АКШНЫН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ ЭЛЧИСИ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Шейла Гоултни дипломатиялык миссиясы аяктаганына байланыштуу жумушун тапшырат. Буга байланыштуу Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков АКШ дипломаты менен 2-августта акыркы жолугушуусун өткөрдү. Гоултни Исаковго Кыргыз мамлекетинде демократиянын өнүгүшүнө АКШ тараптан ар дайым жардам болору кошумчаланган. Ал эми Исаков эки өлкөнүн кызматташтыгы дагы да уланарын билдирген.
Айта кетсек, АКШ Кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки биринчи дипломатиялык алака орноткон өлкө. Ал эми Шейла Гоултни 2015-жылдан тарта элчилик кызматты аркалап келген. Азырынча анын ордуна кимдин элчилик кызматка келиши айтыла элек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан