САНАМАЙ (ырдай жүр)

"САНАМАЙ"

Сөзү:
А.Кадыров
Обону: З.Сатыбалдиева

Өзүң билгин, Санабай.
Кел, ойнойбуз санамай,
Эске сактап отургун,
Эки жакты карабай.

Биринчибиз – билгир,
Бир нерсеге дилгир.
Экинчибиз – элек,
Энеси үчүн керек.

Үчүнчүбүз – үкү,
Үкүнүн жоон үнү.
Төртүнчүбүз – тоодак,
Тап жылдырбайт тоо жак.

Бешинчибиз – бермет,
Билгендерге келбет.
Алтынчыбыз – акыл
Ар бир сөзү асыл.

Жетинчибиз – желек,
Жеңиш күнгө белек.
Сегизинчибиз – сепил,
Сан иштерге кепил.

Тогузунчубуз – торгой,
Таңшый берет болбой.
Онунчубуз – оймо,
Ойлон, билбей койбо!

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан