү жок калыптыр. Балдар, силер Ай толуп, кайра ичкерип турарын байкадыңар беле?

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tatyna1703
2017-08-08 15:34:33
Ушул жомок аябай жагат,,, кичинекейимде суйуп окучумун.
0
demo009
2017-08-09 01:08:55
Айга көйнөк быча албай бычмачы болсо карыптыр
+1
Ali.na9595
2017-10-20 06:09:17
Жакшы жомок экен мурун эч укпаптырмын
0
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан