Ө.БАБАНОВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН АЯГЫНА ЧЕЙИН БАРАМ»

Дүйшөмбү күнү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын өткөрүп, бир топ суроолорго жооп берди. Адегенде эле президенттик шайлоонун аягына чейин барарын, "талапкерлигин алып салып, премьер-министр болуп кетет" деген кептер суу кечпей тургандыгын айтып, “корктуңбу, баштаба, баштадыңбы, коркпо” деген сөз бар” деди. Ошондой эле кара пиар жасагандарга кайрылып, “Мындайдын аягы жакшы бүтпөйт. Бирөөгө ор казсаң, өзүңө көр казасың. Менин атам кыргыз, апам түрк, Айтматовдун апасы да татар улутунан болчу. Анда Айтматов дагы кыргыз болбой калабы? Мен ата-энем менен сыймыктанам. Силер мени сындай бергиле, бирок маркум ата-энеме тийишпегиле, мен силерден өтүнөм”,- деп билдирди. Ал эми административдик ресурс боюнча Алмазбек Атамбаев андайга жол бербей, адилет шайлоо өткөрөт деп ишенерин айтты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 770, 4-10-август, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан