КУМДАН СЕПИЛ ЖАСАЙБЫЗ

КУМДАН СЕПИЛ ЖАСАЙБЫЗ



Керектелүүчү нерселер

  • Чака
  • Күрөк
  • Башында суу чачкычы бар бөтөлкө
  • Балдарга ылайыкталган мизи жок бычак

1. Балдар, жайдын күнү көбүбүз көлгө барат эмеспизби, анда кумдан сепил жасап көрөлү. Ал үчүн алгач жер тандап алабыз. Толкун бузуп кетпеши үчүн жээктен 3-4 метр алыс кылганга аракет кылгыла.


2. Жамгыр, шамал болсо сепил тез бузулуп калат, андыктан күндүн ачык болушу шарт. Кумду ыпыр-сыпырдан тазалап алабыз да ишке киришебиз.

3. Сепилдин пайдубалын жакшылап түзүп алабыз. Бул үчүн кумду ныктап басып катуу кылып даярдап алуу керек. Болбосо сепил борпоң кумда кулап калышы мүмкүн.

4. Нымдуу кумду көп кылып ортого үйүп алабыз да, фантазиябызга жараша сепилди четинен кура баштайбыз.


5. Сепилдин мунараларын бийик тургузуу үчүн жасалган жагын бөтөлкө менен суу чачып нымдап туруу керек. Болбосо кургап түшө баштайт.


6. Даяр болгондон кийин таш, гүл, үлүлдүн үйү менен кооздоп койсок болот.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан